Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Обама ИЛИМди жок кылуу стратегиясын жарыялады


АКШ - Президент Барак Обама кайрылуу жасоодо. Ак үй, Вашингтон, 10-сентябрь, 2014.
АКШ - Президент Барак Обама кайрылуу жасоодо. Ак үй, Вашингтон, 10-сентябрь, 2014.

АКШ президенти радикалдуу “Ислам мамлекети” уюмун жок кылуунун стратегиясын жарыялады. Барак Обама 10-сентябрдагы телекайрылуусунда айткандай, бул уюмдун согушкерлерине каршы коалицияны АКШ жетектейт.

Узак мөөнөттүк бул күрөштү Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы жана Европадагы өнөктөштөрү, ошондой эле Ирак өкмөтү менен эриш-аркак жүргүзөт.

Президент Обама жарыялаган стратегияга ылайык, “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлеринин Ирактагы жана Сириядагы өңүттөрүнө абадан системалуу сокку урулуп турат. Удаа эле террорчулар менен согушуп жаткан Ирак армиясына, күрт аскерлери-пешмаргелерге жана Сирия оппозициясына көмөк берүү көбөйтүлөт. Ошондой эле контртеррордук операциялар күчөтүлүп, согушчандар бозгун кылган жарандарга гумжардам берүү улантылат.

Барак Обама 2001-жылкы 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын 1-жылдыгы алдындагы кайрылуусунда Кошмо Штаттарга коркунуч туудурган террорчулар артынан сая түшүп жок кылынарын белгиледи жана өзүн “Ислам мамлекети” же “Ирак жана Леванттагы Ислам мамлекети”, кыскача ИЛИМ деп атаган уюмдун мусулманчылыкка эч кандай тиешеси жок экенин кылдат сүрөттөп берди:

- Эки нерсени тактап койгум келет: ИЛИМ – бул Ислам эмес. Дин бейкүнөө адамдарды өлтүргөндү кечирбейт, ИЛИМден жабыр тарткандардын көбү мусулмандар болду. ИЛИМ мамлекет эмес, ал мурда “ал-Каиданын” Ирактагы бучкагы эле. Ал жаатташып атаандашууну жана Сириядагы жарандык согушту пайдаланып, Ирак-Сирия чек арасынын эки жагындагы территорияны басып алды. Аны бир да өкмөт жана ал басып алган элдер тааныбады. ИЛИМ таза жана накта террорчул уюм.

АКШ президенти ИЛИМдин желдеттери өзгөчө мыкаачылыгы менен айрымаланганын, балдарды да тындым кылганын, адамдарды кулчулукка алып, аялдарды зордуктап, күйөөгө чыкканга мажбурлаганын, диний азчылыктарды кыргандан аянбаганын, эки америкалык журналистти жапайыларча өлтүргөнүн айтты. Согушчандар Жим Фоули менен Стивен Сотлоффду мууздап, анысын интернетте жарыялаган эле.

Барак Обаманын айтымында, террорчулардун өңүттөрүнө абадан ырааттуу сокку уруу Түндүк Ирактан тышкары Сирияга чейин кеңейтилиши мүмкүн. Акыркы бир нече жумада Иракта террорчуларга абадан 150 жолудан көп ийгиликтүү сокку урулган. Буга катар ал “Ислам мамлекетинин” желдеттери менен согушуп жаткан сириялык топторду машыктыруу жана курал менен жабдуу үчүн АКШ Конгрессинен кошумча каражат сурады.

Ак үйдүн жооптуу кызматкеринин Обаманын телекайрылуусу алдында кабарчыларга маалымдашынча, сириялыктар Сауд Арабияда машыктырылат.

Президент Барак Обама буга чейин Иракка аскерий жактан олуттуу жардам бербей жатканын өлкөдөгү түрдүү партиялар кирген өкмөттүн түзүлбөгөнү менен түшүндүрдү жана террорчуларга каршы согушта негизги жүктү Ирак армиясы көтөрүш керек экенине көңүл бурду:

- Бирок бул жалгыз биз күрөшчү нерсе эмес. Американын кубаты чечүүчү мааниге ээ болушу этимал, бирок биз ирактыктар өзү жасачу нерсени жасай албайбыз, араб өнөктөштөрүбүздүн өз регионундагы коопсуздукту камсыздоодогу ордун ээлей албайбыз. Мен ошон үчүн АКШнын кошумча аракети ирактыктардын кеңири курамдагы (инклюзивдүү) өкмөтүн түзүүгө жараша болорун айтып жаткам. Алар аны жакында түздү.

"Иракка кошумча жиберилчү 475 аскер “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттери менен түздөн түз согушпайт. Алар пешмаргелерге жана Ирак армиясына согуш майданында жардам берет", - деди Обама андан ары.

АКШ күчтөрү мурда Ирак жана Ооганстанда согуштук операцияларды жүргүзчү.

XS
SM
MD
LG