Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Татарстан радикал исламчыларга чара көрүүдө


Муфтийге кол салуудан кийин 700гө жакын адамдын камакка алынышына каршы нааразылык акциясы, 5-август, 2012-жыл
Муфтийге кол салуудан кийин 700гө жакын адамдын камакка алынышына каршы нааразылык акциясы, 5-август, 2012-жыл

Татарстанда кичинекей балдарды дээрлик он жыл жер астында кармаган исламдык сектага каршы кылмыш иши козголду.

Анын алдында жумурияттын муфтийине кол салуу болгон эле. Радикал исламчылардын күнү тууп жатат деп тынчсызданган бийлик диний уюшмаларга жана чет өлкөлөрдө билим алган молдо, имамдарга чектөө киргизүүдө.

Татарстанда ушул аптада ондогон мүчөлөрүн, анын ичинде балдарды он жылга чукул жер төлөдө кармаган деген кине менен жергиликтүү исламдык сектанын төрт мүчөсүнө каршы кылмыш иши козголду. Сектанын 83 жаштагы жол башчысы Файзрахман Саттаров өз үйүн көз карандысыз Ислам мамлекети деп жарыялап, жолдоочуларына дарыланууга жана билим берүүгө тыюу салган экен.

Ал эми өткөн айда Татарстандын муфтийи Илдус Фаиз кол салууда жараат алып, анын жакын шериги Валиулла Якупов атып өлтүрүлгөн эле. 19-июлдагы ошол окуядан кийин татар депутаттары диний эркиндиктер боюнча мыйзамдарды өзгөртүүгө киришкен. Мына эми ушул аптада президент Рустам Минниханов кол койгон өзгөртүүдө чет элдик жарандарга Татарстанда диний уюм түзүүгө тыюу салынат. Жумурияттагы бир жарым миңдей диний уюм өз кызматкерлери менен келишим түзүүгө милдеттендирилет.

Татарстан парламентинин билим берүү жана маданият комитетинин төрагасы Разил Валиев буга чейин диний уюмдар өз билгениндей иш жүргүзүп келгенин мындайча белгиледи:

- Мурда бийлик уюмдарга дин эркиндигин сактоого кеңеш берүү менен чектелчү. Азыркы жаңы өзгөртүүлөр боюнча уюмдар эми мыйзамдын аткарылышын кепилдөөгө милдеттендирилет. Аларга кошумча укуктар берилип, ошол эле убакта жоопкерчилиги күч алдырылып жатат.

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, диниятчылар диний билими бар экендигин далилдеши керек болот, ал эми чет өлкөдө билим алгандардын диплому Орусияда таанылгыдай болушу керек.

Бийликтердин бул кадамдарын айрымдар Москва колдогон Казан бийликтеринин татарлардын өз алдынчалыгын чектөө далалаты деп баалашууда. Ал эми башкалар өткөн айдагы муфтийге кол салууну Татарстанда радикал исламдын тамыр жайышынын далили катары кабыл алышты. Исламчыл согушкер муфтийге жана анын жардамчысына кол салганын мойнуна алган тасманын жарыяланышы жумурияттагы мусулмандардын радикалдашуусу тууралуу тынчсыздануу канчалык негиздүү экенин дагы бир ирет ырастагандай болду. Диний эксперт Марк Смирнов:

- Бул кооптонууларга олуттуу негиз бар. Көп адамдар араб өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта окуп, Орусияга исламдын салафизм катары белгилүү болгон радикалдык формасын алып келишүүдө. Бул согушчул агымдын башкы максаты саясий исламдык бийликти же халифатты куруу болуп саналат.

Бул тасмада өзүн Мухаммад деп атаган согушкер Татарстандын мусулман жетекчилиги шарият мыйзамына баш ийбесе, дагы кан төгүлөөрүн эскертет. Ал ошондой эле өзүн Кавказ эмиратын жарыялаган чечен согушкери Доку Умаровдун жолдоочусу экендигин белгилеген.

Алексей Малашенко Москвадагы Карнеги аналитика борборунун ислам боюнча адиси. Анын айтымында, Татарстандагы сөз болуп жаткан окуялардын чечен согушкерлери менен байланышы бар экендиги анык. Ал мындай байланыш анчейин бекем болбогон менен, ал күч алып жаткандыгын белгилейт.

Чет өлкөлөр менен байланышы бар диний уюмдарга кысымдын күч алышын бир топтор туура кадам деп санашууда. Бирок башкалардын мындай кысым Татарстандагы радикал ислам менен күрөшкө жардамчы болоруна көзү жетпейт. Малашенко чет өлкөдө билим алган имамдарды теске салуудан чектелүү гана майнап болот деп эсептейт:

- Мындай жардам болбойт, эгер аларды мечитке киргизбей койсок, алар тымызын топторго кошулуп кетишет. Мындай чаралардан адатта пайда болбойт.

Татарстанда айрымдар бийликтерди жаңы мыйзам менен өз бийлигин бекемдөөнүн айласын көрүп жатат айыпташууда. Муфтий Фаиз менен анын орун басары Якуповго кол салуудан кийин бир топ сандагы адамдардын камалышы да көп нааразылыкты жаратты. Укук коргоочулардын эсебинде, 700 чакты киши түрмөгө отургузулса, бийлик оппоненттери алар негизсиз кармалып, көбү дале абакта жатат деп ырасташууда.
XS
SM
MD
LG