Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Оппозиция референдумга каршы курултай өткөрүү маселесин талкуулап жатат


“Референдумга жол жок” кыймылы 8-октябрда Конституцияны өзгөртүүгө каршы курултай уюштурат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында оппозиция өткөрүп жаткан жыйында айтылды. Ага чейин референдумга каршы кол топтолуп, алгачкы жыйынтыгы курултайда жарыяланат. Кол топтоо өнөктүгүн эл аралап жүргүзүү пландалууда.

Бүгүнкү жыйынга Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Замира Сыдыкова, Кадыр Кошалиев, Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов сыяктуу саясатчылар жана активисттер катышып жатышат.

Быйыл 13-сентябрда түзүлгөн “Референдумга жол жок!” кыймылы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтолорун маалымдаган.

Кыймыл тараткан кайрылууда бийлик Конституцияны өзгөртүү учүн бардык укуктук талаптарды одоно бузуп жатканы, өзгөртүүлөр мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келери айтылып, жарандарды бул акцияга катышууга чакырык ташталган.

Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңеште жактырылган. Референдумду 4-декабрда өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору бүгүн парламентте каттоого алынды. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG