Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

"Ал-Каиданын" Ирактагы үмөттөрү халифат түздү


"Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекетинин" желдеттери.
"Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекетинин" желдеттери.

"Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекети" кыймылы өз кол алдындагы аймактарда “Ислам халифатын” түзүшкөнүн жарыя кылды. “Ал-Каида” менен байланыштагы жихадчыл бул топ Ирактын жана Сириянын айрым бөлүгүн басып алган. Ирактын өкмөттүк күчтөрү өлкө түндүгүндөгү Тикрит шаарында контрчабуулга өтүшүп, Тикрит университетинин аймагын согушчандардан тазалашты. Шаар 11-июндан бери экстремистчил топтун ээлигинде болчу.

Ислам халифатын түзүү жөнүндөгү чечим "Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекетинин" масилээт кеңешинде кабыл алынды. Бул жөнүндө экстремисттик уюм 29-июнда жарыялады. Чечимге ылайык, террорчул уюм мурдагы аталышын өзгөрттү жана мындан ары “Ислам мамлекети” деп аталып, Ибрагим Авад Ибрагим ал-Бадри ал-Хусейни дүйнөдөгү мусулмандардын көсөмү же халиф болот. Ал негизинен Абу Бакр ал-Багдади деген ысым менен белгилүү.

“Ал-Каиданын” идеологиясын бөлүшкөн суннилер башындагы экстремисттик уюм Жер ортолук деңизинен боюнан Перс булуңуна чейинки аймакта орто кылымдардагы халифатты калыбына келтирүүнү көздөйт. Анын желдеттери өткөн айда Ирактын экинчи чоң шаары Мосулду, ошондой эле өлкө батышында жана түндүгүндө чоң аймакты басып алган. Алар Сириянын Иракка чектеш түндүгү менен чыгышындагы айрым жерлерди да контролдошууда.

Халифаттын жарыяланышы Сауд Арабиясын кыжаалатка салары шексиз. Падышалык бийлик 2006-жылы гана өлкөдөгү “ал-каидачыларды” таш-талкан кылган. Саудия жана башка Перс булуңундагы өлкөлөр “ал-Каиданы” региондогу стабилдүүлүктүн коркунучу катары көрүшөт.

Кээ бир маалыматтар боюнча, "Ирактагы жана Леванттагы Ислам мамлекетинин" Иракта жана Сирияда болуп, 10-12 миңдей колу бар. Уюмдун лидери ал-Багдадини 2011-жылы АКШ террорчулардын тизмесине киргизген жана анын башы үчүн 10 млн. доллар убада кылган. Уюм канкорлугу менен маалым. Алар өткөн аптанын аягында эле атаандаш топтун сегиз мүчөсүн азапка салып өлтүрүшкөн. Бардыгы быйыл Сирияда 7 миңдей адамды ушундай жол менен тындым кылышкан.

Шимиттердин Керабла шаарын сунни согушчандарынан коргогон "ал-Аббас" бригадасынын жоокерлери. 26-июнь, 2014.
Шимиттердин Керабла шаарын сунни согушчандарынан коргогон "ал-Аббас" бригадасынын жоокерлери. 26-июнь, 2014.

Ислам мамлекети түзүлгөнү тууралуу жарыя Ирак армиясы түндүктөгү Тикрит шаарын суннилер башындагы жихадчылардан тазалоо үчүн контрчабуулду баштаган тушта жасалды. 29-июнда тик учарлар Тикриттин түрдүү бөлүгүндөгү козголоңчулардын өңүттөрүнө сокку урду. Шаардын ныптасындагы Тикрит университетинин аймагы согушчандардан бошотулду.

Армиянын өкүлү, генерал-майор Касем Аттанын маалымдашынча:

-...Азыр Тикрит университети толук биздин колубузда. Университеттин имараттары 80 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Коопсуздук планы кылдат аткарылып, бардык имараттар тазаланды. Кошумча аскерлер жөнөнтүлдү. Университеттин төбөсүндө Ирактын желеги желбирөөдө.

Генерал Атта түндүктөгү Киркук жана Мосул шаарлары, батыштагы Анбар провинциясы жана Багдаддын тегерегинде согуш жүрүп жатканын да билдирди.

Бир-эки күн арасында Ирак аскерлерин авиациянын абадан колдоосу дагы күчөйт. Жекшемби күнү Ирак өкмөтү Орусиядан алгачкы беш даана “Су-30” штурмовигин алышты. Мурда пайдаланылган согуштук учактар үчүн 500 миллион доллар төлөнгөн. Акыркы күндөрү Ирак армиясына АКШнын пилотсуз чалгынчы учактары да көмөктөшүүдө. Бирок Вашингтон премьер-министр Нури Малики суранганына карбай аскерий учактарды бербей жатат. Конгресс учактар карапайым суннилер менен саясый дымагы бар улутчул козголоңчуларга каршы колдонулушу ыктымал деп кооптонот.

Ирактын бүтүндүгү коркунуч астында турганда Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Жакынкы Чыгыштагы сунни согушчандарына каршы байистүү күчтөрдү бириктирүү үчүн төбөлсүз күрт мамлекетин түзүүгө үндөдү:

- Биз эл аралык коомчулуктун Иорданияны кубаттандыруу аракетин жана күрттөрдүн эгемен болуу ыкласын колдошубуз керек.

Ирак Күртстанынын президенти Масуд Барзани бир-эки күн илгери “Си-Ен-Ен” телеканалына берген интервьюда “күрттөр үчүн өз келечегин анкытоочу мезгил келди” деген. Бирок эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ жана Түркия Ирактын бөлүнүүсүнө каршы.

XS
SM
MD
LG