Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Ирак аскерлери Мосулдун батышына кирди


Иракта Мосул шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуу боюнча операциянын жаңы баскычы ийгиликтүү кетип жаткандай. Ушул жума күнгө карата өкмөттүк аскерлер Ирактын экинчи ири шаарынын батыш бөлүгүнүн чет жакасына киргени кабарланды.

Ирак армиясында контртерроризм боюнча бөлүктөргө колбашчылык кылган генералдардын бири Сами ал-Аридхинин ырастоосунда, 24-февралга карата өкмөттүк күчтөр Мосулдун батыш бөлүгүнүн чет жакасындагы ал-Маамун районуна кире алышты.

Мындан бир күн мурда өкмөттүк аскерлер Мосулдун колдонулбай калган аэропортун, Галзани деген аскерий базаны жана шаардын түштүк-батышынан Тал-ал-Раян деген кыштакты ээлегени кабарланган:

- “Даиштен” (“Ислам мамлекети” террордук тобунун арабча аталышы) качкысы келгендер болгону ак желекти гана көтөрүшү керек. Мындай учурда Ирактын полициясы аларга жардам берет. Федералдык полициянын алдында азыр үч милдет коюлган. Биринчиси - аймактарды бошотуу, экинчиси - бошотулган аймактарда жашоо үчүн эң зарыл нерселерди калыбына келтирүү, полиция бекеттерин, ооруканаларды, өкмөттүк кеңселерди, мектептерди ачуу, үчүнчүсү - бошотулган аймактарда коопсуздукту камсыздоо, - дейт операциянын жүрүшүн комментарийлеген Ирактын федералдык полициясынын колбашчыларынын бири, генерал Жафаар ал-Батат.

Ирактын Мосул операцмясына тартылган полиция күчтөрү. 22-февраль, 2017-жыл.
Ирактын Мосул операцмясына тартылган полиция күчтөрү. 22-февраль, 2017-жыл.

Ирактын өкмөтү Мосулдун батыш бөлүгүн “Ислам мамлекети” террордук тобунан тазалоо операциясына киришкенин 19-февралда жарыялаган. Андан бери расмий өкүлдөр билдиргендей, 120 чарчы чакырым аймак ээленди.

2014-жылдын жай айынан бери “Ислам мамлекети” террордук тобу ээлеп алган жана бир миллиондон ашуун эл жашаган Мосул шаарын бошотуу операциясы алгач былтыр 17-октябрда башталган. Анда чабуулга Ирактын өкмөттүк аскерлеринен тышкары шиит кошуундары, күрт автономиясынын пешмерга күчтөрү да киришкен. АКШ баштаган коалициянын учактары абадан колдоо көрсөткөн. Натыйжада Тигр дарыясын экиге бөлгөн Мосулдун чыгыш ыптасы ИМ тобунан бошотулду деп өткөн айда жарыяланган.

Ал эми операциянын жаңы баскычынын башталышына тушташ Багдадга АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис күтүүсүз сапар менен келип кеткен эле:

Жеймс Мэттис Ирактын бийликтери менен сүйлөшүү өткөргөн учур. Багдад, 21-февраль, 2017-жыл.
Жеймс Мэттис Ирактын бийликтери менен сүйлөшүү өткөргөн учур. Багдад, 21-февраль, 2017-жыл.

- Бул урушта Ирак армиясына коалиция толугу менен колдоо көрсөтүүдө. ИМге каршы азыркы күрөш дароо эле бүтүп калбайт. Биз алдыда дагы уруш болорун билебиз. Биз чогуу болобуз. Келечекке карай сереп салсак, биз жалпы душманга каршы күрөшүп жаткан Ирак армиясы жана эли менен катарлаш турабыз, - деген эле Жеймс Мэттис апта башында Багдаддан сүйлөгөн учурунда.

АКШнын азыр Иракта жергиликтүү күчтөргө кеңеш берүү, алардын машыктыруу иштери, логистикалык жактан колдоо көрсөтүү менен 5200 аскер кызматчысы алектенүүдө.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн эсебинде, Мосулда азыр “Ислам мамлекети” террордук тобунун 2000дей согушкери бар. Ал эми шаардын батышындагы жайкын калктын саны азыр 750 миңдей деп саналууда.

Мосулдун батышынан кетүүгө аргасыз болгондор. 23-февраль, 2017-жыл.
Мосулдун батышынан кетүүгө аргасыз болгондор. 23-февраль, 2017-жыл.

Операциянын жаңы баскычынан улам ал жактан жайкын тургундар качып чыгып жаткан учурлар да кабарланууда.

Улуттар уюмунун Ирак боюнча координатору качып чыгышы мүмкүндөрдүн санын 400 миңге чейин да болжолдогон.

БУУнун маалыматы боюнча операция алгач башталган былтыркы октябрдан бери 160 миңдей мосулдук жер которууга барды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG