Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

АКШнын Ирактагы аскердик базасы жабылды


АКШнын Ирактагы согуштук операциясынын бүтүшүнө арналган салтанаттан. Багдад, 15-декабрь, 2011.
АКШнын Ирактагы согуштук операциясынын бүтүшүнө арналган салтанаттан. Багдад, 15-декабрь, 2011.

Кошмо Штаттары Ирактагы аскердик баш кеңсесин расмий жапты. Ошону менен дээрлик тогуз жылга созулган Ирак согушу расмий бүттү.

АКШнын Ирактагы дээрлик тогуз жылга созулган согуштук операциясынын бүтүшүнө арналган 15-декабрдагы салтанатта АКШнын Багдаддагы расмий өкүлдөрү бул согушта америкалыктар да, ирактыктар да көп жоготууга учураганын белгилешти.

АКШнын Коргонуу катчысы Леон Панетта ирактыктар менен америкалыктардын көп каны төгүлгөнүн белгилеп, ошол эле убакта АКШ Иракты өзүн өзү башкарып, өз коопсуздугун камсыздай ала турган абалда калтырып жатат деп ырастап, буларды кошумчалады:

- Кыйынчылыктар дале бар, бирок Ирак элинин бул кыйынчылыктарды жеңип, күчтүү жана азыркыдан да өсүп-өнгөн өлкө куруусуна биз да жардамдашабыз.

Багдаддагы салтанатта АКШнын желеги түшүрүлдү. Ал эми америкалык өкүлдөр АКШнын Ирактагы аскердик штаб-квартирасын жабышты.

Америкалык желекти ороп, кездемеден тигилген баштыкка салып жатканда, АКШнын Ирактагы элчиси Жеймс Жефри эки жак тең көп кыйынчылыкка туш келгенин белгиледи:

- Өткөн мезгилди карасак, канча америкалык, канча ирактык жарандын өмүрү кыйылды. Бирок биз келечекке да карайлы. Ирак коопсуз, өз алдынча жашап кете ала турган мамлекет болсун. Ал эми Кошмо Штаттары Ирак өкмөтү менен колдон келишинче кызматташат.

АКШ баштаган күчтөр Иракка 2003-жылдын мартында басып киргенден бери 100 миңден ашык ирактык жаран жана 4500 чакты америкалык аскер набыт болду. Ирактын мурдагы мамлекет башчысы Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин башталган ички согуштарда дагы эки миллионго чукул киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

Ирактагы акыркы бир нече миң америкалык аскер 31-декабрга чейин чыгарылып кетмекчи. Багдадда АКШ элчилигин кайтарууга 200дөй аскер калтырылат.

Ошондой эле АКШнын армиясы Иракка саткан Ф-16 согуш урактары, Абрамс танктары өңдөнгөн согуштук техниканы пайдаланууга ирактык аскерлерди үйрөтүү үчүн дагы 700дөй жарандык машыктыруучу калууда.

АКШнын Ирактагы аскерлери эң көп деген мезгилде 165 миңге жеткен. Логистика адистеринин болжолунда, 2011-жылдын башында АКШ армиясынын Иракта 3 миллион даана курал-жарак, жабдыгы болгон.

АКШнын коргонуу катчысы Панетта Ирактан аскер чыгаруу АКШ армиясынын тарыхындагы эң татаал логистикалык операциялардын бири болуп калаарын эскертти.

Ирактан америкалык аскерлерди алып кетүү ушул жайда, Вашингтон согуштук операциялар бүттү деп расмий жарыялагандан кийин башталган. Ал кезде машыктыруу, абадан көзөмөлдөө, тактикалык кеңеш берүү, логистика жана чалгын иштеринде Ирак армиясын колдоо үчүн делип 50 миңдей аскер калган.

Шаршембиде АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Форт Брэгг аскер базасында АКШнын президенти Барак Обама Ирактан жаңы кайтып келген аскерлер менен жолукту. Ал америкалык аскерлер «болуп көрбөгөн ийгиликке» жетишти деп ырастап, "Силердин аскер башчыңар катары, ыраазы болгон улуттун атынан туулган жерге куш келипсиңер деп айтам, менин куттуктоомо силердин урук-туугандар да кошулат болуш керек," деди.

Шаршембиде ошондой эле Ирактын түштүгүндөгү америкалык аскерлер Дивания шаарындагы базасын Ирактын коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берди. Көзөмөлдү ирактык генерал, Ирак армиясынын 15-бригадасынын кол башчысы Отман ал-Ганими өткөрүп алды:

- Биз Диваниядагы Жаңырык базасынын көзөмөлүн өткөрүп алдык. Бул Эфрат өзөнүнүн орток бөлүгүндөгү акыркы база. Ошону менен бул аймактагы жетекчилик да өзүбүзгө өттү.

АКШ 3 миңдей аскеринин Иракта кала беришин каалаган, бирок өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин өкмөтү мындай сунушту парламенттен өткөрө алган жок.

2004-жылы америкалык аскерлер эки ирет чабуул жасаган Фалужа шаарында жүздөгөн тургундар шаршемби күнү америкалык желектерди өрттөп, каршылык көрсөтүү кыймылын колдогон ураандарды чакырышты.

XS
SM
MD
LG