Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

ЖККУ террористтик уюмдардын тизмесин толуктайт


Жамааттык коопсуздук келишими уюму ага мүчө өлкөлөрдүн аймагында террористтик жана экстремисттик деп табылган уюмдардын катарын арттырат. Бул тууралуу 8-октябрдагы ЖККУнун тиешелүү комитетинин жыйынында белгилүү болду. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалат.

Жыйынга Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын тиешелүү министрлери, коопсуздук боюнча өкүлдөрү жана уюмдун секретариатынын кызматкерлери катышты.

Жумушчу топ эл аралык террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү маселелерин карап, Ирак менен Сирия өлкөлөрүндө “Ирак-Левант ислам мамлекети” жана “Ан-Нусра” террористтик уюмдарынын жигери артып баратканына көңүл бурду. Ооганстандагы абалдын чыңалып турушуна тынчсыздануулар болду.

Талкуу жүрүшүндө терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатындагы жамааттык иш чараларды күчөтүү тууралуу сунуштар иштелип чыкты.

Анын алкагында, террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесине өзгөртүү киргизүү талапка ылайык деп табылды жана аны уюмдун кезектеги жыйынында бекитүү каралды. Ошондой эле 2015- жана андан кийинки жылдары атайын багыттагы күчтөрдүн аскердик даярдыктарын жакшыртуу макулдашылды.

XS
SM
MD
LG