Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Ирактын качкын вице-президенти сыртынан соттолушун айыптайт


Түркия -- Тарик ал-Хашими медиа жыйында. Анкара, 10-сентябрь, 2012.

Түркия -- Тарик ал-Хашими медиа жыйында. Анкара, 10-сентябрь, 2012.

Ирактын качып жүргөн вице-президенти Тарик ал-Хашими өзүнүн өлүм жазасына кесилишин айыптады.

Учурда Түркияда жүргөн Ирактын качкын вице-президенти кечээ Анкарада кабарчылар менен жолугушту. Исламдын суни багытын карманган Тарик ал-Хашими өзүн асуу жолу менен өлүм жазасына тартуу тууралуу сот чечимин «эки жүздүүлүк» катары баалады.

- Бул чечим кайрадан менин ишим юридикалык эмес, саясий иш экенин, анын максаты мени саясаттан четтеттүү экендигин бышыктап отурат. Бул акыйкатсыз, саясатташкан чечим болду. Анын мыйзамдык күчү жок, ошондуктан бул өкүмдү мен тааныбайм.

Хашими өз коопусуздугу жана акыйкат сот иши кепилденмейинче, мекенине кайта албастыгын бышыктады.

Ал ирактыктарды исламдын шийи багытын карманган премьер-министри Нури ал-Маликини секталар аралык араздашууну козутат деп айыптады:

- Менин сүйүктүү элимдин уулдары, ал-Маликиге жана анын артында тургандарга бул ишти сектанттык ишке айлантуусуна жол бербегиле. Маликинин кутумуна жана коркутууларына жай гана сый менен жооп берип, өз оюңарды жоопкерчилик жана сабырдуулук менен билдиргиле. Мени жана менин максаттарымды ким жактырса, ал Ирак жергесинде бир да ирактыкка, бир да чет элдикке кол тийгиздирбейт.

Хашими Ирактагы эң мартабалуу суни мусулман болчу. Ал жыл башында Ирактын автономдуу Күртстан аймагы аркылуу Түркияга качкан. Ортодо Катарда жана Сауд Арабияда болгон. Ал Түркияда апрель айынан бери жашап жаткандыгы айтылууда. Башка маалыматтар боюнча, бул өлкөгө Хашими июнь айында келген.

Ирак соту Хашимиге каршы өкүмүн өткөн жекшемби күнү чыгарды. Кокустукпу, же атайын пландалганбы, айтор бул күнү Иракта көп кан төгүлдү. Жекшембидеги аз дегенде 88 адамдын өмүрүн алган катарлаш чабуулдар үчүн жоопкерчиликти Ал-Каида террордук тобу менен алакасы бар топ өзүнө алды.

Ал-Каиданын Ирактагы бөлүмү бул чабуулдар «суни мусулмандарынын түрмөлөрдө кыйноого алынышына жана аларды жок кылуу аракетине» берилген жооп экендигин бышыктады.

Сот Хашимиге бир адвокаттын жана бир генералдын өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Мурдагы вице-президентке жана анын сакчыларына бардыгы болуп 150 чакты айып тагылууда.

Быйыл 70ке караган Тарик ал-Хашими 2005-жылдан бери вице президенттик кызматта. 33 жашында аскердик ишин таштап, Ирактын Исламдык партиясында пландоо бөлүмүндө иштеген.

Анын федералимзге каршы экени, мунайдан кирешени калктын санына жараша бөлүштүрүүнү, Саддам Хусейндин Баас партиясына мүчө болгондорду кайра ишке тартып, жаңы армияда жана полицияда суни мусулмандарын көбөйтүүнү жактай тургандыгын маалым.

2006-жылы америкалык ЮСЕй Тодей басылмасы АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш менен суни мусулмандарынын жол башчысы Муктада ал-Садрдын колдоосуна таянган Хашимини премьер-министр Нури ал-Маликини кызматтан четтеттүүнү максат кылган көп партиялуу биримдик түзүп жаткандыгын жазган.

Хашиминин 13 сакчысына каршы камакка алуу буйругу былтыр декабрда чыккан эле. Өкмөт ошондой эле ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салган. 19-декабрда ирактык юридикалык кеңеш Хашими бомба жардырууларын уюштурган деген кине менен аны камакка алууга буйрук чыгарган. Бул буйрук америкалык аскерлер Ирактан чыгарылгандан бир күндөн кийин жарык көргөн.

Хашими анын алдыңкы күнү Күртстанга качып, ошол жактан өзүнө коюлган кинелерди четке каккан. Автономдуу Күртстан бийлиги Багдаддын аны чыгарып берүү буйругун аткарбай койгон.

Вице-премъерге каршы айыптоолор анын сакчыларынын көргөзмөсүнө негизделген.

Суни Хашими менен шийи премьер Маликинин ортосундагы тиреш Ирактагы саясий туруктуулуктан тынчсызданууну дагы тереңдетти. Түркия Хашимини Иракка чыгарып бербей тургандыгын мурдатан эле айтып келатат.
XS
SM
MD
LG