Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Кэмерон Ирактагы согуштук операцияга кошулууга уруксат сурады


Британ премьер-министри Девид Кэмерон.
Британ премьер-министри Девид Кэмерон.

Бүгүн 26-сентябрда Британ парламенти кезексиз жыйынга чогулду. Алар премьер-министр Девид Кэмерондун Ирактагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскердик операцияга кошулуу сунушун талкуулашууда.

Кэмерон өзү чакырган жыйынды ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө согушчандар адамдын акылына сыйбас мыкаачылык көрсөтүп жатышканын айтып, аларга каршы согуш “бир нече жылды” алышы мүмкүн экенин эскертти.

Былтыр Британ парламентарийлери Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө абадан сокку уруу боюнча премьер-министр Девид Кэмерондун сунушун колдобой койгон. Бирок “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары америкалык эки журналисттин жана британ жаранынын башын алгандан кийин жихадчыларга карата Британиядагы коомдук пикир өзгөрдү.

Орто кылымдык халифат курууну каалаган “Ислам мамлекети” тобу Сириянын түндүк чыгышында жана Ирактын түндүгүндө чоң аймакты көзөмөлдөйт.

Премьер-министр Девид Кэмерон 24-сентябрда Нью-Йоркто британ журналисттерине өз өлкөсүнүн Ирактагы халифатчыларга каршы күрөшкө кошулуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө мындай деген эле:

- ”Ислам мамлекети” тобу Британияга түздөн түз коркунуч жаратат. Азыр аларды жеңүү боюнча комплекстүү стратегия бар. Бизден жардам берүүнү сурап, мага Ирак өкмөтү кайрылды. Британия Ирактагы эл аралык авиасоккуларга катыша алуусу үчүн жума күнгө парламентти чогултуудамын. Биз бул ишти мыйзамдуу кылабыз, бул туура.

Кэмерон сөзүндө британ аскерлери жердеги уруштарга катышпасын эскерте кетти.

Расмий Лондондун айтымында, Ирак жана Сириядагы газаватчылардын катарында 500дөй британиялык жүрөт. Алардын айрымдары өлкөгө кайтып келип, түрдүү террордук аракеттерге барышы ыктымал деген кооптонуу эл ичинде күчөөдө.

Европа Биримдигинин контр-терроризм боюнча координатору Жил де Кершов 25-сентябрда Би-би-сиге берген интервьюда Сириядагы жихадчыларга 3 миңден ашуун европалык кошулганын айтты. Бул үч миңдин ичине журтуна кайтып келгендер менен окко учкандар да кирген.

Жыл башында эксперттер Сириядагы согушчандар арасында эки миң европалык бар экенин айтып жатышкан.

Жил де Кершовдун айтымында, АКШ башындагы күчтөрдүн газаватчыларга абадан сокку уруулары алардын Европада өч алуу максатында түрдүү диверсияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт.

Августтан бери АКШ жетектеген күчтөр Иракта “Ислам мамлекети” тобуна асмандан 200гө жакын ирет чабуул койду жана 22-сентябрда алардын Сириядагы өңүт жайларын бомбалай баштады.

Ушу аптадан тарта чабуулга Катар, Бахрейн, Иордания, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги да кошулду.

Франциянын аскердик учактары да акыркы эки күндө Ирактагы халифатчылар ээлеген аймактарды бомбалады. Расмий Париж бул кадамга Ирак өкмөтүнүн суранычына ылайык барган.

Бейшемби күнү Парижде Франциянын Коргоо кеңешинин кезексиз жыйыны болду. Франс-Пресс агенттигинин кабарлашынча, кеңешмеде газаватчылардын Сириядагы өңүттөрүнө сокку уруу маселеси каралды. Бирок андан көп узабай президент Олланддын кеңсесинин билдиргенине караганда, Франция Сириядагы байистүү топтордун “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына каршы күрөшүн колдоону гана күчөтөт.

24-сентябрда халифатчылар менен байланыштагы алжирдик террорчулар Франция Ирактагы операцияга кошулганга байланыштуу француз жараны Эрве Гурделдин башын алган. Гурделди эскерип, өлкө 26-сентябрдан тарта үч күн аза күтүүдө.

XS
SM
MD
LG