Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Иракта халифатчыларга каршы күрөш күчөйт


Британ жоокери күрт пешмергасына согуштук тактиканы үйрөтүүдө. Эрбил, 5-ноябрь, 2014-жыл.
Британ жоокери күрт пешмергасына согуштук тактиканы үйрөтүүдө. Эрбил, 5-ноябрь, 2014-жыл.

Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына кысым токтобойт. АКШ башындагы коалиция өлкөгө дагы 1 500 аскер жиберет.

Бул жөнүндө жихадчыларга каршы чаралардын координатору, генерал-лейтенант Жэймс Терри билдирди. Алар Ирак армиясы жана күрт күчтөрү - пешмергаларды машыктырып, аскерий кеңеш беришет. Ошон үчүн согуштук операцияларга катышпайт. Мындай чечимди коалиция мүчөлөрү өткөн аптада кабыл алган.

Иракта азыр 1 500 америкалык аскер бар. Алар Ирак армиясын жана күрт күчтөрү - пешмергаларды машыктырат жана аларга аскерий кеңеш берет. АКШ башындагы коалиция да Иракка 1 500 аскер жөнөткөнү турат. Бул жөнүндө коалициянын “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына каршы аракетинин координатору, америкалык генерал-лейтенат Жэймс Терри 8-декабрда маалымдады. Ал билдирүүнү 8-декабрда америкалыктардын Кувейттеги логистикалык базасы - Кэмп Бюрингде Пентагондун башчысы Чак Хейгел менен чогуу туруп жасады.

Коалицияга, АКШ Мамдепартаменти билдиргендей, 60тай мамлекет кирет.

Жакында президент Барак Обама Иракка дагы 1 500 аскер жөнөтүүгө уруксат берген. Союздаштар жиберчү колду кошкондо Ирактагы эл аралык күчтөрдүн жалпы саны 4 миң 500гө жетет.

Береги аскерлердин да вазийпасы Ирак күчтөрү менен пешмергаларды машыктыруу болот. Андан тышкары, алар бүтүн өлкө боюнча машыктыруу борборун түзүүгө көмөктөшөт. Себеби, “Нью-Йорк таймс” гезитинин жазышынча, жазда “Ислам мамлекети” уюмуна каршы чоң жортуул мерчемделүүдө.

Азыр Ирактын түндүгү жана батышындагы чоң аймак, ошондой эле Багдаддан 270 чакырымдай түндүктөгү 1 миллиондой эли бар Мосул шаары согушчандардын колунда.

АКШ жана союздаштардын авиациясы 5-декабрдан бери Ирактагы халифатчыларга 31, Сириядагы согушчандарга 15 сокку урду. Ал эми августтан бери бул эки өлкөдө согушчандарга 1200дөн көп аба соккусу урулган. Генерал-лейтенант Терринин айтымында, бомбалоо “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттерине кысымды күчөткөн.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел да Кэмп Бюрингде америкалык аскерлер алдында сүйлөп, коалициялык аскерлердин милдети Ирак армиясы жана пешмергалардын ийгиликти колго алуусуна көмөктөшүү экенин, бирок күрөш узакка созуларын баса белгиледи:

- Ирактын коопсуздук күчтөрү, пешмергалар коалициянын, анын ичинде Кошмо Штаттардын колдоосу жана жардамы менен кээ бир жерлерди артка кайтарып алганы факт. Бул аларга жаңы жагдай, уюм, түзүм берди. Алар демилгени колго алды жана аны улантууда. Мен жана биздин генералдар көп ирет айткандай, бул узак мөөнөттүк аракет. Бул катаал. Айрым учурда артка чегинүү да, жеңиш да болот.

Иракка аскер жөнөтүү чечимин “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына каршы бириккен коалициянын мүчөлөрү 3-декабрда Брюсселде болгон жыйында кабыл алган.

Бул коалиция “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары Ирактын чоң бөлүгүн ээлеп, өлкөдө жана коңшулаш Сирияда орто кылымдык халифат түзгөнүн жарыялагандан кийин түзүлгөн. Анын желдеттери басып алган аймактарда жарандарды кырып, туткундарды, анын ичинде Батыш журналисттерин жана гуманитардык кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Чак Хейгел 9-декабрда Кувейттен Багдадга күтүүсүз визит менен келди. Бул Пентагондун шефинин 2011-жылдын декабрында АКШ аскерлеринин өлкөдөгү аскердик миссиясы аяктагандан бери Иракка алгачкы ирет келүүсү. Чак Хейгелдин айтымында, ал Ирактагы жагдай менен жакындан таанышып, абалга өз баасын берүү максатын көздөйт. Хейгел кызматтан 24-ноябрда президент Барак Обаманын кысымы астында кеткен. Бирок жаңы коргоо министри бекитилгенче милдетин аткара берет.

XS
SM
MD
LG