Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Иракта ИМ тобунун бомбаканасы талкаланды


Ирак аскерлеринин Рамади шаарынын жанындагы туруму. 1-июнь, 2015-жыл.

Ирак аскерлеринин Рамади шаарынын жанындагы туруму. 1-июнь, 2015-жыл.

Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобунун эң ири бомбаканасы талкаланды. Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, жихадчылардын бомба жасоочу жайлары АКШ баштаган коалициянын аба соккулары аркылуу жок кылынды. Мунун алдында эл аралык коалициянын Париждеги жыйынында Ирактын премьери согушкерлерди сүрүү үчүн өкмөтүнө аскер жардамды жана колдоону көбөйтүүгө чакырган эле.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун борбор Багдаддан 225 чакырымдай түндүктөгү таянычтарынын бири, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Хавижа шаарчасындагы бомбаканалары АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынын натыйжасында жер менен жексен болуп калганын аймактык бийликтер ырасташты. Аба соккулардан кийинки жарылуулар ушунчалык катуу болгондуктан добушу 55 чакырым алыстыктагы Киркук шаарында да угулган.

Ирак армиясынын полковниктеринин бири “Франс Пресс” агенттиги менен маегинде белгилегендей, аба соккусу жасалган жайлар ИМ тобунун Сирия менен Ирактан бомба жасоочу фабрикаларынын эң ириси эле. Ал жерде жардыруучу заттардын ири кору, брондуу аскерий унаалар, танктар да топтоштурулган болчу.

Акыркы кездери “Ислам мамлекети” тобу аскерий тактикасынын борбордук бөлүгү катары чабуул жасоодо бомба коюлган унааларды, айрым учурларда жардыруучу зат шыкалган жүк ташуучу унааларды колдонууга өткөнү маалым. Маселен 17-апрелде Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын ээлөөдө жихадчылар мына ушундай ыкмага барып, жанкечти айдаган унаалардан жардырууларын уюштурушкан.

Киркук провинциясынын коопсуздук комитетинин төрага орун басары Мохаммад Халил ал-Жубуринин айтымында, Хавижадагы аба соккулардан ИМ тобунун көп сандагы согушкерлери менен катар жөн-жай тургундар да мерт болгон. Бирок так саны белгисиз. Катардагы “Ал-Жазира” телеканалынын маалыматына караганда, Хавижадагы жайларды бутага алууда ондогон кишинин өмүрү кыйылды.

2-3-июнь ортосундагы 24 сааттын ичинде Ирак менен Сирияда алар сокку урган жайлардын ичинде бомбакана да бар болгонун ырастады. Бирок операциянын башка чоо-жайын чечмелеген жок.

Акыркы аба соккулары алдында, ушул аптада ИМ тобуна каршы коалицияга кирген 20 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Парижде атайын жыйынга чогулушкан эле. Анда Ирактын премьери Хайдар ал-Абади Рамади шаарын согушкерлерден кайтарып алуу планы менен тааныштырып, бирок ошол эле учурда жихадчылардын катарында чет элдиктердин саны мурдагыдан көбөйгөнүн, Ирак армиясында курал тартыштыгын, коалиция абадан да, кургактан да жетиштүү жардам көргөзбөй жатканын айткан:

- Силер билгендей, “Ислам мамлекети” тобу Иракта жаралган эмес. Сирияда Ирактагы кырдаал менен такыр байланышпаган окуялардан улам өсүп-өндү. Алар колдоону сырттан алууда. Биз “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүү үчүн өзүбүздү садага чаба алабыз. Бирок мен буга чейин да айткандай, эл аралык коомчулук, эл аралык коалиция бизди колдошу керек, биз “Ислам мамлекети” тобун талкалашыбыз керек. Ал Ирак үчүн эле эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн коркунучтуу.

Эл аралык коалиция ИМ тобуна каршы аба соккуларын жасай баштаганына тогуз айдын жүзү болду. АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкен кечээ француздардын “Интер” радиосу менен маегинде белгилегендей, алардын эсебинде аба соккулары башталгандан бери 10 миңдей согушкер жок кылынды.

АКШ тарап башында эле ИМ тобун жеңүү үчүн убакыт керектигин айтканын эске салып, үч жылга эсептелген пландын тогуз айынын жыйынтыктарын оң баалаган Блинкен коалициянын Париждеги отурумунан кийин буларга токтолгон болчу:

- Биздин Иракта коалициянын аба соккуларын, машыктырууну, жабдууну, жардам көрсөтүүнү жана жергиликтүү өнөктөштөр эффективдүү болушун камтыган стратегиябыз туура. Бирок бул стратегия эки тарап бирдей катышкан шартта гана жеңишке алып барат. Коалиция куралгандан бери биз реалдуу жетишкендиктерди камсыздадык. "Ислам мамлекети” тобу Иракта көзөмөлдөгөн аймактар мурдагыдан 25% кыскарды. Бирок ошол эле учурда биз ИМ тобу туруктуу, мыкаачы жана демилгени колго алууга жөндөмдүү бойдон калып жатканын моюндайбыз. Биз буга чейинки каталарыбыздан сабак алып, аракеттенишибиз керек.

4-июнда “Ислам мамлекети” тобу Анбар провинциясынын өкмөт көзөмөлдөгөн бөлүктөрүнө Эфрат дарыясынан суу берүүнү азайтып койгону кабарланды. Анбардын борбору Рамадини кайра алуу алдыда Ирактын күчтөрү үчүн чоң сыноо болчудай.

Бул аралыкта Улуттар уюму Ирактагы гуманитардык кризисти жөнгөрүү үчүн чукул 497 миллион доллар топтоого чакырды.

БУУнун Ирак боюнча гуманитардык координатору Лиз Гранддын айтымында, бул акча алдыдагы жарым жылда үй-жайынан безген же кыянатчылыктардан запкы тарткан 5,6 миллион адамды утурумдук турак, тамак-аш, суу, дары-дармек менен камсыздоо үчүн керек. Былтыртан бери Иракта уруштардан улам 3 миллиондой киши үй-жайын таштоого аргасыз болгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG