Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

ИМ колундагы Мосул: абактагыдай турмуш


Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун бомбалоосунан кыйраган Жунус пайгамбардын мечитинин урандыларынын арасында жүргөн адамдар. Мосул, 24-июль, 2014.
Ирак -- "Ислам мамлекети" тобунун бомбалоосунан кыйраган Жунус пайгамбардын мечитинин урандыларынын арасында жүргөн адамдар. Мосул, 24-июль, 2014.

Ирактын экинчи ири шаары Мосулду “Ислам мамлекети” террордук тобу ээлеп алганына толук бир жыл болду. Шаар тургундары бүгүн андагы жашоону абактагы абалга салыштырууда.

Кирип-чыгуу азабы

Багдадда жашаган Ахмеддин "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери басып алган Мосул шаарында эки эркек жана эки кыз бир тууганы калган. Ал бир туугандары менен жума сайын сүйлөшүп турарын айтат.

"Алар абалы жакшы эле экенин айтышат. Бирок жумуш жоктуктан агаларым эртели-кеч үйгө кирип чыгып эле колоктоп басып жүргөндөй. Алар жашаган жер коопсуз эле экен", - дейт "Азаттыктын" Ирак кызматы коопсуздук маселелеринен улам аты-жөнүн өзгөртүп берген каарманыбыз.

Бирок Ахмед бир туугандары Мосулда өздөрүн түрмөдөгүдөй чектелген калыпта жүргөндөй сезишерин айткан. Эгер алар шаардан чыга турган болсо уруксат алуунун узак бюрократиялык жолунан өтүүгө тийиш экен. Ислам мамлекети тобу шаардан чыкчулар боюнча да атайын эрежелерди иштеп чыккан. Маселен, шаардан чыгып аткандар күрөөгө үй же машинесин коюп кетет да, эгер кайра келбей калса ал мүлкү кайтарылбайт. Ошондой эле шаардан чыгып жаткан адамдын кайра келишине калаадагы кайсы бир адам кепилдик бериши керек.

"Эгер менин бир тууганымдын бири шаардан чыкса, экинчиси ага кепил болуш керек", - дейт Ахмед. Ал ошондой эле Мосулдагы үйүнө барышы мүмкүндүгүн, бирок анда кайра Багдадга келе албай калышын айтат.

Телефонду тескөө

Эркектерге минтип көчөгө же шаардан сыртка чыгууга уруксат берилгени менен аялдарга эркектердин коштоосусуз жалгыз-жарым жүрүүсүнө тыюу салынган. Ошондо да ал башынан тарта бутунун учуна чейин жапкан кийим менен жүрүүгө тийиш. Бул тууралуу Мосулда апасы, бир туугандары калган Надя аттуу аял айтты. Белгилүү себептерден улам анын да аты өзгөртүлдү.

Эми болсо кирип келе жаткан Рамазан айына байланыштуу дагы жаңы эрежелер кирген. Демек кийинки жумада башталчу орозодо аялдар ооз ачарга чейин көчөгө чыкпашы керек.

Багдадга турмушка чыккан Надя да Мосулду согушкерлер басып алгандан бери анда калган жакындары менен учураша албай келет. Согушкерлер мындан сырткары мосулдуктардын сырттагылар менен телефон сүйлөшүүсүн да кыйындатып койгон. Эгер кимдир бирөө тыш дүйнө менен байланышам десе анда ал тобокелчиликке барган болот.

"Эгер Мосулдан сырт жак менен телефондон сүйлөшүп жатканыңды согушкерлер байкап калса, алар телефонду колуңдан жулуп алып, сени "Ислам мамлекети" тобуна каршы кутумга айыпташы мүмкүн", - дейт Надя

Согушкерлер буга чейин шаардан башка жак менен сүйлөшкөнү жаткан бир канча мосулдуктун телефонун тартып алып, талкалап салганы тууралуу маалыматтар бар. Маселен, Эрбилдеги уулу менен сүйлөшкөнү жаткан Надянын бир тууганынын телефонун согушкерлер талкалап салган.

"Баш кесмей да, тил кесмей да бар"

Мосул басылып алынган алгачкы күндөрү шаардыктар балдары жардыруулардан жапа чекпеси үчүн аларды көмүскө жерлерде калкалап келишсе, азыр болсо балдары ашыкча сөз айтып жиберүүсүнөн чочулап калышты.

Маселен Надянын туугандарынын бирининин беш жаштагы уулу атасы менен дүкөндө туруп "даеш" деп айтып койгону үчүн балээге калды. "Даеш" деген "Ислам мамлекети" тобунун арабча кыскартылып айтылышы. Бул сөздү согушкерлер шылдыңдоо катары кабыл алышат.

"Бул сөз дүкөндөгү согушкерлердин кыжырын кайнатып, алардын бири жаш баланы катуу сабап салган. Андай сабоону чоң кишилер да көтөрүшү кыйын", - дейт Надя. Коркуп кеткен ата баласы андан да көп кордук көрбөшү үчүн согушкерлерден кечирим сурап атып, араң кутулган.

"Мосулга согушкерлер алгач кирген учурда шаар тургундарынын арасында каршылык көрсөткөндөр да болгон. Бирок алар тез арада жазаланып, баш ийип калган", - дейт Ахмед. Азыр болсо эч ким ачык каршылык көрсөтө албайт.

Жумушсуздук арааны

Ошол эле учурда шаар тургундарынын көпчүлүгү жумушсуз калган. "Менин агам жада калса такси айдаганага да жумуш жоктугун айтат. Университет мугалимдери, мурдагы аскер кызматкерлери, инженерлер жана башка кызматкерлер баары жумушсуз калды", - дейт Ахмед.

Бирок Ахмед жумуш жоктугуна карабай шаарда тейлөө кызматтары жакшы иштеп жатканын, көчөлөр мурдагыдай эле таза экенин, а түгүл электр энергиясы да мыкты берилип жатканын айтат.

Шаарды азык-түлүк менен камсыздоо да үзгүлтүккө учураган эмес. Түркия менен Ирактын борбору Багдадга жол жабык болгону менен согушкерлер азык-түлүктү Сириянын "Ислам мамлекети" тобу көзөмөлдөгөн аймагынан ташып келишүүдө.

Каарманыбыз Надя согушкерлер негизинен чет элдиктер экенин, арасында сириялыктар, орустар, пакистандыктар, оогандар жана башка улуттар бардыгын, алар аял, бала-чакасы менен жүргөнүн жада калса балдары да куралчан жүрөрүн айтат.

Мосул Ирактын түндүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Өлкөдөгү экинчи ири калаа. Буга чейин анда эки миллионго жакын калк жашары айтылып келген. Былтыркы жылдын июнь айынан бери калаа өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топтун колунда. Согушкерлер шаардагы байыркы тарыхый имараттар менен эстеликтердин бир тобун бомбалап, талкалап салышкан.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG