Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Израил-палестин чатагы БУУда каралат


Газа тилкесинде израил армиясынын аба соккусунан кийин пайда болгон түтүн. 8-июль.
Газа тилкесинде израил армиясынын аба соккусунан кийин пайда болгон түтүн. 8-июль.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун кескин курчуп кеткен израил-палестин тирешүүсү боюнча Коопсуздук кеңешине маалымат бергени жатат. Ал арада Израилдин өкмөт башчысы Хамаска каршы чаралар күч аларын эскертти.

БУУнун 15 мүчөдөн турган Коопсуздук кеңешинин жыйыны бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизге белгиленген. Мунун алдында Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаньяху палестиндердин Газа тилкесин башкарган фундаменталисттик Хамас уюшмасына каршы дагы кошумча катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пан Ги Мун кечээ кабарчыларга кырдаал «татаал жана кооптуу» экенин айткан эле. БУУнун жетекчиси бул күнү аймактык жана дүйнө лидерлери менен, анын ичинде Нетаньяху, палестин лидери Махмуд Аббас жана АКШнын мамкатчысы Жон Кэрри менен сүйлөшкөн.

Ал арада Израилдин армиясы өткөн түнү палестин аймагында 322 бута аткыланганын бышыктады. Ошону менен Хамаска каршы операциялар башталгандан бери буталардын жалпы саны 750гө жетти.

Ошол эле убакта согушкерлер Израилди ракетадан аткылоону улантууда. Кырдаал курчугандан берки Израилдин абадан соккусунан аз дегенде 70 киши, анын ичинде кеминде 11 аял, 18 жаш бала набыт кетти.

Палестин бийлигинин башчысы Махмуд Аббас Израилди айыптады. Ал Рамаллада Газа тилкесиндеги кырдаалды бийлик фракциялары менен талкуулады:

- Израил өзүн коргоп жаткан жок, басылып алынган жерлерди, жөөт конуштарын коргоп жатат. Израилдин саясий максаты ишке ашаары күмөн, ага карабастан, биз сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок бул үчүн Израилдин көздөгөнү эмне экенин билишибиз керек.

Бүгүнкү соккуда Газадагы Хан Юнус шаарында жети кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда. Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Ашраф ал-Кудра курмандыктардын үчөө аял, төртөө жаш бала экендигин бышыктады.

Бул Израил менен Хамастын ортосунда 2012-жылдан берки эң чоң кандуу тиреш болду.

Израил армиясынын өкүлү абадан сокку уруунун максатына түшүндүрмө берди:

- Согуштук операция эки максатты көздөйт; биринчиден, Хамаска сокку уруп, анын Израилге каршы агрессиясы үчүн катуу жазалоо, экинчиден, алардын ракета менен атуу дараметин начарлатуу. Мындан тышкары, террор өткөөлүн кыйратып, дагы башка көздөгөндөрүбүз бар. Хамас деген террордук уюмдун бизди барымтада кармашына жол бере албайбыз,- деди израил армиясынын маалымат катчысы Петер Лернер Израилдин Газа тилкеси менен чек арасындагы Ашкелон шаарынан Рейтер агенттигине.

Израил армиясы согушкерлер Израилди ракета менен160тан ашык жолу атканын билдирди.

Ошол эле убакта үч ракета Израилдин Димона шаарына жакын жердеги ядролук реакторун бутага алды. Израил армиясы эки ракета ачык жерге түшүп, үчүнчүсүн Темир Чатыр деп аталган коргонуу системасы жок кылганын бышыктады.

Израил ракета чабуулу токтобосо, Газага жөө аскер жиберерин эскертүүдө. Өкмөт 40 миңдей резервдеги аскерди армияга чакырууга буйрук берди. Газа менен чек ара аймагында буга чейин миңдеген аскер чукул даярдык абалга келтирилген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кечээ бардык тараптарды тирешин токтотууга чакырды, бир эле мезгилде Израилдин өзүн коргоого укугу бар деп эскертти.

Соңку тиреш үч жума мурда израилдик үч өспүрүм уурдалып, Батыш жээкте өлтүрүлгөндөн кийин башталган эле. Батыш жээкти Махмуд Аббастын палестин бийлиги жетектеген менен, Израил Газаны башкарган Хамасты күнөөлөп, жүздөгөн хамасчыны камакка алды.

XS
SM
MD
LG