Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Египеттеги жардыруу алты полициячынын өмүрүн алды


Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери.
Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери.

Египеттин баш калаасы Каирдеги өткөрмө пункттардын биринде болгон жардыруудан алты полиция кызматкери набыт кетип, үчөө жарадар болду.

Байыркы пирамидаларга бараткан жолдо болгон бул жардыруудан төрт жайкын тургун да жабыркаганын Рейтер агенттиги жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда бомба таштанды челегине салынган.

Азырынча жоопкерчиликти өз моюнуна эч ким ала элек. Египетте 2013-жылы аскерлер президент Мохаммед Мурси бийликтен кулагандан бери теракттар токтобой келет.

XS
SM
MD
LG