Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Иракта шайлоосу кечеңдечүдөй


Вице-президент Тарек Али Хашеми бул ирет да мыйзамга вето салат окшойт

Вице-президент Тарек Али Хашеми бул ирет да мыйзамга вето салат окшойт

Иракта келерки жылдын январына белгиленген парламенттик шайлоо андан кийинки айга жылдырылып калышы мүмкүн. Расмий Вашингтон мындай пикирди расмий Багдад шайлоого чегерилген мөөнөттү өткөрүп жибергенден кийин айтып чыкты.

Кошмо Штаттардын тышкы иштер министри Хиллари Клинтон Ирактагы парламенттик шайлоо январдан кийин өтүп калышы мүмкүн экенин билдирди. Буга Иракта шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча мунаса дале табылбай жатканы себеп экенин айтты. Бирок Клинтон айым шайлоо качан өтүшү мүмкүн экенин кыйыткан жок.

Ирактын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Фараж Ал Хайдари дүйшөмбүдө “добуш берүү февралга жылдырылышы ыктымалдыгын” айткан. Бирок өлкөнүн Конституциясына ылайык, шайлоо январдын этегине чейин өтүшү зарыл.

Балким, бул жолку шайлоо бир аз кечиктирилсе да, Конституцияны өзгөртпөй туруп эле, аны январдан кийин өткөрүү мүмкүндүгү да талкууланышы ажеп эмес. Анткени Баш мыйзамды өзгөртүү процесси шайлоо боюнча мыйзамдын үстүнөн жүргөн талкуудан да узак жана татаал болуп кетиши турган иш.

Азырга чейин уланып келаткан талаш-тартыштар сунни вице-президентинин шийилерге жана күрддөр басымдуулук кылган парламентке каршы добуш берүү укугуна коркунуч келтирет дешет.

Мыйзам ушул айдын башында сунуш этилген. Бирок вице-президент Тарек Ал Хашеми ага ылайык Ирактан сыртта жүргөн жарандар добуш бере алышпайт экен, деп ага вето салып койгон.

Учурда 2 миллиондой ирактык жаран сыртта жашайт. Алар негизинен Иорданияда жана Сирияда турушат. Көпчүлүгү буга чейин бийликте турган суннилерден болот.

Ал Хашеминин ветосуна карабай, 23-ноябрда өлкөнүн парламенти вице-президент киргизген өзгөртүүлөрдү эске албай эле, жаңы мыйзамды жактырды.

Парламент бул ирет да вице-президент мыйзамга вето салчудай деңгээлдеги кадамдарга барды. Мисалы, күрддөрдүн талабына ылайык, калктын саны боюнча соода министрлигинин 2005-жылкы эсебинин негизинде парламенттен орун бөлүштүрүү зарылдыгына макул болду.

Суннилер болсо 2005-жылкы эмес, 2009-жылкы эсепти колдонуш зарылдыгын, анткени эски маалыматтын негизинде Иракта күрддөр жайгашкан үч башка жарым-автономиялуу облустарга өтө эле көп бийлик берилээрин айтышкан. Ал эми суннилер отурукташкан Мосул жана Салахуддин аймактарына парламенттен аз орун берилип калат дешкен.

Орундарды бөлүштүрүү иши жалпы эле парламенттеги орундарды буга чейинки 275тен 320га көбөйтүү жараянынын алкагында өтүп жатат.

Дүйшөмбүдө шайлоо жөнүндөгү мыйзам парламентте талкууланып, жактырылганда суннилердин тобу нааразылык билдиришкен.

Вице-президент Ал Хашеми болсо азырынча жаңы мыйзам долбооруна кайра вето-салар-салбасын бышыктай элек. Бирок ал мыйзамды ушул турушунда дээрлик кабыл алгыс деп сыпаттады жана “анын кесепети жалпы саясий кырдаалга опурталдуу болоорун” айтты.

Ал Хашеми мыйзамга бул ирет да вето салып койгонго укугу бар. Бирок ал экинчи жана акыркы ирет гана андай кыла алат. Андан ары парламентте эки гана жол калат: парламенттин бештен үч бөлүгү мыйзамды баары бир коргосо, ветону жокко чыгарышы мүмкүн, же акыркы сөз үчүн үч адамдан турган президенттик кеңешке жиберилет. Ал кеңеште сунни Ал Хашеминин өзүнөн сырткары, президент Жалал Талабани (күрд) жана шийи Адел Абдел Мехди бар.

Бирок азырынча парламенттеги шийилер менен күрддөр мыйзамды азыркы турушунда сактап калыш үчүн бештен үч бөлүктү колго алабыз деген ишенимде турушат.

Канткен менен Вашингтон азыр талаш тезирээк чечилип, алдыдагы шайлоо Багдад үчүн жикчилерге каршы күрөштү өз колуна алууга укугун кеңейтет го деп турат. Добуш берүү жаңыдан эле түзүлгөн Ирак өкмөтүнө акырындап коопсуздукту камсыз кылуу вазыйпасын америкалыктардан өз колуна алууга жол ачууга багытталганы айтылууда. Америкалык аскерлер Ирактан келерки жылдын августуна чейин чыгып кетиши керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG