Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Багдаддагы кандуу шаршемби


Шаршемби күнкү жардыруулардан Ирактын финансы министрлигинин жанындагы көпүрө талкаланды, Багдад, 19-август 2009-жыл
Шаршемби күнкү жардыруулардан Ирактын финансы министрлигинин жанындагы көпүрө талкаланды, Багдад, 19-август 2009-жыл

Багдаддын борборунда шаршембиде бир нече жардыруу бери дегенде 75 адамдын өмүрүн алып кетти. Кандуу теракттан 300дөй киши жарадар болду.

Кабарларга караганда, Багдаддын борборунда кеминде алты бомба жардырылып, бир нече имарат минометтон аткыланган. “Азаттыктын” Ирак кызматынын кабарчысы Саад Камел Тышкы иштер министрлигинин жанында машинага коюлган бомба жардырылып, 75 кишинин көбү дал ошол жерде мүрт кеткенин маалымдады:

- Эң катуу жана эң көп кишинин өмүрүн кыйган жардыруу тышкы иштер министрлиги жайгашкан имараттын жанында болду. Жүк ташыган чакан машина жардыргыч зат менен толтурулуптур. Жардыруудан имараттын маңдай жагы урап калды. Салхия чөлкөмүндөгү башка турак жайлар да бир топ жабыркады. Жакын жердеги машина коюучу жайда 800гө жакын машина талкаланды.

Жардыруулар болгон жерде иштеп жаткан полиция жана куткаруучулар каза болгондордун саны көбөйүшү ыктымал дешүүдө.

Эртең мененки сааттарда орун алган кол салуулардын толкуну финансы министрлигине чабуулдан башталды. Эки мүнөттөн кийин тышкы мекеменин имараты бутага алынды. Көп өтпөй катуу кайтарылган Жашыл тилке минометтон аткыланды. Дагы эки жардыруу шаардын соода борборлору – Байя жана Баб ал-Муадхам чөлкөмдөрүндө болду.

Камел Тышкы иштер министрлигинин тышында болгон үрөй учурган окуяларды мындайча сүйрөттөйт:

- 40тан ашуун адамдын сөөгүн өз көзүм менен көрдүм. Жооп кайтаруу үчүн адегенде жабыркагандарды алып чыгып кетүү керек эле. Полиция жардыруу болгон жерге элди, машиналарда күйүп жаткан сөөктөрдүн сүрөттөрүн тартып жаткан журналисттерди жолотпоо аракетин көрдү.

Бул – АКШ аскерлери Ирактын шаарларынан чегингенден берки эң ири теракттар болду. 2011-жылга карай америкалык согуштук бөлүктөр Ирактан толугу менен чыгарылат деп күтүлүүдө.

Андыктан шаршемби күнкү кол салуулар Ирактын бийлиги коопсуздукту камсыздоо вазийпасын жакшылап аткара алабы деген күмөн саноолорго жем таштады.

XS
SM
MD
LG