Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

АКШ коргоо министри Иракка барды


АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Багдадда. 20-февраль, 2017-жыл.
АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис Багдадда. 20-февраль, 2017-жыл.

АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис бүгүн Багдадга күтүүсүз сапар менен келди. Бул анын Пентагондун башчысы катары Иракка алгачкы ирет барышы. Иш сапар Ирак өкмөтү Мосул шаарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу боюнча операциянын жаңы баскычын жарыялаган учурга туш келди.

АКШнын жаңы администрациясынын өкүлү катары Багдадга келген ​Жеймс Мэттис алгачкы сөзүндө эле “Кошмо Штаттар кимдир бирөөнүн мунайын ээлеп алууну көздөбөйт”, - деп белгиледи.

Анын бул сөздөрү президент Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү учурундагы сунуштарынан кабатырланган Ирак лидерлерин ишендирүү максатын көздөгөндөй болду.

Президент Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда бул өлкөгө көргөзүлүп жаткан аскерий колдоонун акысы үчүн Ирактын “мунайын ээлеп алууну” сунуштаган эле.

Пентагондун азыркы башчысынын Иракка сапары Багдаддагы бийликтер өлкөнүн экинчи ири шаары - Мосулду “Ислам мамлекети” тобунан бошотуу боюнча операциянын жаңы баскычын жарыялаган учурга туш келди.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади 19-февралда жарыялагандай, операциянын бул баскычы ИМ тобунун согушкерлеринен Мосулдун батыш бөлүгүн бошотууну максат кылат:

- Биз буга чейинкидей дагы бир жолу баса айтабыз: жарандарга талаптагыдай жана адамкерчиликтүү мамиле кылуу абдан маанилүү. Жер которууга мажбур адамдардын да бардык муктаждыктары камсыздалуусу керек, - деди премьер Абади операция учурунда жайкын тургундардын коопсуздугуна көңүл буруларын ырастап.

2014-жылдын жайынан бери “Ислам мамлекети” тобунун колунда турган жана бир жарым миллиондой эли бар деп саналган Мосул шаарын бошотуу операциясы алгач былтыр 17-октябрда жарыяланган.

Анда чабуулга Ирактын өкмөттүк аскерлеринен тышкары шийит кошуундары, Күрт автономиясынын Пешмерге күчтөрү да киришкен.

Андан берки төрт ай ичинде ирактык күчтөр Мосулду экиге бөлгөн Тигр дарыясынын чыгыш ыптасынын же шаардын чыгыш бөлүгүнүн четки райондорун гана ээлей алды.

Ирактын коопсуздук күчтөрү Мосулдун Батышын карай жылган учур. 19-февраль, 2017-жыл.
Ирактын коопсуздук күчтөрү Мосулдун Батышын карай жылган учур. 19-февраль, 2017-жыл.

Мосулду бошотуу операциясы бир нече айга созулары башында эле болжолдонгон, аскерий талдоочулар шаардын чыгышына караганда батыш ыптасын бошотуу кыйыныраак болорун да айтышкан:

- “Даиште” (“Ислам мамлекети” тобунун арабча аталышы) али чалгын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, “Даиште” жанкечтилери бар, “Даиште” шаардын чыгыш бөлүгүндөгү тургундарды коркутуу мүмкүнчүлүгү бар, ал Мосулдун чыгышы үчүн күрөштөн азырынча баш тарта элек. Чыгыштагыдай эле кысымды биз азыр “Даишке” батышта дагы көргөзүп жатабыз. Күн өткөн сайын биз алардын материалдык-техникалык камсыздоосун үзүп, командачылыгына, курал-жарагына, согушкерлерине сокку уруудабыз. Алардын батыштагы жалпы коргонуусу кысым астында. Менимче, бул Ирактын коопсуздук күчтөрүнө ошол коргонууну бузуп, Мосулдун батышын алып, аны чыгышы менен бириктирип, Мосулдун тургундарынын баарын чындап бошотуусуна мүмкүндүк берсе керек, - дейт АКШнын Ирактагы аскерий кол башчыларынын бири, полковник Патрик Уорк.

“Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн азыркы абалы өткөн аптада НАТО коргоо министрлеринин жыйынында, Мүнхендеги коопсуздук конференциясында, 66 мамлекет кирген эл аралык коалициянын кеңешмесинде да сөз болду:

- Бул тез эле бүтө калуучу нерсе эмес, бирок, албетте биз бул күрөштү ыкчамдатууну көздөйбүз, - деген эле АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис ИМ тобуна каршы коалициянын өткөн аптадагы отурумунда.

АКШнын азыр Иракта өкмөттүк күчтөргө жана аларга өнөктөш кошуундарга логистикалык жана башка колдоо көргөзүп жаткан миңдеген аскерлери бар.

Мосулдун чыгышындагы качкындар лагери. 19-февраль, 2017-жыл.
Мосулдун чыгышындагы качкындар лагери. 19-февраль, 2017-жыл.

Коргоо министри Мэттис эки күн мурда, Багдадга келер алдында эле АКШнын күчтөрү Мосулдун чыгышындагыдай ролду алдыда да улантарын билдирген.

Америкалык Борбордук командачылыктын маалыматына караганда, коалициялык күчтөр операциянын соңку баскычын колдоо үчүн аба соккуларын жасап жатат. Жердеги буталарды болсо аларга Ирактын аскерий бөлүктөрү берүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG