Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Ирак: Түрмөлөрдө кыйноолор көбөйдү


"Эларалык мунапыс" уюму Ирак түрмөлөрүндө "соттун чечими жок отургандар" көптүгү айтылды
"Эларалык мунапыс" уюму Ирак түрмөлөрүндө "соттун чечими жок отургандар" көптүгү айтылды

“Эларалык мунапыс” уюму Иракта америкалык аскерлер коопсуздук үчүн көзөмөлдү жергиликтүү бийликке өткөрүп беришкенден бери түрмөлөрдө кыйноолор көбөйгөнүн билдирди. “Алар үчүн Ирактын коопсуздук күчтөрү жооптуу” деп айтылат уюмдун баяндамасында.

Amnesty International (же “Эларалык мунапыс”) уюмунун кабарына ылайык, учурда Ирактын түрмөлөрүндө 30 000 жакын адам соттун өкүмү жок эле кармалып, ур-токмокко, кыйноолорго, психологиялык жана башка кысымдарга алынууда.

Бир киши соттун эч кандай чечими жок эле 10 жылдан бери түрмөдө жатат
Аталган уюм бүгүн жарыялаган баяндамасында Ирак түрмөсүндө өлтүрүлгөн же оор кыйноолорго алынган делген бир топ адамдын ысымдарын атады.

Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору Малколм Смарт: “Ирактын түрмөлөрүндөгү азап-тозок курчуган сайын, өлкөнүн бийликтери аларды токтотуу үчүн убагында чара көрө алышпады”, - дейт.

“Бизди азыр Ирак түрмөлөрүндө соттун эч кандай өкүмү жок эле убактылуу кармалып тургандардын саны улам өсүп баратканы кыжаалатка салат. Өлкөдөн америкалык аскерлер кетиши менен андай адамдардын саны өсүп кетти, - дейт изилдөөчү. - Ошол эле учурда жергиликтүү күч органдары аларды түрдүү кыйноолорго алып жатышканы белгилүү. Биз буга эларалык коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, Иракта мыйзамдуулукту кайра калыбына келтирүүнү каалайбыз”.

Кыйноочу жашыруун абактар

Amnesty International ушул баяндамасында кыйноолордун курмандыктарынын катарында Рияд Мухаммед Салех ал-Окайбини атаган. Ал былтыр сентябрда Багдаттагы айтылуу “Жашыл зонада” кармалып, кийин баш калаадагы жашыруун түрмөгө которулган эле.

Укук коргоочу уюм билдиргендей, Окайби катуу кыйноолорго алынган. Ээги, кабыргасы сынып, ички органдары катуу жабыркаган. Улам ур-токмок улана бергендиктен, ичинен кан кетип, ал быйыл февралда түрмөдө жан берди.

Смарт билдиргендей, Окайбиникине окшогон башка да окуялар бар: “Адамдар камалганда көбүнчө жашыруун кармоочу жайларга которулушат. Алардын бир нечеси табылган, табылбай калгандары да бар. Ошолордун биринин айтымында, түрмөдөгүлөрдү тынымсыз коркутуп-үркүтүшөт, кыйнашат. Колдорун байлап көпкө асып коюшат да, темир-тезек, электр тогу бар зымдар менен ургулап, сайгылашат. Зордуктап салабыз деп коркутушат”.

Муштум менен моюнга алдыруу

Баяндамада “Ирак бийликтери кыйноолорду көбүнчө адамдарга жасаган да, жасабаган да күнөөлөрдү мойнуна алдыртыш үчүн колдонушат” деп айтылат.

Отчетто көрсөтүлгөн окуялардын айрымдары Ирактагы Күрдстан автономиясына да тиешелүү. Ал жерде да өкмөттүк аскерлер, коопсуздук күчтөрү мыйзамсыздыкка жол берип жатышканы келтирилди. Маселен, түрмөдө кармалгандардын арасында бир киши эч кандай соттун чечими жок эле 10 жылдан бери камакта жатканы, кыйноолорго алынганы айтылды.

Мына ушул өңдүү баяндамасын быйыл апрелде дагы бир уюм - Human Rights Watch – да жарыялаган эле. Ал баяндамада Багдаттагы “жашыруун түрмөдө” ирактыктар зордукталганы, электр тогу жана башка жолдор менен кыйноолорго алынганы айтылган. Ирактын парламенти былтыр жыл ортосунда түрмөлөрдөгү кыйноолорду көзкарандысыз териштирүүгө алуу зарылдыгын көтөргөнү белгилүү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG