Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Ирактын өкмөтү мамлекеттик мекемелерде аялдардын санын көбөйтүү максатында атайын квота киргизди. Аялдарга карата эскичил көз караштар улам күч алып жаткан өлкөдө бул чарадан кандай майнап чыгат?

Айтылган сөз айтылган бойдон калбаса, быйыл Иракта өкмөттүк кызматтарда аялдардын саны кескин көбөймөкчү. Квота системасы тууралуу өкмөттүн жыл соңунда кабыл алган чечимине ылайык, быйыл Саламаттык жана Билим берүү министрликтериндеги кызматтардын жарымын, ал эми калган министрликтерде үчтөн бирин аялдар ээлеши керек.

Аялдардын иштери боюнча министр Ибтихал ал-Заидинин айтымында, ишке алууда жесирлерге жана ажырашкан аялдарга артыкчылык берилмекчи:

– Министрлер кеңешинде Саламаттык, Билим берүү министрликтериндеги кызматтардын 50 пайызына, калган бардык министрликтерде 30 пайызына аялдарды алуу тууралуу келишим жетишилди. Бардык министрликтерде жесирлерге жана үй-бүлөнү жалгыз баккан башка аялдарга артыктылык берилет. Эгер аял талапкер жесир болсо, бакалаврдын диплому болсо жана иш үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берсе, ага башкаларга караганда артыкчылык берилет.

Жаңы квота системасы парламенттеги мандаттардын 25 пайызын аялдарга ыйгаруу системасы менен айкашып турат. Аялдардын көбү жумушсуз калган өлкөдө бул кадам көп үмүттү жаратууда.

Бирок бул система канчалык ишке ашаарын айтуу кыйын. Биринчиден, кеп катардагы кызматтар жөнүндө жүрүп жатабы же жетекчилик кызматтар тууралуубу, анык эмес. Экинчиден, аялдардын укугун коргогон активисттер алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү бардык тармактарда чектелүү экендигин айтышууда.

Активист Нахида Абдул-Кареем:

– Бул демилге жерде калбайт деп үмүттөнөбүз. Бирок иш жүзүндө кыйынчылыктар бар. Бул квота толтуруларына көзүм жетпейт. Тоскоолдуктар алардын жолун бөгөйт. Убакыт өтсө, бул тоскоолдуктар жоюлса, балким квота толтурулат. Аялдар өз кызматтарында иштеп кетиши үчүн түшүндүрүү иштерин колго алып, аларды даярдап, окуудан өткөрүү зарыл.

Абдул-Кареем сөз кылган тоскоолдуктардын эң башкыларынын бири саясатта диний партиялар үстөмдүк кылган өлкөдөгү аялдарга карата улам күч алып бараткан эскичил түшүнүктөр болуп саналат. Багдаддын тургуну Мунтаха Саад иш ордунда аялдардын дискриминацияланышы катардагы көрүнүш экендигин белгилейт:

– Ишке арыз берген аялдардын канчасы умсунган бойдон кала берет. Алардын билим деңгээли жана иш тажрыйбасы эске алынбайт. Аялдарга карата мындай «апартеид» бардык министрликтерде бар. Жетекчилик кызматтарга арыз берген көптөгөн аялдар максатына жете алган жок. Аялдар колунан эмне келээрин көрсөтүп келатышат, бирок эми эркектер "аялдар болбогондо атаандаштык болбойт эле" деп ич күйдү болушууда.

АКШда жайгашкан Улуттук Демократиялык институттун былтыркы сурамжылоосу көрсөткөндөй, суралгандардын 94 пайызы аялдар жогорку билим талап кылынган кызматтарда иштей ала турган болуш керек деп эсептешет. Алардын 90 пайызы аялдардын добуш берүү укугун колдошот.

Ошол эле мезгилде суралган 2400 кишинин 40 пайызы гана аялдар каалаган убакта, каалаган жакка бара алгыдай болушу керек деп эсептешет. Ал эми кыймыл эркиндиги болбосо аялдар жетекчилик кызматты кой, пол жуугуч болуп да иштей албайт. Мындан тышкары суралгандардын үчтөн бири гана аялдар өздөрү каалагандай кийиниши керек деген ойдо.

Мындай эскичил же консервативдик көз караштар Иракта өсө береби же азаябы, айтуу кыйын. Бирок Ирак кезегинде аялдардын укугу боюнча мусулман дүйнөсүндө алдыңкы орундардын бирин ээлеген. Согушка чейинки секулярдык системанын мезгилинде 1950-жылдардан тартып мунайдан түшкөн кирешенин кыйла бөлүгү кыздардын жогорку билим алуусуна жумшалган. Ал мезгилде Иракта араб өлкөлөрүнөн биринчи болуп аял киши министрлик кызматка келген. Өлкө ошондой эле көп сандаган аял мугалимдери, профессорлору, дарыгерлери жана мамлекеттик кызматкерлери менен таанымал эле.

Бул кесипкөй аялдардын көбү бүгүн ишсиз же чет өлкөлөргө кетип калышкан. Алардын эже-сиңдилери эми кызматка орношобу же үйлөрүндө камалып отурабы, бул жаңы квота системасы канчалык ишке ашаарына жараша болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG