Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Израил 50 ашуун палестиндиктин үйүн тартып алды


БУУнун кызматкерлери үйүнөн куулган Нассар ал-Гавинин үй-бүлөсүнө үйүндөгү жүктөрдү чыгарып беришүүдө, 3-август, 2009.
БУУнун кызматкерлери үйүнөн куулган Нассар ал-Гавинин үй-бүлөсүнө үйүндөгү жүктөрдү чыгарып беришүүдө, 3-август, 2009.

Израил Иерусалимдин чыгышында басылып алынган аймактан 50 ашуун палестинди үйүнөн чыгарып салып, оордуна жөөттөрдү киргизди. АКШ, Британия, Улуттар уюму муну катуу айыпташты.

Чыгыш Иерусалимди 1967-жылкы алты күндүк согушта Израил басып алган. Кийин аны өзүнүн аймагына кошуп алды. Бирок эларалык коомчулук бул аймакты Израилге карайт деп тааный элек. Иераусалимдин ушул бөлүгүндө жашаган палестиндиктерди жекшембиде жөөт полициясы күч менен чыгарганын Улуттар уюму айыптады.

Уюмдун агенттигинин палестин качкындары боюнча расмий өкүлү Крис Ганнес бул райондо палестиндиктер жарым кылымдан ашуун мезгилден бери жашап келгенин айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Меган Маттсон болсо: “Бул кадамы менен Израил аймакта тынчтыкты орнотуу боюнча “тынчтык картасынын” эрежелерин бузду”, - деп айтты.

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Улуттар уюмунун атынан чыгып жаткан Роберт Серри муну “эч кабыл алгыс иш болду” деп атады. “Дүйнө азыр аймакта тынчтык орносун үчүн көрүп жаткан аракеттерди бул жууп кетет, абалды дагы курчутат” деди ал.

Жөөт полициясы болсо Израилдин Жогорку соту өткөн айда чыгарган чечимди аткарганын айтып жатат. Сот “бул жердеги үйлөр жөөттөрдүкү жана анда араптар мыйзамсыз жашашат” деген болчу.

Нассар ал-Гави - үйүнөн чыгарылып салынган палестиндердин бири: “Таңкы саат 5:30да бирөөлөр эшикти сындырып эле, бастырып киришти. Кыйсыпыр салып, баарыбызды кууп жатты. “Тез жардам” машинеси жаракат алгандарды алып кетип жатты. Ушундай жапайы операция болду. Бул - такыр мыйзамга жатпаган террористтик операция”.

Палестинанын айрым лидерлери жекшембидеги окуяларды чыгыш Иерусалимдеги палестиндиктердин санын кыскартып, жөөттөрдү көбүрөөк отурукташтырууну ниет кылган планынын бир бөлүгү дешет. Азырынча бул жерде 250 миңдей палестиндик жашайт. Жөөттөрдүн саны алардан 50 миңдей азыраак.

Хатем Абдул Кадер - палестин мыйзам чыгаруу кеңешинин Иерусалим боюнча мүчөсү: “Шейх Ярра районундагы күрөш али бүтө электиги анык. Жалпысынан 28 үйдү тартып алыш керек деген буйрук бар. Алардын үчөөн алып коюшту. Эми калгандарын сактап калуу боюнча күрөш жүрүп жатат. Биз аларды сактап калыш үчүн саясий да, социалдык да, мыйзамдык да деңгээлдерде бекем турабыз”.
Израил-палестин конфлигинде чыгыш Иерусалимдин статусу өтө талылуу маселе болуп келген. 1967-жылкы согуштан кийин Израил бул аймакка жөөттөрдү массалык түрдө көчүрө баштаган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG