Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

ИМ тобуна каршы коалиция Мосулду бошотууга камынууда


Ирак армиясы Фаллужа шаарын бошоткон учур. 17-июнь, 2016-жыл.
Ирак армиясы Фаллужа шаарын бошоткон учур. 17-июнь, 2016-жыл.

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга кирген өлкөлөр Ирактын Мосул шаарын бошотуу боюнча ири операцияга даярдык көрүү маселелерин талкуулашты. Вашингтондогу жыйынга кыркка жакын мамлекеттин тышкы иштер жана коргоо министрлери чогулду. Ирактын экинчи ири шаарын жихадчылар 2014-жылдын жайынан бери ээлеп турушат.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Мосулду жихадчылардан быйыл жыл соңуна чейин бошотууну убада кылууда. Бирок операция качан башталары азырынча айтыла элек.

Ага даярдык көрүү, операциянын жүрүшүндөгү, андан кийинки ыктымал кесепеттер, аларды алдын алуу жана жоюунун жолдору Вашингтондогу акыркы эки күндөн бери өткөн жыйындарда талкууланды.

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга мүчө өлкөлөрдүн бири - Британиянын коргоо министри Майкл Фаллондун айтымында, Мосулду бошотуу мүмкүнчүлүгү азыр жакындап калды, бирок али дагы бир топ иш талап кылынат:

- Мосулду бошотуу баарынан чоң сыйлык болот. Мунун башы азыр көрүнүп калды. Бирок пландоо да али бир нече аптаны, андан кийин шаар үчүн уруштар дагы бир нече аптаны алат. Мосул боюнча операция талаптагыдай даярдалуусу керек. Жетиштүү күч топтолуп, биз ошол күчтөргө талаптагыдай инвестиция жасообуз зарыл. Коалиция боюнча өнөктөштөрдүн ар бири өз салымын кошуп, Ирактын өкмөтү иш жүзүндө шаар бошотулгандын эртеси башталышы керек болгон стабилдештирүү жумуштарын даярдашы абзел. Бул суу, электр кубаты, тазалоо өңдүү негизги кызматтарды эле калыбына келтирүү эле эмес, Мосулга ишеним берүү дегендик. Мосулдун калкы ал жакка кайтып, коопсуз жашоосуна ишеним берүү дегендик.

Ирактын экинчи ири шаары катары саналган Мосулду бошотуу анда этникалык курамы ар кандай болгон бир миллиондон ашуун эл жашарын эске алганда Фаллужа, Рамади, Тикрит шаарларына караганда кыйла кыйыныраак болорун аймак жана коопсуздук боюнча эксперттер дагы айтышууда.

Ирактын шииттер үстөмдүк кылган борбордук өкмөтү, өлкөдөгү суннит лидерлери жана Күрт автономиясынын бийлиги ортосунда Мосул бошотулгандан кийин кантип кайра курулары жана башкарылары боюнча пикир келишпестиктер бар.

Ирактын күчтөрү Мосулга жакын аймактарда. 25-март, 2016-жыл.
Ирактын күчтөрү Мосулга жакын аймактарда. 25-март, 2016-жыл.

Маалыматтарга караганда, Мосулду алуу боюнча операцияга ошол аймактан чакырылган 15 миңдей жоокер тартылары макулдашылган. Кошмо Штаттар жакында Иракка кошумча дагы 560 аскер жөнөтөрүн жарыялап, Ирактагы күчтөрүнүн жалпы санын 4650гө чыгарган болчу.

Кошумча жиберилген күчтөр Мосулду алуу боюнча операцияга колдоо көргөзөрү айтылган.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондогу жыйында сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Биздин коалиция жана жер-жерлердеги өнөктөштөр “Ислам мамлекети” террордук тобунун Иракта алар мурда ээлеп турган аймактардын дээрлик 50 пайызынан, Сирияда 20 пайызынан сүрүп чыгарды. Биздин аба соккулар ИМдин жетекчилигин деградация кылды, алардын камсыздуу түйүндөрдүн, басып кирүүчү аскерий операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн үзгүлтүккө учуратты. Булардан улам ИМдин согушкерлеринин саны кеминде үчтөн бирге кыскарды. Катарына жаңы адамдарды тартуу жайлады, дезертирлик күчөдү. Бүгүн биз чындап эле "Ислам мамлекети" Ирак менен Сириядан толук сүрүлө турган учурду күтө алабыз.

Иракта жергиликтүү армия Мосулду алуу боюнча операцияга даярдыгын жихадчылар 2014-жылдын жайында ээлеген бул шаардын тегерегинде көрүп жатат.

Вашингтондо бир күн мурда Ирактын гуманитардык муктаждыктары боюнча да жыйын өтүп, донор өлкөлөр анда Багдадга дагы 2,1 миллиард доллар жардам берүүнү убада кылышты.

“Ислам мамлекети” террордук тобу менен согуштан улам өлкөнүн 3,3 миллион калкы жер которууга аргасыз болду.

Фаллужа шаарынан качкандар. 27-июнь, 2016-жыл.
Фаллужа шаарынан качкандар. 27-июнь, 2016-жыл.

БУУнун эсебинде Ирак жалпысынан 4,5 миллиард доллар гуманитардык жардамга муктаж. Улуттар уюму өз планында быйыл Ирак үчүн гуманитардык жардам катары болгону 778 миллион доллар караган.

БУУнун өкүлдөрү белгилешкендей, Мосул шаарына күтүлүп жаткан чабуулга чейинки гуманитардык муктаждыктар үчүн 284 милллион доллар, чабуулдан кийинки кесепеттерди жоюуга 1,8 миллиард доллар керек болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG