Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Гейтс араптар менен күддөрдү жараштыра алабы?


Гейтс бул ирет ага жүктөлгөн "ортомчулук миссиясына" даяр экенин көрсөтүүдө
Гейтс бул ирет ага жүктөлгөн "ортомчулук миссиясына" даяр экенин көрсөтүүдө

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс Иракка келди. Ал өлкөдө коопсуздукту камсыздап, стабилдүүлүктү орнотуу үчүн эмне кылыш керектигин Багдаттагы жана күрд автономиясындагы жетекчилер менен талкуулайт.

Роберт Гейтс бу жолу Иракка чейин Израилде жана Иорданда болду. Бирок министр Жакынкы Чыгышка сапарынын алкагында Иракка да келээри алдын ала айтылган эмес эле.

Эки күндүн ичинде ал Ирактын өкмөтүнүн башчысы Нури Ал Малики жана Коргоо министри Абдел Кадер Яассим менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдө негизинен коопсуздук маселеси талкууга алынат дешет. Атап айтканда, Иракка курал-жарак сатуу маселеси талкууланат.

Вашингтон 2011-жылы америкалык аскерлер өлкөдөн толук чыгып кетишкенден кийин, ирактык аскерлер өздөрүндөгү тынчтыкты коргоп кала алгыдай деңгээлге жетишине толук ишенгиси келээрин билдирген.

Ирактан толук чыгып кетүүнүн баштапкы этабы катары өткөн айдын этегинде америкалык аскерлер жумурияттын ири шаарларынан чет жактарга кетишкен эле.

Ирактыктар Американын Ф-16 аткыч учактарына кызыгып калышкан. Эгер алар буга ээ болушса, өздөрүнүн аскерлерине да абадан колдоо көрсөтүп, чек-арасын коргогонго да дурус жардам болмок. Бу маселе да Гейтстин ушу күндөрдөгү сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлөт дешти.

Багдаттагы жетекчилик 2020-жылга чейин жанагындай учактардан 96ны алып калууну каалайт. АКШ толук Ирактан чыгып кеткенге чейин өлкөгө 9 млрд.долларга бааланчудай курал-жарак сата турганы айтылган. Бу ошого ылайык келчүдөй сандагы учактар экен. Учак эле эмес, анын ичине танктар, куралдуу тик учактар жана башка оор куралдар кирет.

Роберт Гейт бул ирет Ирактын коопсуздукту коргоо мүмкүчүлүгүн камсыздоо боюнча эле сүйлөшүп тим болбойт. Ал өлкөнүн түндүгүндөгү Күрд автономиясына да барып, абалды жөнгөрүш үчүн жаалданган күрд жетекчилиги менен араптар башында турган Багдаттагы жетекчиликти мунасага чакырмай болуп турат.

Бул эки тараптын мунайдын жана жердин айынан чыккан араздашуулары - соңку мезгилдерде Вашингтонду камтама кылган маселелерден.

Күрддөр мунайга бай Киркук шаарын өздөрүнүн мекени деп эсетешет. Бирок Киркуктагы араптар менен түркмөндөр буга көнө турган түрү жок. Ортодогу араздашуулар акыркы айларда күчөгөн эле.

Өкмөт күрддөр отурукташкан аймактагы ирактык армиянын курамынан күрддөрдү бөлүп, башка жерлерге жөнөтүп, алардын оордуларына башка улуттагыларды алып келишин күрд жетекчилиги жактырган жок. Муну алар аймактагы күчтөрдүн тең-салмактуулугун бузууга жасалган далалат деп сыпатташты.

Ошентип, азыр Гейтске Ирактагы негизги эки улут – араптар менен күрддөр – ортосунда ынтымакты сактап калуу миссиясы жүктөлгөндөй. Бул – АКШ үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени өлкөнүн өзүндөгү улуттар бири-бири менен тытышпай, жайчылык жашоодо жашап калышса гана америкалык аскерлер Ирактан буга чейин айтылган мезгилде чыгып кете алышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG