Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Өзгөндө дагы көчкү жүрдү


Көчкү жүргөн жер.
Көчкү жүргөн жер.

Өзгөн районундагы Зергер айылынын Топ-Жаңгак участкасында бүгүн жер көчкү кайра кайталанды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 26-мартта көчкү жүргөн тилкеде беш турак жай жайгашкан. Анын төртөө топурак алдында калды, алардын үчөөндө эч ким жашаган эмес, биринин жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми ичиндеги жашоочулар менен көчкү алдында калган бир үйдө алты адам жашачу. Мындан тышкары бул үй-бүлөнүн жакын тууганы мал издеп келип, анда түнөп калган деген божомол бар.

Бүгүн эртең менен түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган. ​

XS
SM
MD
LG