Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Ирак Күртистаны: Президент Барзани кайра утат...


Масуд Барзани кайрадан күрттөрдүн президенти болуп шайланат деп күтүлүүдө
Масуд Барзани кайрадан күрттөрдүн президенти болуп шайланат деп күтүлүүдө

Ишемби күнү ирактык күрттөр регионалдык парламенттин мүчөлөрүн жана автономиянын президентин шайлашат.

Ирак Күртистанында узактан бери үстөмдүк ылып келаткан саясый оюнчулар: Күртистан демократтык партиясы менен Күртистан патриоттук союзу 111 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болот деп болжолдонууда. Ошондой эле автономиянын азыркы президенти Масуд Барзаниге тең чыкчудай атаандаш жок, дешет серепчилер.
Барзанини төрт жыл мурда регионалдык парламенттин 111 мүчөсү президент кылып шайласа, бул ирет президентти 2, 5 миллион шайлоочу түз добуш берүү менен шайлайт.


Ирак күрттөрүнүн армиясы-Пешмерге, полиция жана чукул кырдаалдар кызматынын кызматкерлери добуш берүүнү 23-июлда эле башташкан. Эрбил.
Төрт жыл мурда Күрт регионалдык парламентине болгон шайлоодо эзелки атаандаштар: Күртистан демократтык партиясы - КДП жана Күртистан патриоттук союзу - КПС бир тизме менен чыккан. Бул эки партияга күрт автономиясынын байлыгына катар бийлик органдарын толук контролдоого мүмкүндүк берди.
КДПны - Күрт автономиясынын азыркы президенти Масуд Барзани, ал эми КПСны - Ирактын президенти Жалал Талабани жетектейт.

Серепчилер, береги эки партия кайрадан эле регионалдык парламентте көпчүлүк орунга ээ болорун айтышууда. Азыр аларга 111 орундуу парламенттеги 77 мандат таандык. Депутаттыкка майда партиялардын башын кошкон 22 блоктон 509 талапкер ат салышууда.

Жоус Хитерманн - Эларалык кризистик топтун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын орун басар директору. Ал регион калкы кеңири жайылган жемсөөлүктү, өкмөттүк мекемелердин начар тейлөөсүн жана экономикадагы кыйынчылыктарды айтып, Барзанинин өкмөтүнө наарызы экенине көңүл бурду:

- Келерки жылдагы Күрт регионунун өкмөтү кандай болот? Жаңы өкмөт канчалык жооптуу болот? Башкаруу эффективдүү болобу? Себеби азыркы өкмөттү көпчүлүк сынчылар башкарууну билбейт деп күнөөлөшүүдө. Өкмөттүк мекемелер жакшы иштебейт. Парламентте күчтүү оппозиция болсо, өкмөттүн жакшы иштөөсүнө жардамдашмак деп ойлойм.

Күртистандын президенти Барзани эч бир партия атаандаштарын бар балээнин себепчиси дебей, шайлоо калыс жана эркин өтүүсүн кааларын билдирди. Бирок башкаруучу партия кичине партияларды кысмакка алып жатканы жөнүндө доомат сөздөр көп айтылууда.

Күрт регионалдык парламентинин депутаттары Күртистандын конституциясынын долбоору менен таанышып жатышат.
Айрыкча, эл арасында өтө популярдуу “Горан-Өзгөрүү” партиясынын мүчөлөрү өкмөттүк кызматтан айдаган фактылар арбын экени, атүгүл “Горанды” колдогон армиянын офицерин атып кеткен учур болгон дешет оппозициячыл партиянын жетекчилиги. Келечектүү эсептелген бул партияны Барзани башындагы КДПнын мурдакы орун басар төрагасы Нуширван Мустафа түзгөн. Мустафа менен кошо КДПны партиянын бир катар жооптуу кызматкерлери таштап кеткен. Байкоочулар “Горан”, ошондой эле Исламчыл топ менен Ислам союзу башкаруучу блокко таандык мандаттарды бир кыйла азайтат деп боолгошот.

Серепчилердин пикиринче, Күртистандын президенттигине ат салышкан беш талапкердин ичинен Масуд Барзаниге тең чыкчу жана аны оодарчу эч ким жок.

Жоус Хиттерман да Барзаниде шансы көп экенин айтат:

-Азыркы президент Барзани - бирден бир реалдуу талапкер. Башка беш талапкер элге көп белгисиз жана мүмкүнчүлүгү да аз.

Барзанини төрт жыл мурда регионалдык парламенттин 111 мүчөсү президент кылып шайласа, бул ирет президентти 2, 5 миллион шайлоочу түз добуш берүү менен шайлайт.

Саясый өнөктүктүн жүрүшүн январдагы провинциалдык шайлоого байкоо салган Ирактын көзкарандысыз шайлоо комиссиясы көзөмөлдөйт. Добуштар бурмаланбас үчүн өлкө борбору Багдадда саналат. Добуш берүүгө АКШ жана Евробримдиктин байкоочулары да көз салат.

XS
SM
MD
LG