Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Иракта сунни согушкерлери жаңы шаарларды ээлешти


Ирак -- Өкмөттүк күчтөр сунни согушкерлери менен атышып жатат. Удаим шаарынын чет жакасы, 22-июль, 2014.
Ирак -- Өкмөттүк күчтөр сунни согушкерлери менен атышып жатат. Удаим шаарынын чет жакасы, 22-июль, 2014.

Сунни согушкерлери Ирактын түндүгүндөгү жана батышындагы чоң аймакты басып алышты. Ошондой эле Сирия жана Иордания менен чек арадагы стратагиялык жактан маанилүү үч өтмөктү ээлешти.

23-июнда АКШ Мамкатчысы Жон Керри Иркка келди. Вашингтондун маалымдашынча, ал Багдаддан өлкөдөгү бардык күчтөрдү камтыган өкмөт түзүүсүн талап кылат, бирок Нури Маликини премьер-министрликтен кетүүгө чакырбайт. Ирак өкмөтү АКШ, Евробиримдик жана БУУга кайрылып, чукул чара кабыл алууга, согушкерлердин базаларына абадан сокку уруп жардамдашуусун суранууда.

Ирак өкмөтү өлкө күнкорсуздугуна коркунуч туудурган оор мезгилди баштан кечирүүдө. 22-июнда сунни согушкерлери Евфрат дарыясынын боюндагы Хадита шаарына кирди. Анбар провинциясындагы бул шаарда Ирактагы экинчи чоң гидроэлектростанция жайгашкан. Электростанцияны коргогон аскерлер туткунга алынганы кабарланды.

“Ирак жана Левант Ислам мамлекети” кыймылынын жоокерлери өлкө батышындагы Иорданияга барчу жолдогу Рутба шаарын да ээлешти. Сирияга кетчү жолдогу Рава, Ана, ал-Кайм шаарлары да алардын ээлигинде. Ал-Кайм аркылуу кан жол жана темир жол өтөт. Согушкерлер Тал-Афар шаарын жана аэропортун да көзөмөлдөөдө. Бул аэропорттун стратегиялык мааниси абдан чоң. Ирак армиясы Тал-Афар аэропорту жок Мосул шаарындагы эрегишчилерге каршы чабуулду баштай албайт.

Ырасмий Багдаддын ырасташынча, аскерлер береги шаарлардан “тактикалык жүйөдөн улам” чыгарылып кеткен. Эрегишчилер ошентип эки жума мурда башталган чабуулдун негизинде Евфрат дарыясынын боюндагы маанилүү стратегиялык жолду көзөмөлдөөгө жетишти.

“Ирак жана Левант Ислам мамлекети” башындагы сунни козголоңчуларынын айтымында, алар премьер-министр Нури Маликинин “кеп жебеген” өкмөтүнөн көңүлү калып бүткөн жана ага ишенишпейт. Алар эми шиит калктуу Карбала жана Нажаф шаарларына кетчү жолдорду буушу ыктымал.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри 22-июнда Каирдеги сапары маалында Ирактагы кырдаалга байланыштуу сүйлөп, өлкөдөгү абал үчүн Вашингтон күнөөлүү деген айыптоолорду четке какты. Анын айтымында, Ирактын эгемендигине коркунуч туудурган жагдай үчүн суннилер жетектеген "Ирак жана Левант Ислам мамлекети" кыймылы жооптуу:

- "Ирак жана Левант Ислам мамлекетинин" идеологиясы зулумчулук жана репрессия. Ал Иракка жана бүтүндөй регионго коркунуч жаратууда. Бул катаал мезгилде биз баарыбыз Ирак жетекчилигин жикчиликтен өйдө болууга жана жалпы элди бириктирип, алардын зарылдыгын канааттандырчу жана талабын сүйлөчү өкмөттү түзүүгө үндөөбүз керек.

Нури Малики башындагы Ирак өкмөтүндө өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шииттер үстөмдүк кылат. Ал эми сунни мусулмандары өздөрүн саясый турмуштан сүрүлүп калдык, кызыкчылыктарыбыз менен эсептешпейт деп санашат.

XS
SM
MD
LG