Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29
Музыка жана тарых… Опера жана улуттук биримдик… Булардын ортосунда кандай тутумдаштык же тикеден-тике байланыш болушу мүмкүн? Мындай суроо коюп жатканыбыздын себеби канткен менен музыка - бул көркөм өнөр, ал эми опера - ошол музыканын өтө эле элитардык түрү. Опера - бул эстрада же фольклор эмес, аны массалык искусство деп да эч ким айта албайт.

Бирок дүйнө маданиятынын тарыхы көрсөткөндөй, чыныгы таланттардын, музыка генийлеринин колунан жаралган опералар да бара-бара массалык маданияттын кеңири таралган түрүнө айланып кетиши толук мүмкүн экен. Ага мисалдар толтура. Эң эле атактууларын санайлычы: Бизенин “Кармен” операсы, андагы Кармендин ариясы же атактуу хабанера, же Моцарттын “Фигаро” операсындагы Фигаронун ариясы ж.у. с.

Ошондой массалык маданиятка толугу менен камыр-жумур болуп аралашып кеткен опера чыгармаларынын бири - Жузеппе Вердинин “Набукко” операсы жана ал операдагы байыркы иудей кулдарынын хору десек туура болот го.

Бул хор - чыныгы музыкалык шедевр, азаттык, улуттук биримдик тууралуу дүйнөдөгү эң улуу ырлардын, тагыраак айтканда хорлордун бири. Автору италиялык улуу композитор, “Аида”, “Дон Карлос”, “Травиата”, “Риголетто”, “Трубадур” сыяктуу классикалык опералардын автору Жузеппе Верди. Ал эми хор болсо ошол эле Вердинин кыргыз угармандарына анча жакшы тааныш эмес “Набукко” деген операсынан алынган хор. Тагыраак айтканда, өз эли-жеринен адашып, туткунга түшүп, кантип баш бириктиребиз, кантип Мекенибизди азаттыкка чыгарабыз деп санаа чеккен адамдардын ыры…



Жузеппе Верди бул операсын жазганда атайын максат менен, башкача айтканда, өзүнүн италиялык мекендештерин ойготуп, намысы менен арына тийиш үчүн жазган деген пикирди айтышат музыка тарыхчылары. Себеби Верди жашаган учурда, башкача айтканда, 18-кылымдын башында Италия азыркыдай бир бүтүн мамлекет болгон эмес, чачыранды болуп, майда-майда мамлекеттерге бөлүнүп кеткен кези болгон. Тоскана, Венеция, Ломбардия, Сицилия, Флоренция сыяктуу азыркы Италиянын эң эле атактуу аймактары, деле байыркы Рим цивилизациясынын мураскору болуп эсептелген бул өлкө ар кимиси өз алдынча жашаган майда мамлекеттер болгон. Ошондуктан Австрия сыяктуу алдуу-күчтүү мамлекеттерге жем болуп, бир кезде дүйнөнүн эң зор империясы болуп эсептелген Рим империясынын наамы гана калып, жалпы эле италиялыктардын ич ара ынтымагы ыдырап, баш бириктире албай, бир заманда бүтүндөй цивилизацияны жараткан Италиянын эли чет өлкөлүк баскынчылардын кол алдында бечара эл болуп калган убак эле...

"Набукко" операсы

"Набукко" операсы

Ушунун баарын көрүп-билип, бүт жан-дүйнөсү менен сезип турган Жузеппе Верди аскер башчы же согуш адамы эмес, музыкант, чыгармачылыгын жаңы баштап келаткан композитор гана болсо да, италиялыктардын рухун ойготуп, калктын намысына тийип, музыка менен болсо да улуттун азаттыгына салым кошууну эңсеген экен. Ошентип анын атактуу операсы “Набукко”, андагы гениалдуу хор жаралыптыр…

Тилекке каршы “Набукко” операсы кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнө анча деле белгилүү эмес. Бул опера азырынча биздин сахнада жаңыра элек. Бирок ал эртедир-кечтир сөзсүз жаңырат го деген терең ишеним бар. Анткени бул операда бидин улуттук тарыхыбызга да абдан үндөш ойлор, сюжеттер бар. Биз да нечен кылымдар бою баш бириктире албай, бир кездеги мамлекеттүүлүгүбүздү кайра жандандыра албай жашап келбедик беле. Бирок ал ойлор, тилектер менен үмүттөр эч качан элдин көкүрөгүнөн кеткен эмес. Мисалы, “Манас” эпосу, ошол баш улуттук бириктирүү идеясына баштан-аяк сугарылган эпос эмеспи.

"Аида" операсы

"Аида" операсы

Эми Вердинин операсына келели. Австриялык баскынчылардын бийлигинен чочулаган композитор өз оюн тикеден-тике эмес, каймана түрдө айтууну туура көргөн. Италиялыктардын намысына тийиш үчүн “Набукко” операсына негиз кылып, атайын байыркы иудейлердин Вавилон доорундагы азаптуу турмушун алган. Операда композитор Верди эл-жеринен ажыраган, чачыранды болуп, бөлөк менен бөтөндөргө кор болгон, биримдикти эңсеп, азаттыкка умтулган элдин адам ыйлай турган тагдырын шөкөттөп берген. Ал эми сөз болуп жаткан хор чын-чынына келгенде байыркы иудейлер эмес, Вердинин доорундагы ынтымактан кеткен, өз мекенин бытыранды кылып, ич ара бөлүнүп калган италиялыктар тууралуу хор эле…

Тарыхчылардын эскергенине караганда, “Набукко” операсы Миланда, атактуу Ла Скала театрына биринчи жолу коюлганда эл ушул хорду дагы бир жолу кайталоону өтүнгөн экен. Ал эми театрда операдан бис аткаруу өтө сейрек кездешкен учур го. Кийинчерээк бул хорду жалаң эле опера күйөрмандары эмес, көчөдөгү эл да кайталап ырдап, бара-бара бул хор баш бириктирүүнү эңсеген италиялыктардын Азаттык ырына, сөздүн терең маанисиндеги Улуттук гимнине айланып кеткен.

Ырас, азыркы Италия мамлекетинин гимни таптакыр башка. Бирок италиялыктар бул хорду баары бир улуттук гимн, азаттык ыры катары санашат. Жакында эле жумушсуздукка, социалдык теңсиздикке каршы көчөгө чыккан римдиктер ушул ырды бир кишидей туруп ырдашты.

Албетте, Италияны кайра бириктирүү процесси жалаң эле Жузеппе Вердинин азаттык ыры ырдалган үчүн ишке ашты деп эч ким айтпайт. Улуу Француз революциясын деле “Марсельеза” жасаган жок. Жок, “Марсельеза” эл-журтту күрөшкө шыктандырды, монархтардын бийлигине каршы чыккан улуттук башын бириктирди.

Ошол сыңары “Набукко” операсындагы гениалдуу хор адегенде италиялыктарды ойготту. 18-кылымда чачыранды болуп жашаган Италияны кайра бириктирүү үчүн Мадзини, андан кийинчерээк Жузеппе Гарибальди сыяктуу патриоттор ар кайсы шаарлардын азамат уул-кыздарын топтоду, партизандык отряддарга бирикти.

Италиянын азаттыгы жана улуттук биримдиги үчүн күрөшкө ал түгүл Англиядан атактуу акын Жорж Гордон Байрон да келип катышты. Акыры Италия мамлекет катары биригип, Европанын үчүнчү экономикасына, негизги державаларынын бирине айланды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG