Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШ: Ирандын жаңы дайындалган элчиси талаш жаратууда


Хамид Абуталеби
Хамид Абуталеби

Ирандын Нью-Йоркто жайгашкан Бириккен улуттар уюмуна элчи кылып Хамид Абуталебини дайындоосу чоң талаш жаратты. Мындан отуз беш жыл мурда Тегеранда барымтага алынган америкалыктар АКШ өкмөтүн Абуталебиге виза бербөөгө чакырды.

Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси кызматына Хамид Абуталебини дайындоо жөнүндө кабар Америка Кошмо Штаттарын катуу тынчсыздандырды. Абуталеби 1979-жылы Тегерандагы АКШ элчилигин барымтага алууга шектүүлөрдүн бири деп саналат. Отуз беш жыл мурда болгон окуяда Иранда иштеген 52 америкалык 444 күнгө туткунга алынган эле.

Тажрыйбалуу дипломат жана Австралия, Бельгия, Италия жана Европа Биримдигинде элчи кызматын өтөгөн Абуталеби 1979-жылкы АКШ өкүлчүлүгүнө жасалган чабуулга катышы жок экенин жана ал учурда ал Тегеранда болбогонун айтып, ал жөн гана туткундарга котормочу болгонун билдирди.

Абуталеби "ХабарОнлайн" сайтына 14-мартта берген маегинде "Барымтачылар элчиликтин аял жана кара тектүү кызматкерлерин гуманитардык мотивдерден улам бошоткондо, басма сөз жыйынында котормочу болгонун", ал кезде жөн гана алардын материалдарын англисчеге же французчага которгонун айтты.

Ал эми Тегерандагы Кошмо Штаттардын элчилигинин мурдагы кызматкерлери Абуталеби өз маалында "Имам жолуна түшкөн мусулман студенттери" кыймылынын мүчөсү болгонун айтып чыгышты. Бул кыймыл 1979-жылы Тегерандагы АКШ элчилигине чабуул жасаганы тарыхта белгилүү.

Ага удаа, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мари Харф расмий Вашингтон шаршембиде өз тынчсыздандуусун Иран өкмөтүнө билдиргенин кабарлады.

Бул дайындоо өтө натуура болот. Биз бул маселени тыкыр карап жатабыз жана бул күтүлүп жаткан дайындоо тууралуу өзүбүздүн олуттуу тынчсыздануубузду Иран өкмөтүнө жеткирдик. Мен аны кантип ишке ашырганыбызды айтпай эле коёюн, бирок биз ага жетиштик.

Конгресстеги мыйзам чыгаруучулар жана америкалык мурдагы туткундардын айрымдары Абуталебиге Америка Кошмо Шаттарында жашоого жана иштөөгө тыюу салынсын деген талабын билдиришти.

Нью-Йорктун демократ сенатору Чак Шумер өз билдирүүсүндө "Бул кишиге дипломатиялык жараянда орун жок. Ирандын Абуталеби мырзаны дайындоо аракети туткунга түшкөн америкалыктарды жана алардын үй-бүлөлөрүн жаакка чапкандай эле болот", – деп айтылат.

Тегеранда 35 жыл мурда туткунда болгон америкалыктар өз өкмөтүн Абуталебиге АКШга кирүү визасын бербөөгө чакырды. Мурдагы туткун Берри Розен баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Бириккен улуттар уюмунда элчи болуп Абуталебинин дайындалышын "шермендечилик" деп сыпаттады.

Дагы бир мурдагы туткун, элчи Жон Лимберт "Азаттыкка" Абуталебинин талапкерлиги мурунку жараатты ырбатып, эски дартты козгогонун билдирди.

Ал Нью-Йоркко келген күндө дагы Иран Ислам Республикасынын өкүлү катары пайдасы тийбейт. Мурдагы элчилер ал кызматты аркалаган. Бирок Абуталебинин таржымалын эске алганда, аны бул жакта ким угат?

The Washington Post гезити 56 жаштагы Абуталеби АКШнын визасын бир нече айдан бери күтүп жатканын 11-мартта жазып чыккан. Бирок Кошмо Штаттардын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Мари Харф виза маселеси тууралуу эч кандай комментарий бере албайстыгын айтты.

Ал эми Иран бийликтери Абуталебинин дайындалышына байланыштуу талашка үн ката элек. Тегеран менен Вашингтон 1979-жылкы Ислам революциясынын кийин дипломатиялык алакаларын толук үзгөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG