Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Вашингтон Израилди конуштарды курууну токтотууга көндүрбөйт


Иерусалимдин жанындагы жөөт конушу, 8-декабрь 2010-жыл
Иерусалимдин жанындагы жөөт конушу, 8-декабрь 2010-жыл

АКШ оккупацияланган жана талаштуу аймактарда жөөт конуштарын курууга мораторий киргизүү аракетин токтотту.

Израил менен Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү сентябрда жанданып, бирок көп узабай кайрадан туңгуюкка такалган. Вашингтондун расмий өкүлү Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттери улана береерине ишендирди.

Сентябрда Вашингтон шаарында дээрлик 2 жылдык тыныгуудан кийин Израил жана Палестина жетекчилеринин тикелей сүйлөшүүлөрү өткөн. Анда ар эки аптада жолугушуп, тынчтыкка жетишүү жолдорун талкуулап туруу жөнүндө макулдашылган. Арийне 26-сентябрда Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жөөт конуштарын тургууза киргизилген мораторий соңуна чыгып, Телавив эл аралык коомчулуктун кысымына карабай, аны узартпай койгон.

Палестина курулуштар улана берсе, сүйлөшүүлөргө андан ары катышпай турганын эскерткен. Израил премьер-министри Бенямин Нетаняху болсо Палестина Израилди жөөт мамлекети деп тааныганда гана мораторий узартылат деген шарт койгон. Бирок Палестина администрациясы аны четке каккандан кийин АКШнын сүрөөнчүлүгү менен жанданган диалог кайрадан туңгуюкка такалды.

Ошондон бери америкалык дипломаттар Израилди палестиналыктардын шартын аткарууга көнүдүрүү аракетин көрүп келишти.

7-декабрда Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Филип Кроули мораторий маселеси боюнча мунасага жетишилбегенин моюнга алды: “Биз мораторий, анын узартылыш тараптардын ийгиликтүү жана ырааттуу сүйлөшүүлөрүн алга жылдыруу үчүн эң эффективдүү механизм болушу мүмкүн деген ойду көпкө карманып келдик. Бирок прогресске жетишүү үчүн бул эң мыкты жол эмес деген жыйынтыкка келип отурабыз”.

Мындай билдирүүдөн кийин Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын жардамчысы “АКШ анын аракеттеринен майнап чыкпаганын жарыялады” деп комментариялады.

Жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяхунун кеңсеси жасаган билдирүүдө Израил палестиналыктар менен тарыхый тынчтык келишимине жетишүү аракеттерин улантууга чечкиндүү деп белгиленди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Марк Регев: “Палестинанын суверендүүлүккө умтулуусу Израилдин коопсуздук кызыкчылыгына каршы келбейт деп бекем ишенебиз”, - деди.

Кроули Вашингтон тынчтык сүйлөшүүлөрүн туңгуюктан алып чыгуу жолдорун табууга аракеттенет деп ишендирди. Израил жана Палестина чабармандары эмки аптада Вашингтонго барып, АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы.

Палестина өкмөтүнүн расмий өкүлү Гассан Хатиб да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи: “Кандай болбосун, Палестина эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантууга берилген бойдон кала берет. Эки тарап тең эл аралык укук нормаларын, анын ичинде Изараилдин конуштарын кеңейтүүнү токтотуу керектигин урматоого тийиш”.

Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгин 1967-жылы басып алган. Оккупацияланган жерлердеги 100 чакты конуштарда 500 миңден ашуун жөөт жашайт. Ошол турак жайлар эл аралык укукка ылайык, мыйзамсыз болуп эсептелгени менен Израил аны талашып келатат.

XS
SM
MD
LG