Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Тони Блэрдин жардамчысы көрсөтмө берди


Алестер Кэмпбелл, 2010-жыл, 12-декабрь
Алестер Кэмпбелл, 2010-жыл, 12-декабрь

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрдин маалымат катчысы Алестер Кэмпбелл көз карандысыз комиссиянын алдында 2003-жылы Иракка аскер киргизүүгө байланыштуу көрсөтмө берди.

Ал буга чейин айрым басма сөз каражаттарында Иракка согуш ачууну тездетүү үчүн Алестер Кэмпбелл айрым документтерди оңдоп койгон, деген маалыматтарды жокко чыгарды.

"Кыргын салуучу куралга ишенгенбиз"

12-январда Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрдин саясат боюнча мурдагы башкы кеңешчиси көз карандысыз комиссия алдында Иракка аскер киргизүү маселесине токтолуп, ал күндөрү кандай жагдайда чечим кабыл алынганын айтып берди.

Алестер Кэмпбеллдин билдирүүсү боюнча 2002-жылы апрелде АКШнын андагы президенти Жорж Бушдун Техастагы ранчосунда өткөн пресс-конференцияда Тони Блэр Багдаддын саясий режимин өзгөртүү максатында Иракка каршы согуш ачылышы толук ыктымалдыгын айткан. Ошол эле маалда Алестер Кэмпбелл Иракка каршы согуш ачууда бул билдирүү анчалык бурулуш жасагыдай окуя болбогонун да кошумчалады.

Андан алты ай убакыт өтпөй эле 2002-жылы сентябрда Британиянын чалгын кызматынын маалыматы чыккан, анда Ирак президенти Саддам Хусейн массалык кыргын салуучу куралга ээ экенин, эгер диктатордун кычыгына тийсе анын куралы Лондонго 45 мүнөттө жетип, баш калаанын таш талканын чыгарары айтылган.

Дал ушул документ Кошмо Штаттарынын Иракка каршы ачкан согушуна Улуу Британиянын кошулушун коомчулук алдында актай турган алиби катары кызмат өтөгөн болчу. Кэмпбеллдин айтымында, ошондон кийин Тони Блэр ага элге маалымат берүү үчүн документтерди даярдоону тапшырган.

Ошол эле маалда Тони Блэрдин АКШ президентине жазган каттарынын мазмуну дагы Ирактагы режимдин жолун согуш аркылуу чечүүгө ооп калган болчу дейт, мурдагы кеңешчи.

– Премьер-министр президентке (Бушка) бир топ кат жазды жана мен ал каттардын тону, мен мурда эле айткан элем, ушундай болду: «Биз сиздердин анализдерди, тынчсызданууңарды тең бөлүшөбүз. Иракты куралсыздандыруу үчүн Саддам Хусейндин алдында жоопкерчилик турат. Эгер бул маселе дипломатиялык жол менен чечилбесе, анда аны согуш менен чечүү керек болот. Улуу Британия болсо сөзсүз ал жерде» деген мааниде эле. Бул президент менен жазышкан каттардын мазмунунун мүнөздүү тонуна айланган, - деди Кэмпбелл.

Чалгын кызматынын маалыматы

Ошол эле маалда ал премьер-министр Тони Блэр же анын жардамчылары эч убакта Чалгын кызматтарынан Ирактын өзөктүк куралдары боюнча маалыматтарды бурмалоого көрсөтмө берген эмес, бере да албайт болчу, деп билдирди:

– Премьер-министрдин атынан эч ким чалгын кызматындагыларга «Укчу, тигил аргументке бул аргумент дал келгендей кылып бул маалыматты токуп койгулачы» деп көрсөтмө берген эмес. Мындай эч убакта болгон да эмес, - деди мурдагы басма сөз катчы.

Ошол эле убакта Кэмпбелл чалгын кызматтарынын топтогон материалдары эч убакта Улуу Британия кылычын жалаңдатып Иракка аттансын деп топтолбогонун да кошумчалады. Бирок ал маалыматтар болсо басма сөздө ар кандай нукта талкууланып, анализдене баштаган. Өз кезегинде бул премьер-министрдин Ирактагы кырдаалга көбүрөөк тынчсыздануусуна түрткү берген.

Жалпысынан жардамчы Тони Блэрге даярдалган документтерге кириш сөз жазганын мойнуна алды, бирок аны дагы премьер-министр Тони Блэр коомчулуктун көңүлү Ирактагы кырдаалга бурулгудай деңгээлде жазылса деп тапшыргандан кийин кагазга отурган. Мындан мурда «Гардиан» гезити Алестер Кэмпбелл Ирактагы согуштун башталышын тездетүү максатында Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралдары тууралу маалыматтарды оңдоп салган, деп жазып чыккан болчу.

Жакынкы апталарда бул маселе боюнча мурдагы премьер Тони Блэрдин өзү да көз карандысыз комиссиянын алдында көрсөтмө бермекчи. Эске сала кетчү маалымат - АКШ менен Британия Иракка каршы согуш ачканы менен Саддам Хусейндин өзөктүк куралы таптакыр эле табылган эмес болчу.

XS
SM
MD
LG