Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Ирак күчтөрү Мосулга кире баштады


Ирак күчтөрү
Ирак күчтөрү

Ирак күчтөрү Мосулдун чыгышынан кирүү аракетин баштады. Жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн чабуулун бомба салынган автоунааларды жардыруу менен токтотууга умтулууда. Ал эми Алепподо жума күндөн бери козголоңчул күчтөрдүн чабуулу жүрүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы үч мамлекетте активдүү согуштук аракеттер жүрүүдө. Ал Ирак, Сирия жана Йемен.

Иракта өкмөттүк күчтөр жана күрттөрдүн пешмерга аскерлери Кошмо Штаттар баштаган коалициянын абадан колдоосу менен 17-октябрдан бери Мосул шаарын бошотуу боюнча операция жүргүзүүдө. Ирак өкмөттүк аскерлеринин жетекчисинин айтымында, 31-октябрда кечинде өкмөттүк күчтөр чыгыш тараптан Мосул шаарына кирүү аракетин баштаганы кабарланды. “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик топтун жоочулары өкмөттүк күчтөрдүн чабуулун токтотууда бомба салынган автоунааларды жардырып жатканын генерал кошумчалаган.

Мосулга жакындаган Ирак күчтөрү.
Мосулга жакындаган Ирак күчтөрү.

Дем алыш күндөрү Ирак өкмөтү колдогон шиит күчтөрү Мосул шаарына жакын Тал Афар шаарын “Ислам мамлекетинен” бошотуу максатында чабуул баштады.

Жоочулар өз кезегинде Ирак борборунда теракт менен жооп берүүдө. 30-октябрда Багдадда шииттер жашаган райондо жардыруу болуп, сегиз адам набыт кетсе, 30дан көбү жарадар болгону кабарланды. Маалыматка караганда, соода көп болгон көчөдө бомба салынган автоунаа жардырылган.

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Күрт командирлери Кошмо Штаттардын колдоосуна таянган пешмерга күчтөрү менен Ирак армиясы Мосул шаарын бошотууда алдыга батыл жылып баратканын билдиришет. Ирактын түндүгүндөгү бул шаарды “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтон бошотуу операциясы 17-октябрда башталган.

Сириянын Алеппо шаарында болсо козголоңчулар өкмөттүк аскерлердин курчоосун бузуу максатында жуманын аягында ар тараптан чабуул баштаган. Алар чабуулда танк, артиллерия жана бомба салынган автоунааларды колдонуп жатканы кабарланды.

Жума күнү башталган чабуулда козголоңчулар бир канча жерди ээлеген. Өкмөттүк күчтөр оппозиция чабуулу учурунда тарттырып жиберген жерлерди кайтаруу максатында 30-октябрда контрчабуул жасаганын Сирия армиясы кабарлады. Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча уюмунун кабарлоосуна караганда, оппозициянын чабуулу учурунда 41 тынч жаран өлүмгө учурады. Өкмөттүк күчтөр козголоңчулар чабуул учурунда ууландырчу газ колдонгонун да кабарлады.

Сирия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Стефан де Мистура козголоңчулардын ракета жана башка куралдар менен туш келди аткылоосунан тынч жарандардын өлүмгө учурашы үрөй учурганын билдирди. “Бул чыгыш Алепподогу курчоону бузуу үчүн жасалды дегендер адамдар жашаган райондордо эч нерсеге карабай, ар кандай куралдар менен аткылоо аскерий кылмыш экендигин билиш керек” деп кошумчалаган Стефан де Мистура.

Алепподо оппозициянын чабуулу Орусия аба күчтөрү бомбалоону токтоткондон кийин мүмкүн болгону айтылууда. Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын генералы Сергей Рудской Алепподо оппозициялык күчтөрдүн чабуулуна байланыштуу алардын позициясын кайра бомбалай баштоо орус президентинен суралганын билдирди:

- Тынч жарандардын өлүмгө учурап жатышы жана жоочулардын өкмөттүк күчтөргө каршы чабуулу кайра башталганына байланыштуу, биз Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынан Алеппонун чыгышында мыйзамсыз куралдуу күчтөргө абадан сокку урууну кайрадан баштоого уруксат сурап кайрылдык.

Бирок орус президенти андай уруксат бергени кабарлана элек.

Бириккен Улуттар Уюму өз кезегинде Сириянын Алеппо шаарынын тургундарына гуманитардык жардам берүү үчүн аракеттер жасалып жатканын билдирди. Улуттар Уюмунун гуманитардык миссиясынын башчысы Ян Эгелланд Алепподо кырдаал өтө аянычтуу экенин айтып, гуманитардык жардам берүү аракети токтотулбасын айтты:

- Биз чегинип калбайбыз. Биз кайрадан үч нерсени жасоо үчүн аракет жасайбыз. Ал жерден чыгууну каалагандарды чыгарууга жана медициналык жардам берүүгө аракет жасайбыз. Ошондой эле тамак-аш жана башка жардамдарды берүүгө умтулабыз.

Орусия дээрлик эки жумадан бери Алеппого абадан сокку урууну токтоткон. Бирок Москва “Адмирал Кузнецов” баштаган учак алып жүрүүчү кемелерин Сириянын жээгине топтоодо. Ошондуктан Орусия Алеппону куралдуу козголоңчулардан бошотуу үчүн кеңири масштабдуу операция, абадан сокку уруларды башташы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG