Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Ирактагы соңку окуялар өлкөдөгү күрттөрдүн эгемендик маселесин көтөрүүсүн шарттады.

Бирок алар көз карандысыздык тууралуу сөз кылышканы менен чынында өздөрү ээлеген аймактын жана укуктарынын кеңейишине гана жетишүүнү көздөп жаткандай. Күрт лидерлеринин эгемендик чакырыктары эл аралык коомчулуктан да колдоо тапкан жок.

Ирактагы күрттөр өз мамлекетине ээ болушу керектиги тууралуу сөздөр жана чакырыктар өлкөнүн түндүк ыптасынын басымдуу бөлүгүн сунни согушкерлери ээлеп алган учурда чыгып отурат.

Күрт лидери Масуд Барзани соңку апталардагы билдирүүлөрүндө аймактык өкмөт мамлекеттүүлүктү карай кадам таштоого даяр экенин ишара кылууда.

Ай башында күрт автоном аймагынын парламенти референдум өткөрүүчү жана саясий өнөктүктүн күнүн белгилөөчү комиссия түзүүнү да макулдашып жиберди.

Анткен менен бир катар талдоочулар күрт лидерлеринин чындап көздөгөнү учурда саясий жана аскерий колдоого муктаж болуп турган расмий Багдадды чегинүүлөргө барууга мажбурлоо экенин айтып жатышат.

Вашингтондогу Жеймстаун корунун талдоочусу Владимир ван Вилгенбург “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде күрт лидерлеринин референдум өткөрүү демилгесинин артында эки максат жатканын белгилейт:

- Референдумдардагы башкы максат – күрттөр үчүн талаш аймактар. Алар ошондой эле Багдад аларга мунайды Түркияга эркин экспорттоого жол ачышын каалашат. Бул эки референдум Ирактын өкмөтүнө кысым көргөзүүнүн ыкмасы өңдөнөт. Күрттөр талаш аймактарды, анын ичинде Киркукту аннексиялап алуусуна жетишүү. Менимче, эгемендик референдуму сүйлөшүлүүчү маселе сыяктуудай.

Күрт лидери Масуд Барзанинин ырастоосунда, алар Күрдистандын ичиндеги эгемендик референдумунан тышкары, ушундай эле өнөктүктү Киркук чөлкөмүндө өзүнчө уюштуруп, жергиликтүү калктан алар күрт аймагына кошулгусу келер-келбесин сурашат. Күрттөр алардын Иерусалими катары санашкан жана мунайга бай Киркук шаарынын макамы узактан бери талашка түшүп келе жаткан маселе.

Сунни согушкерлеринин “Ирак жана Леванттын ислам мамлекети” тобу өлкөнүн түндүк ыптасын ээлеп алгандан кийинки кырдаалды күрттөр да пайдаланып, алардын коопсуздук күчтөрү армия таштап кеткен Киркукту дароо эле колго алышкан болчу.

2007-жылы Киркуктун макамы боюнча референдум өткөрүүнү Багдад өзү да сунуш кылып, АКШ колдоп, бирок саясий ыйкы-тыйкылыкка байланыштуу улам артка жылып келген.

Талдоочулардын айтымында, ирактын күрттөрдүн эгемендигин жарыялоосу эле алар мамлекет болуп кетет дегенди билдирбейт. Бул үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосу талап кылынат.

Күрт лидери Масуд Барзани ушул аптада Түркияда премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган, президент Абдулла Гүл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Анкараны күрттөрдүн эгемендик планын колдоого чакырган.

Бирок кабарларга караганда, түрк бийликтери тескерисинче, Ирактын аймактык бүтүндүгү сакталуусу зарылдыгын баса белгилешкен.

Лондондогу экономикалык мектептин Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочусу Жеймс Кер - Линдсей мындай дейт:

- Анкара Күрдистан Ирактын бир бөлүгү бойдон калышына артыкчылык бергени бардык деңгээлде байкалып жатат. Мен түрк расмий өкүлдөр мына ушуну айтып жатышканына ишенем. Анткен менен эгер чоң өзгөрүүлөр орун алса, кво макамы сакталбаса, күрттөрдүн аймактык өкмөтү өз жолу менен кете берсе, бул Түркия үчүн кыйроо деле болбойт.

Түркиянын өзүндө күрт проблемасы болгону менен азыр Анкара Ирактын күрт аймагын мурдагыдай коркунуч катары карабайт.

Тескерисинче, акыркы он жылда Түркия Ирактын күрт автономиясы менен соода алакасын кыйла чыңдады. Атүгүл күрт өкмөтү куралдуу каршылык көрсөтүп келген Күрт жумушчу партиясы - ПКК менен тынчтык жараянында өнөктөш да болду.

Иракка аймактык бүтүндүк зарылдыгын дүйнө державалары, коңшу өлкөлөр да айтууда. Күрддөрдүн эгемендик мүдөөсүн буга чейин дүйнө лидерлеринен бир гана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ачык колдоду.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG