Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ИМге каршы коалиция Иракка колдоо көрсөтөт


"Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы коалициянын Париждеги кеңешмеси. 2-июнь, 2015-жыл.
"Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы коалициянын Париждеги кеңешмеси. 2-июнь, 2015-жыл.

Ирак өкмөтүнүн Рамади шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан кайра алуу планы Париждеги жыйындын негизги маселеси болду. Анын соңунда “Ислам мамлекети” тобуна каршы түзүлгөн эл аралык коалиция Иракка "чечкиндүү колдоо" убада кылды.

Эл аралык коалициянын Париждеги жыйынын утурлай жихадчылар 1-июнда өкмөттүк аскерлер контрчабуулга даярданып жаткан Анбар провинциясында жанкечтилердин жардыруусун уюштуруу менен полицейлерди жана шиит согушкерлерин кошкондо 41 адамды өлтүрүп, 60тайы жаракат алды. Аскерий унааларды айдаган үч жанкечти полиция базасына бир учурда чабуул коюшкан.

“Ислам мамлекети” радикал тобу Ирактын сунниттер үстөмдүк кылган эң ири провинциясы - Анбарда турумун өткөн айда анын борбору Рамадини ээлегенден бери бекемдеп жатат.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү жана алар жардамга чакырган шиит кошуундары Рамадини алуу үчүн ошондон бери эле контрчабуулга даярданганы менен азырынча негизги операцияны баштай элек.

Андыктан Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади Париждеги жыйынга анын өкмөтү Рамадини кантип кайра алууну көздөп жатканын жана коалициядан кандай жардам керектигин айтуу үчүн келди.

Хайдар ал-Абади (ортодо).
Хайдар ал-Абади (ортодо).

Бүгүнкү сөзүндө ал коалиция “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жеңүү үчүн абадан да, жерден да жетиштүү иш жасабаганына токтолду. Ирак премьеринин пикиринде, согушкерлердин кыймылы боюнча абадан чалгын жетиштүү жүргүзүлбөсө, кургактагы операциялар үчүн да колдоо болбой жатат.

Ирак өкмөт башчысы белгилегендей, чет элдик согушкерлердин чек аралардан Иракты көздөй кириши басаңдаган жок. Ал-Абадинин айтымында, бир жыл мурун бул радикал топтун курамынын 60% ирактыктар болсо, азыр жарымынан көбүн чет элдиктер түзөт.

Рамади “Ислам мамлекети” тобунун колуна өтүп кеткенден кийин жакында АКШнын коргоо министри Эштон Картер Ирактын армиясын жана коопсуздук күчтөрүн согушкерлер менен күрөштө эркин көрсөтө албай жатканы үчүн сындалган эле.

Эштон Картер кечээ Вьетнамда жүргөн жеринен курган маегинде да ушул эле ойду кайталады:

- Аскерий жагын алганда мен өз кызматкерлеримден Ирактын күчтөрүнө жардамыбызды кантип көбөйтө аларыбызды карап көрүүнү сурандым. Бирок бул жердеги чечүүчү нерсе башка. Биз “Ислам мамлекети” тобун жеңе алабыз, бирок аларды жеңилген бойдон кармай албайбыз. Муну ошол аймакта жашаган адамдар жана Ирак өзү гана жасай алат. Биз Ирактын күчтөрүн машыктыра алабыз, жабдый алабыз, биз бул ишти күчөтүп, жакшырта алабыз. Бирок биз оккупацияны жана кургактан көп сандагы аскерлерди алып келүүнү көздөгөн жокпуз.

Париждеги кеңешмеге жыйырма өлкөнүн тышкы иштер министрлери чогулду. Бирок арасында Орусия, Иран жана Сириянын өкүлдөрү болгон жок. Иракта азыр “Ислам мамлекети” тобуна каршы урушка Иран колдогон шиит кошуундары да тартылган. Алар Тикрит шаарын алууда чечүүчү роль ойногон эле.

Жыйында Ирак өкмөтүнүн согушкерлерге каршы күрөшү ийгиликтүү болушу үчүн катарына өлкөдөгү суннит азчылыгын көбүрөөк тартуунун маанилүүлүгү да эскертилери күтүлгөн.

Ирак үчүн ич ара ынтымактын зарылдыгы тууралуу АКШ коргоо министри Эштон Картер мындай дейт:

- Маселенин эң татаалы - стратегиянын аткарылышы. Премьер-министр ал-Абади туура иштерди жасоого аракеттенүүдө. Бирок ал тарыхый кастыгы бар шииттер, сунниттер, күрддөр жашаган өлкөнү чогуу да кармоого умтулууда.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн маалыматына караганда, Рамади “Ислам мамлекети” тобунун колуна өткөндөн бери урушка кошулуу ниетин суннит урууларындагы согушкерлердин 800дөйү билдирип, колдоруна курал алды.

"ИМ" тобунун жанкечтилери жасаган жардыруу курмандыктарын акыркы сапарга узатуу. Нажаф, 2-июнь, 2015-жыл.
"ИМ" тобунун жанкечтилери жасаган жардыруу курмандыктарын акыркы сапарга узатуу. Нажаф, 2-июнь, 2015-жыл.

Бирок алар контрчабуулга 11 миңдей адамды даярдап жатканын эске алганда, бул салыштырмалуу аз эле сан.

“Нью-Йорк Таймс” гезити бүгүнкү макаласында жазгандай, “Ислам мамлекети” тобуна каршы тез чара көрүүнүн эң жакшы мүмкүнчүлүгү - Анбар провинциясындагы суннит урууларынын согушкерлери менен түз иштешип, аларга курал берүү. Бирок Ирактын шииттер башкарган борбордук өкмөт коопсуздук күчтөрүнүн катарына суннит топторун көбүрөөк интеграциялоого каршы болуп келүүдө.

“Нью-Йорк Таймс” белгилегендей, Багдад мындай саясатын уланта берсе, учурдагы чукул коркунучту эске алганда АКШ суннит уруулары менен түз иштешүүсү абзел.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG