Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Неаполдогу кыргыз Мирлонэ, түтүн жана эркиндик


Неапол шаарынын кечки көрүнүшү.
Неапол шаарынын кечки көрүнүшү.

Неаполдо бери жагы 2 миң кыргыз жашайт. Италиялыктар аларды “чинэзи”, бизче которгондо “кытайлар” деп атап коюшкан.

Италияда бул сөздү мен да далай жолу уктум. Буга кичине чыртыя түшкөнүң менен көпкө кек сактай албайсың. Неаполдуктардын меймандостугу таарынычты алеки заматта жууп кетет. “Жаман улут жок, жаман адамдар гана бар” деген накыл кептин чындыгы ушунда белем.

Неаполго барганыма 2 күн болгондо шаарды кыдыргым келди. Тар көчөлөрүн сүрөткө тартып, даамдуу пиццасынан ооз тийип, айтылуу Везувий жанар тоосу менен Жер ортолук деңизин көрүүгө куштар элем. Кечке жуук батарейкасы толгон фотоаппаратты колго кармап сыртка чыктым. Жонумда асма баштык. Курсак болсо курулдап, ачка экенимен кабар берип жатты.

Шаар ичинен шам-шум этчү жерди издеп жүрүп кийим сатчу базарга туш келдим. Чакандыгы жана темир контейнерлердин ордуна жыгач столдор коюлганы болбосо, биздин “Дордойго” окшош. Кыдырып тамак саткандары да, жол ачкыла деп кыйкырып араба түрткөндөрү да кудум биздикиндей. Бул жерде көбүнчө жумуш визасы жок, мыйзамсыз келгендер иштерин кечирээк билдим.

Кокусунан сатуучулар арасынан кара тору жигитти көзүм чалды. Тамагы айрылгыча кыйкырып, кардар чакырган бул азаматты эмнегедир жакынсып боор тарттым. Кандайдыр бир күч жетелеп, жанына барып учурашкым келди. Ички туюм алдабаптыр, биздин маегибиз “Саламатсызбы” деген жөнөкөй сөздөн уланды. Кээде ушинтип амандык суроодон ойдо жок окуяга жолугасың.

Мирлонэ – бул жигиттин төрт жыл мурда италиялыктар койгон аты. 25 жашта. Жерлиги Ысык-Көлдөн. Беш жашынан тарта эркин күрөш менен машыгып, бизнесмен болууну эңсечү экен. “Ысык-Көлдү абдан жакшы көрөм. Жер ортолук деңизи чоң, аты да улук, бирок биздин Көлгө караандабайт. Туристтер үчүн чакан аралча куруп, бизнес кылууну самайм”- деди Мирлан тымызын кыялы менен бөлүшүп. Бир жаман жери ал марихуана чегет экен...

Биздин каарман мектепти аяктагандан кийин эле борборго келиптир. Политехте тыштан окуган жигит, бакыт издеп Москвага кетпесе балким МАИ кызматкери болмок. 19 жашка толгондо Подмосковьеде курулуш материалдарын сатып иштей баштайт. Башында ити чөп жеп, келишимдин негизинде жакшы маяна алып турат. Тапкан акчасы өзү тургай айылда калган жакындарына да жетип, айтор бат ирденет. Бирок...

Кадыресе иш күндөрүнүн биринде Федералдык миграция кызматында иштегендер күтүүсүз басат. Документтерди текшерип, имаратты кычык койбой тинтишет. Мирландын жанында документтери жок болгондуктан дароо машинага тыгышат. Жолду катар каршылык көрсөткөнү үчүн токмок да жейт. Машинада өзүнө окшогон өзбек жана тажик жигит олтурган экен. Тажик жигит бут кийимин чечүү менен башын балээден куткарат. Буруксуган шыбоосуна чыдабай, аны орто жолдон түшүрүп салышат. Мирланга орус тилин тың сүйлөп, анча-мынча рубль кармата салганы үчүн ырайым болуптур. Ушул окуядан соң ал мекенине кайтып келет.

Орусияда 11 ай иштеп, топтогон акчасына Бишкектен машина сатып алат. Ага кара куурай жүктөп, "бизнес" баштайт. Досунун Мэри аттуу ротвейлерин экөөлөп машыктырып, дилерликке үйрөтүшөт. Ит күн сайын 3 чакырым чуркап, белгиленген жерге барып турат. Ал жактан жаныбарды маңзат саткан тажиктер тосуп алып, каргыдагы пулду чечип алган соң ордуна анаша байлап кайра жөнөтүшөт.

Ит берилгендик менен ээсине эки жылдай “кызмат” кылат. Орто азиялык дөбөт менен алыша кетип, жарадар болбогондо дагы канча “пайдасы” тиймек. Кыскасы, ошондон көп узабай жан берет. Мирландын бизнеси өзүнүн айтымында үч жылча “гүлдөптүр”. Ташы өйдө кулап, түкүрүгү жерге түшпөй турган кезде көрө албаган атаандаштары бут тосуп сатып коюшат. Кылтакка илинген жигит 150 миң сом менен бүт товарын карматат да, түрмөгө жетпей кутулат. Бирок милиция тарабынан басым токтобойт. Ошондой күндөрдүн биринде ал Италияга кетмекчи болгон досуна жолугуп калат.

Неаполдон төрт ай бою тынбай жумуш издейт. Акыркы падрону, бизче айтканда кожоюну Чирону жолуктурат. Андан бери үч жыл өтүптүр. Ушул убакыттан бери Чиро экөө ынтымакта иштеп келет. Бул Неаполдо жүргөн кыргыз үчүн эрдик десек болот. Адатта ал жактагы мекендештер жумушун бат-бат алмаштырат. Учурдагы Мирлонэнин жумушу - Чирого кошулуп алып дүкөн кыдырмай. Ал жерден өтпөй калган кийимдерди арзан баада алышып, кайра базарга коюшат. Күндө ушул...

“Жумушум өзүмө жагат. Жакшы төлөйт, тапканымды ата-энеме салып, азыраагын өзүмө алып калам. Чиро мага жакын досундай мамиле кылат. Эртең менен ойготот, майрам сайын калтырбай үйүнө чакырып турат. Биздин салт-санаага кызыгып, анча-мынча кыргызча ырларды да үйрөндү", - дейт Мирлонэ аңгемесин улантып.

Айта кетчү нерсе, Мирлан бир күн кечке үнү бүткүчө базарда кыйкыра бербейт. Футбол дегенде эт-бетинен кеткен жигит, топ тепкенге да убакыт табат. Неаполдо кыргыз диаспорасы уюштурган оюндар бат-бат өтүп турат. “Мекен”, “Шумкар”, “Манас” жана “KG Club” деген футбол командалары бар. Айтымы ал мыкты чабуулчу, италиялыктарды бир нече жолу уткан. Мындан тышкары ар кандай пасталарды даярдай билет, италян тилиндеги тарыхый тасмаларды жакшы көрөт. Кечкисин кара терилүү достору менен рэгги бийлеп, аларды сары майдай сактаган “чөбү” менен сыйлайт. Сөз акырында жигитке:

- Үйлөнгүң келеби? - деген суроо узаттым.

- Ооба, - деди ал.

- Сүйүктүүң үчүн чеккенди таштайт белең? - оңтойсуз болсо да ушинтип суроого туура келди...

-Таштайм, таштамакмын, - деди жигит өзүнө ишенген бекем үн менен...

Жалпылап айтканда, капилет кезиккен жердеш мага жакшы жигиттей көрүндү. Ачык-айрым, досторуна түрдүү кырдаалда жардамга келген. Болгону бир-эки туура эмес кадам гана аны ушул жашоого кириптер кылгандай. Бирок азыркы абалын жаман дегенден караманча алысмын. Кантсе да башы бош, кийген кийими жарашыктуу жана курсагы ток. Кээде гана жанга баткан жалгыздык кемиргенде, өзүн сооротуу үчүн марихуана түтөтөт тура. Өкүнүчтүүсү, адам издеген жылуулукту ал кайдан берсин?

Алина АЛЫМКУЛОВА, Неаполь-Бишкек

Кыргызчалаган Санжи Туйтунова, макаланын оригиналы бул жерде

XS
SM
MD
LG