Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Британ учактары жихадчыларга сокку урууда


Британиялык "Торнадо" GR4 истребители Ирактагы миссиясын аткаргандан кийин Кипрдеги Акротири авиабазасына конгону баратат. 30-сентябрь
Британиялык "Торнадо" GR4 истребители Ирактагы миссиясын аткаргандан кийин Кипрдеги Акротири авиабазасына конгону баратат. 30-сентябрь

Ирак менен Сириядагы радикалчыл “Ислам мамлекети” тобуна каршы согуштук коалицияга кошулган өлкөлөрдүн катары көбөйүүдө.

Сентябрдын акыркы күнү Британиянын аскердик учактары согушчандардын Ирактагы өңүттөрүнө алгачкы жолу сокку урушту. 1-октябрда бул миссияга Австралиянын аба күчтөрү да кошулду. Бирок алар азырынча согуштук аракеттерге кошулбайт.

30-сентябрда Британия аба күчтөрүнүн эки “Торнадо” истребители Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна сокку урду. Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон маалымдагандай, жихадчылардын ок-дары тарткан машинеси жана оор куралдар орнотулган өңүтүнө бомба урулган. Кипрдин Акротири авиабазасында катталган британ истребителдери буга чейин беш жолу күжүрмөн тапшырма менен учуп, бирок бомбаларын коротпой кайткан эле. Анын себебин британ тарап так маалыматы жок истребителдер бутага сокку урбайт деп түшүндүргөн. Ошол эле мезгилде британ аскерлери мурда эскертилгендей жердеги уруштарга жана Сириядагы авиачабуулдарга катышпайт.

Британ парламенти аба күчтөрүнө Ирактагы жихадчыларга каршы согуштук операцияга катышууга өткөн жума күнү уруксат берген.

"Түндүк Ирактагы күрт пешмаргелердин билдиришинче, авиасокку Мосул шаарынан 100 чакырымдай түндүк батыштагы Рабия шаарын жана коңшулаш бир нече кыштакты кайтарып алууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Натыйжада жихадчылар августтан бери Ирактын түндүгүндө басып алган жерлердин теңине жакыны бошотулду", - дейт пешмаргелердин өкүлү, генерал-майор Жаббар Явар.

АКШ башындагы коалиция 30-сентябрда жихадчыларга Ирак жана Сирияда 22 ирет абадан сокку урду. Сириянын түндүгүндөгү күрт калктуу Кобани шаарынын чет жакасына урулган авиасокку 59 жихадчыны катардан чыгарганын Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө уюму кабарлады.

Сириялык күрттөр Түркияга качып баратышат. 30-сентябрь, 2014
Сириялык күрттөр Түркияга качып баратышат. 30-сентябрь, 2014

Сирия Күрдистанындагы негизги шаар эсептелген Кобани сентябрдын ортосунан тарта “Ислам мамлекети” тобунун камоосунда. Калаада түркмөндөр, арабдар, армяндар да жашайт. Түркиянын чек арасына ныпталаш калаа былтыр сентябрдан бери күрттөрдүн коргонуу бөлүктөрү менен жихадчылардын ортосундагы согуш майданына айланган.

Күрт күчтөрү мурда Түркиянын чек арачыларын жихадчыларды Сирияга өткөрүүдө деп күнөөлөгөн. Бирок 30-сентябрда расмий Анкара билдиргендей, “мүмкүн болчу коркунучтардын алдын алуу үчүн” түрк армиясы Ирак менен Сириядагы согуштук аракеттерге катыша баштайт. Бул үчүн Түркия парламенти 2-октябрда добуш берет.

Австралиянын аба күчтөрү 1-октябрдан баштап “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирактагы миссияга катыша баштайт. Премьер-министр Тонни Эббот шаршемби күнү улуттук парламентте сүйлөп, бирок алардын согуштук аракеттерге катышуусу жөнүндө чечим кабыл алына элек деди:

- Биз али өз күчтөрүбүздүн салгылашка катышуусу тууралуу бир бүтүмгө келе элекпиз, бирок Австралиянын истребителдери бүгүнтөн тарта Ирактын аба мейкиндигинде союздаштардын операциясын колдоп уча баштайт.

Эбботтун айтышынча, Австралия авиасоккуга катышканга Ирак өкмөтү менен улуттук парламентинин макулдугу керек.

АКШ баштаган коалицияга азыр 60 өлкө кирет.

30-сентябрда расмий Тегеран жихадчыларга каршы АКШ жетектеген эл аралык коалицияга кошулуу ниети жок экенин билдирди. Мурдараак Иран жана Орусия Сирияга абадан сокку уруу үчүн Дамасктын уруксаты керек, болбосо эл аралык мыйзамга каршы келет деп чыгышкан. Ал эми Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем 29-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп, Дамаск “терроризмге каршы ар кандай эл аралык аракеттерди” колдойт деди. Ассошиэйтед пресс агенттигине берген интервьюда АКШ ар бир авиасокку жөнүндө Сирияга маалымат бербесе да аны “Туура көрөм. Алар да биз сыяктуу “Ислам мамлекети” тобуна каршы салгылашууда,” - дейт Муаллем.

XS
SM
MD
LG