Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Ирак шайлоо алдында кризиске кептелди


7-мартта Ирак америкалык аскерлер 2003-жылы өлкөгө киргенден берки экинчи парламентин шайлайт
7-мартта Ирак америкалык аскерлер 2003-жылы өлкөгө киргенден берки экинчи парламентин шайлайт

Иракта 7-мартка белгиленген парламенттик шайлоого 500дөн ашуун талапкер тизмеден чыгарылгандан кийин, саясий кризис күчөдү. Аларды мурдагы президент, диктатор Саддам Хусейндин “Баас” партиясы менен байланышы бар деп тизмеден чыгарып салышкан. Азыркы саясий кризистин мааниси эмнеде жана андан чыгуунун кандай жолдору талкууланууда?

Ирактагы азыркы кризис тезинен чечилбесе, 7-мартка белгиленген шайлоо, буга чейин айтылгандай, Ирактагы биримдикке алып келбейт дешет. Мунун өзү америкалык аскерлердин быйыл Ирактан чыгарылышына тоскоол болоору анык. Кризиске себеп болгон жагдайлардын негизгиси катары шайлоо тизмесинен чыгарылган 500дөн ашуун талапкердин жарымынан көбү суннилер болгону айтылган болчу. Бирок кийинчерээк бул “кара тизмеге” суннилер менен шийилер дээрлик бирдей эле киргизилгени аныкталды. Бирок алардын баарында бир окшоштук бар – алар Саддам Хусейндин “Баас” партиясы менен байланышы болгон дешет.

Тизмеден чыгарылгандардын ичинде эң эле белгилүү саясатчы – Салех Ал Мутлак. Ал “Баастан” 1977-жылы эле чыгып кеткен. Ошондон бери парламентте депутат болуп келди. Жаңы конституцияны түзгөнгө катышты. 2005-жылы суннилердин көбү шайлоого катышпай коюшканда, ал өзүнүн тарапкерлерин баары бир добуш бергенге үндөп, “Улуттук диалог үчүн фронт” деген кыймылы аркылуу парламенттен 11 мандат алганга жетишкен. Суннилер арасында ал аябай популярдуу деп эсептелинет.

Бирок “Эркин Ирак” радиосунун баяндамачысы Фарис Омардын айтымында, тизмеден чыгарылгандарды башка бир себеп да бириктирип турат.

“Азыр айрым саясатчылардын айтымында, тизмеден чыгарылгандардын дээрлик баары секулярдык маанайдагы саясатчылар экен. “Баас” партиясына каршы көз-карашы менен белгилүү Ирак Улуттук партиясынын лидери Митхал Ал Алуси “кара тизмедегилердин” бирөө да шийилердикиби, суннилердикиби, айтор, бир да диний партияга мүчө эмес экенин айтты. Бул өңдүү билдирүүлөрдөн кийин, суннилерди эмес, жалпы эле динден алыс саясатчыларды шайлоого жакындаттырбоо аракети көрүлүп жатканы тууралуу ой жаралат. Мунун өзү шайлоодо диний партияларда жеңишке шансы көбүрөөк дегенди билдирет”, - дейт Омар.

Ирактагы саясий кризистин тезирээк чечилишине Вашингтон кызыкдар экенин билдирип келатат. Анткени саясий туруксуздук улана берсе, буга чейин пландалгандай, америкалык аскерлерди жыл этегине чейин Ирактан чыгарып кетүү планы ишке ашпай калышы ыктымал.

Ошондуктан өткөн дем алыш күндөрү АКШнын вице-президенти Жо Байден Багдатка барып, өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүлөрдү өткөрдү. Ал Ирак жетекчилигине “Баастын” мурдагы колдоочуларын бийликке аралашуудан обочодо кармоо саясатын шайлоо өткөнгө чейин токтото турууну сунуш кылган деп айтылды. Бул сунушту Ирак жетекчилиги эске алдыбы?

“Азырынча ал сунуш эске алынганын айгинилеген эч кандай аракет көрүлө элек, - дейт “Эркин Ирак” радиосунун саясий баяндамачысы Фарис Омар. - Жалал Талабани мамлекеттин башчысы катары кризистин чечилишине кызыкдар болгону менен, “Баасты” колдогондорду саясатка жолотпоону шайлоо өткөнгө чейин токтото турсак, анда алар парламентке өтүп алышат да, депутаттык кол тийбестик укугуна ээ болуп калышат деген. Азырынча Байдендин сунушун эч ким ачык колдой элек. Демек, маселени чечүүдө башка жолдор каралып жатса керек”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG