Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Мамлекеттик кызматка жеткен радикализм


Айт намазга жыгылып жаткан Жогорку Кеңеш депутаттары

Айт намазга жыгылып жаткан Жогорку Кеңеш депутаттары

Укук коргоо органдары Фейсбук аркылуу кыргызстандыктарды жихадга үндөөгө шектелген чек арачынын үстүнөн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда аны менен иштегендер, чогуу жүргөндөр суракка алынууда.

Бул окуя коомчулук арасында мамлекеттик структураларда, күч органдарында радикалчыл исламды тутунган же таасирине кирген кызматкерлер тууралуу талкууга жем таштады.

Өткөн жума Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына “биздин чек ара бекети жакшы кайтарылбайт, курал-жарак чыгарып кетсе болот” деп жихадга үндөгөн чек арачынын ким экендиги аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Чек ара кызматы шектүү аскердин чөйрөсүндөгү адамдарды да суракка алууда. Ошондой эле чек арадагы аскерий бөлүктөрдүн коопсуздугу күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Гүлмира Бөрүбаева:

- Шектүү аскерди суракка алуу бүтө элек. Ал жерде анын социалдык тармакта жазып койгону эле каралып жаткан жок. Анын айланасындагы адамдар, тааныштары да кошо изилденип жатат. Учурда чек арадагы аскерий бөлүктөрдүн коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлдү.

Бул окуя коомчулукта өлкө коопсуздугу тууралуу талкууга жем таштады. Дин иштери боюнча серепчи Назира Курбанова учурда радикалдык уюмдардын тарапкерлери өлкөнүн каалаган катмарына аралашып кетиши мүмкүн экенин айтат. Ал Ички иштер министрлигинин ичиндеги салафий тарапкерлери тууралуу укканын ортого салды.

- Мамлекеттик структураларда, ички иштер органдарында салафийлерди колдогондор бар деп айтылып келет. Мисалы, ИИМде иштеген полковник “бизге маалымат түштү. Анда Пригородное айылында салафийлер жолугат деп айтылган. Биз алардын иш-чарасына көзөмөл салуу үчүн кызматкерлерди жөнөтүп, алар жеткенче топтолгондор тарап, эч ким, эч нерсени айтпай койду. Демек өзүбүздүн арабызда аларды колдогондор бар окшойт деп калдык” деп айтты. Бул маселе кооптуу, буга системалык түрдө көз салуу керек.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлигинен да, Улуттук коопсуздук кызматынан да өз кызматкерлери тарабынан экстремисттик уюмдардын катарына өтүп кеткендер же аларды колдогондор катталбаганын маалымдашты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Жакып Зулпуев милиция кызматкерлеринин арасында ислам динин карманып, намаз окуп жүргөндөр бар болгону менен алардын радикалдык топторго ыктап кетүүсү мүмкүн эмес дейт.

Кыргызстанда бийлик өкүлдөрүнүн арасында да диний агымдардын иш-аракетин жактагандар бар экендиги айтылып келет.

“Акылдуу чечимдер” аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев чыныгы коркунучту көкүрөк кагып, радикалдык чакырык таштагандардан эмес, учурда тынч ишин жүргүзүп жаткан кыймылдардан издөө керектигин белгилейт.

- Болжолго таянып айта турган болсок, мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле борбордон алыс жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн арасында экстремисттик уюмдардын таасириндегилер бар. Кыргызстан үчүн “жихадга чакырган чек арачы” сыяктуулардан да алда канча коркунуч туудурган “Таблиги жамаат” сыяктуу тынч уюшмаларды айтса болот. Ушуга окшогон тынч жамааттын таасиринде, алгачкы мусулманчылык таанымын түптөгөн адамдар келечекте оңой эле экстремисттик уюмдарга, анын ичинде салафийлерге жана "Хизб-ут Тахрир" уюмдарына кирип кетиши мүмкүн. Ал эми “Таблиги жамаатты” колдогондор Жогорку Кеңеште, өкмөттө, армияда, милицияда бар экени эч кимге жашыруун эмес.

Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда тыюу салынган “Таблиги жамаат” кыймылына Кыргызстанда чектөө киргизилген эмес. Аталган кыймылга байланыштуу Коопсуздук кеңеши да өз чечимин чыгара элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG