Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Иракта өлкөнүн эң ири суу сактагычы - Мосул дамбасы кыйроо коркунучуна кептелди. Кокус андай болсо суу ташкын бир жарым миллионго жакын адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Кырдаал Бириккен улуттар уюмундагы атайын кеңешмеде талкууланып, чукул чара көрүү чакырыгы айтылды.

Улуттар Уюмундагы атайын жыйын АКШ жана Ирак тарабынан өткөрүлдү.

Жыйын артынан Кошмо Штаттар Мосул дамбасын оңдоо боюнча чукул чара көрүү жана бул ишке эл аралык коомчулукту жардам берүүгө үндөгөн чакырык чыкты.

- Мосул плотинасындагы бүгүнкү абал үрөй учурарлык. Потенциалдуу кыйроону четтетүү боюнча маанилүү чаралар көрүлгөнү менен дамба бузулуп кетиши мүмкүн. Кокус андай болсо, суу кээ бир аймактарда 14 метрге чейин көтөрүлөт. Жолундагылардын баарын, адамдарды, автоунааларды, жарылбаган ок-дарыларды, башка коркунучтуу материалдарды жууп, калк жашаган конуштарга коркунуч туудурат. Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин баары эпикалык масштабдагы гуманитардык кыйроонун алдын алууга жардам берүү ишине даяр болушу”, - керек деп айтылат АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр кеңешмеден кийин тараткан билдирүүдө.

Эсептерге караганда, ыктымал суу ташкынга кабылуучу аймактарда 500 миңден бир жарым миллионго чейинки сандагы адам жашайт. Кокус плотина бузулса, суу Мосул шаарына төрт, борбор Багдадга 45 саатта жетип келет.

Дамбаны бекемдөө иштери. 3-февраль, 2016-жыл.

Дамбаны бекемдөө иштери. 3-февраль, 2016-жыл.

Мосул дамбасынын техникалык сапатын жакшы билген мурдагы ирактык инженер, азыр Швециядагы Лулео технология университетинин жер кыртышынын механикасы боюнча профессору Надир ал - Ансари “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, 1980-жылдары бир топ кемчиликтер менен курулган плотинаны эксплуатациялоо боюнча күнүмдүк иштер аймакты “Ислам мамлекети” тобу басып алгандан кийин талаптагыдай аткарылбай калган:

- 2014-жылы “Ислам мамлекети” тобу дамбаны оккупациялап алганда аны бекемдеп туруу боюнча иштер токтоп калган, жабдуулар уурдалып, жумушчулар менен инженерлер качып кетишкен. Кийин 2015-жылы АКШ армиясынын инженерлер корпусунун адистери дамбаны инспекциялап, изилдеп чыккандан кийинки тыянактарын быйыл жыл башында беришти. Анда дамбанын абалы абдан опурталдуу экени, жарака кетип, бузулган бөлүктөрү да бар экендиги айтылган.

“Ислам мамлекети” тобу Мосул дамбасын 2014-жылы августта эки апта ээлеп турганда жардырып жибереби деген да коркунучтар болгон. Бирок АКШ баштаган коалициянын абадан колдоосу менен Ирактын Күрт автономиясынын пешмерга күчтөрү аны бошотууга жетишкен эле. Анткен менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери азыр деле дамбага жакын аймактарды көзөмөлдөйт.

Ирактык инженер жана илимпоз Надир ал-Ансаринин айтымында, Мосул суу сактагычындагы суунун көлөмү Кыргызстандын Токтогул суу сактагычына жете бербейт.

Мосул дамбасы ИМ тобунан бошотулган кез. 21-август, 2014-жыл.

Мосул дамбасы ИМ тобунан бошотулган кез. 21-август, 2014-жыл.

Бирок эл аралык коомчулуктун да көңүлүн бурган азыркы тынчыздануулар Тигр дарыясы быйыл апрель, май айларында кирген учурда суу адаттагыдан көп келсе, техникалык абалы начар дамба бузулуп кетеби деген коркунуч күчөгөн:

- Долбоор боюнча плотинадагы суунун бийиктиги деңиз деңгээлигнен 335 метрге жете алат. Бийиктик 330 метрге жеткенде суунун көлөмү 11 миллиард куб метрди түзөт. Ушу тапта болсо бийиктик 306-307 метрдин тегерегинде. Башкача айтканда, беш жарым миллиард куб метрдей суу бар. Азыр сууну кармабай болушунча агызып жатышат. Бирок коркунучтуу учур апрель жана май айлары. Анткени, Тигр дарыясы ушул айларда кирип, кээде күтүүсүздөн эле эбегейсиз көлөмдөгү суу келет. Мындай кырдаал 1988-1994-жылдары болгон. Бирок быйыл ошол кездегидей көлөмдө суу келсе, дамба кармай албай калышы мүмкүн. Маселе ушунда.

Мосул дамбасын кезинде италиялык- германиялык концорциум курган эле. Ирак өкмөтү ай башында аны оңдоп-түзөө үчүн италиялык Trevi Group компаниясы менен келишим түзүп, 296 миллион доллардык долбоор он сегиз айда аткарылат деп жарыялган. Италия болсо курулуш иштеринин коопсуздугу үчүн 450 аскер жөнөтөрүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG