Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Израил: "Кызыл сызык" согушка жеткирбейт


Бинямин Нетаняху Башкы ассамблеяда. 27-сентябрь, 2012-жыл.

Бинямин Нетаняху Башкы ассамблеяда. 27-сентябрь, 2012-жыл.

27-сентябрда БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясында Израилдин премьер-министри өзөктүк программасы шек туудурган Иран үчүн “кызыл сызык” коюу керектигин айтып чыкты. "Кокус Иран ошол “кызыл сызыктан” өтүп кетсе, сокку урулушун күтө алат". Жөөт өкмөт башчысынын БУУдагы сөзүн ирандык делегация бойкоттоду.

Бинямин Нетаняху БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда жыйындын катышуучуларына атайын даярдалган плакатты колдонуу менен түшүндүрмө бергендей, өзөктүк бомба жасоого даярдык көрүү жараяны учурунда уран байытуунун үч баскычы бар.

Жөөт өкмөт башчысы ырастагандай, Иран азыр уран байытуунун экинчи баскычында турат жана ал “кызыл сызык” деп атаган чек ара уран байытуунун мына ушул экинчи, ортоңку баскычы бүткөн жерге коюлуш керек.

Андыктан Бинямин Нетаняху эл аралык коомчулукту Иранга “кызыл сызык согушка алып барбайт", “кызыл сызык согушту алдын алат” деп ачык айтууга чакырды:

- Ушул кечки саатта Иран атомдук бомбага ээ болушун тынч жол менен алдын алуунун жалгыз жолу бар. Бул - Ирандын өзөктүк программасы үчүн кызыл сызыкты так коюу. Иран сыяктуу өлкө үчүн бомбага жеткидей уран байытуу көп жылдарды алат. Бул миңдеген центрифугаларды, абдан чоң өнөр жай ишканаларын талап кылат. Иран өзөктүк дүрмөттү, жаргычты абдан эле кыска мөөнөттө, балким бир жылга жетпеген мезгилде, балким саналуу ай ичинде өндүрө алышы мүмкүн.

Ирандын атайын күчтөрү

Ирандын атайын күчтөрү

Израил өкмөт башчысынын болжолунда, 2013-жылдын жайынын акырына барып, Ирандын колундагы байытылган урандын көлөмү жагынан үчүнчү баскычка же өзөктүк бомба жасоонун “босогосуна” жетип калат:

- Ирандын өзөктүк курал жасоосун ишенимдүү алдын алуунун жалгыз жолу - ал бомба үчүн жеткидей уранды байытуусун алдын алуу. Маселе Иран бомбага качан ээ болорунда эмес, маселе биз аны кайсы баскычта токтоторубузда турат. Кызыл сызык Ирандын уран байытуу программасына коюлушу керек. Анткени биз ачык көрүп турган жана ишенимдүү бутага ала турган жалгыз өзөктүк жабдуулар ошол уран байытуучу жайлар.

Бинямин Нетаняху сөзүндө Иран террордук топторго колдоо көрсөтүп жүргөнүн эске салып, "анын өзөктүк куралга жетиши менен дүйнөдө өзөктүк куралы бар “ал-Каида” пайда болгонун элестете бергиле”, - деп айтты.

Израилдин лидерлери акыркы бир жылга жакын убакыттан бери кокус Иран өзөктүк бомба түзүүгө жакындап калса, анын өзөктүк жайларына бир тараптуу сокку ура аларын утур-утур эскертип келишет.

Бирок Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ушул аптада Нью-Йорктогу басма сөз жыйындардын биринде алар Израилдин коркутуусуна олуттуу деле маани беришпей турганын белгиледи:

- Биз сионисттердин Иранга кол салуу жөнүндөгү коркутууларына олуттуу деле маани бербейбиз. Иран акыр аягында улуу өлкө, ишенип коюуңуздар, бизде коргонуу каражаттарынын баары бар. Коргонууга даярбыз жана сионисттер өзүн туңгуюкка алып бара жатат деп эсептейбиз. Алар бул туңгуюктан чыгуунун жолун табуу үчүн айлакер болууну көздөшүүдө.

Махмуд Ахмадинежад Израилдин Жакынкы Чыгышта “тамыры жоктугуна” токтолуп, Башкы ассамблеяда шаршембиде сүйлөгөн учурда Батыш өлкөлөрүн өзөктүк курал коркунучун дүйнөдөгү аларга ылайыктуу азыркы тартипти сактап калуу үчүн колдонуп жатат деп айыптаган.

АКШ менен Израил Иран президентинин БУУдагы сөздөрүн бойкоттогон болчу. Израилдин премьер-министри сүйлөп жатканда ирандык делегация да ушундай эле кадамга барды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG