Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

ОшМУ авиакырсыкта жабыркагандарга 150 миң сом бөлдү


ОшМУнун имараты.
ОшМУнун имараты.

Ош мамлекеттик университети авиакырсыкта жабыркагандарга 150 миң которду. Ректордун тарбиялык иштер боюнча орунбасары Замир Бөжөнов билдиргендей, каражат окуу жайда иштеген кызматкерлердин айлыгынын бир күндүк эсебинен чогулду.

Ош шаардык мэриясы бүгүн жыйын өткөрүп, калаадагы мекеме-ишканаларга бир күндүк эмгек акыны набыт кеткендердин жакындарына берүүнү сунуштады. Шаар бийлиги бул үчүн атайын эсеп ачылганын да маалымдады.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү да ушундай чечим кабыл алды.

Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда танга жуук Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Көз жумгандардын төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы Дача-Суу айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Учак аталган кыштактагы жыйырмадан ашуун турак-жайды кыйраткан.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конордо кырсыкка кабылганы кабарланды. (YI)

XS
SM
MD
LG