Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Нетаньяху АКШны Иранга ишенбөөгө чакырды


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинде сүйлөп жатат. 3-март
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинде сүйлөп жатат. 3-март

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессиндеги кайрылуусунда Иранды бүткүл дүйнө үчүн коркунуч деп атады. Анын айтымында, Вашингтон Ирандын өзөктүк программасын улантууга жол бербеши керек.

Шейшембиде көптөн бери кызуу талкууга жем таштаган АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Биньямин Нетаньяху Американы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койбоого чакырды. Анын айтымында, быйыл жайында кабыл алынаары күтүлүп жаткан келишим Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүнө тоскоол боло албайт:

- Биз бир жылдан бери жаман келишимден көрө анын жок болгону жакшы деп кайталап келатабыз. Бул абдан жаман келишим болгону турат. Андай документ жок эле болгону оң.

Израил лидери Иран өзөктүк программасын толугу менен токтотмойун, кандай гана келишим кабыл алынбасын, анын кесепети кооптуу болорун айтууда.

Биньямин Нетаньяхунун билдирүүсүнө каршы АКШдагы Израил элчилигинин алдында нааразычылыкка чыккан адам. 3-март
Биньямин Нетаньяхунун билдирүүсүнө каршы АКШдагы Израил элчилигинин алдында нааразычылыкка чыккан адам. 3-март

Нетаньяху Иран учурда Израил үчүн эле эмес, бүткүл Жакынкы Чыгыш жана дүйнө үчүн коркунуч жаратып жатканын белгилеп, расмий Тегеранды исламчыл эктремисттер менен тыгыз байланышта деп айыптады.

- Иран жана “Ислам мамлекети” тобу согушчул исламдын таажысын күйүү үчүн атаандашып жатат. Бири өзүн “Ислам Республикасы деп жарыяласа, экинчиси өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган. Экөө тең согушчул ислам империясын түзүүнү максат кылууда. Алгач аймакта, андан соң бүткүл дүйнөдө. Алардын кимиси бул империянын башында турары боюнча тил табыша албай жатышат.

Ошондуктан Израил лидери Тегеранды “Ислам мамлекетине” каршы операцияга кошпоого чакырып, бул өлкө АКШнын душманы бойдон калат деп эскертти.

Израил премьер-министринин бул кайрылуусуна АКШ президенти жана Ирандын бийликтери илгиртпей жооп кайтарды. Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги жазгандай, расмий Тегеран Нетаньяхунун кайрылуусун “өтө тажатма жана зериктирме” болду деп сыпаттап, “Израилдеги шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү” деп баалады.

Ал эми Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Нетаньяхунун кайрылуусун окуганын айтып, анда "эч кандай жаңылык жок" деп билдирди:

Барак Обама журналисттерге билдирүү жасап жатат. 3-март,
Барак Обама журналисттерге билдирүү жасап жатат. 3-март,

- Премьер-министр Нетаньяху келишшим боюнча эч кандай жигердүү сунуш берген жок. Мындай болгон соң, АКШ жана Израил кайсы маселеге көңүл бурушу зарыл. Мен президент болгонго чейин эле айтып келгендей, биздин тышкы саясаттын негизги максаты - Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна мүмкүнчүлүк бербөө.

2-мартта Reuters агенттиги менен болгон маегинде Барак Обама Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишилсе, бул өлкө кеминде он жылга дейре атомдук курал өндүрүүгө жол ачкан бардык аракеттерге мораторий киргизиши керек экенин ачыкка чыгарган эле.

Израил өкмөт башчысынын кайрылуусун Конгресстин эки палатасынын өкүлдөрү угушту. Айрымдары кайрылууну кол чаап, кубаттап турушту. Бирок Демократиялык партиянын 40ка жакын мүчөсү Нетаньяхунун кайрылуусуна наарызылыгын билдиришти. Ал эми Өкүлдөр палатасындагы Демократиялык азчылыктын лидери Ненси Пэлоси кайрылууну америкалыктарды кемсинтүү катары баалап, “ызаланып” ыйлагысы келгенин айтты.

Нетаньяхунун АКШга сапары Израилде парламенттик шайлоого эки апта калганда уюштурулду. Ушул себептен Барак Обама Израил премьери менен жолугушуудан баш тарткан. Адатта Конгресстин жыйындарына төрагалык кылган вице-президент Жо Байден Гватемаледе сапарда жүргөнү үчүн катышкан жок. Ал эми Нетаньяху “Израилдин жакын досу” деп атаган мамлекеттик катчы Жон Керри бул учурда Ирандын өзөктүк программасы боюнча бул өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугуу үчүн Швейцарияга кеткен.

Керри менен Зариф бүгүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасын өткөрүштү. АКШ баштаган дүйнөнүн алты ири өлкөсү катышкан сүйлөшүү бир нече жылдан бери уланып келатат. Ага ылайык, Иран талаштуу өзөктүк программасын сырткы көзөмөл астында чектөөгө макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жоюшу керек. Тараптар өзөктүк программа боюнча жыйынтык келишимге 30-июнга чейин жетишүүнү мерчемдеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG