Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

"Конкордияда" бараткан 29 киши дайынсыз


Соңку маалыматтарга караганда, 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка учураган кемеде бараткан дагы 29 киши дайынсыз болууда.

16-январда дагы бир кишинин сөөгү табылгандан кийин каза тапкандардын саны 6 кишиге жетти.

“Коста Конкордия” деген люкс кемеде 3 миң 200дөн ашуун жүргүнчү жана экипаждын 1 миңдей мүчөсү бар болчу. Куткаруучулар аман калгандарды табуу мүмкүнчүлүгү барган сайын азайууда дешет. Кеменин капитаны жүргүнчүлөрдү калтырып кеткени үчүн айыпталып, камакка алынган.

Дагы бир адамдын сөөгү табылганы маалым болгондон кийин дайынсыз жоголуп аткандардын саны 29 кишиге түштү. Болжол менен алардын арасында АКШ, Германия, Франция, Италия жана Перунун жарандары бар.

Татаал шарттарга карабай, куткаруучулар шейшембиде өз ишин улантышты. 16-январда катуу шамалга байланыштуу куткаруу иштери убактылуу токтотулган эле.

13-январда кечинде суу астындагы оркок таштарды сүзүп, чөгө баштаган “Коста Конкордия” кемеси оң капталына оодарылып калган.

Азыр узундугу дээрлик 300 метрге жеткен ири лайнер толугу менен суу астына батып кетет деген коркунуч туулуп жатат. Андай болсо, кемедеги күйүүчү май сууга агып, айлана-чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн. Италия өкмөтү экологиялык кырсыкты алдын алуу үчүн керек болсо чукул кырдаал жарыялап, каражат бөлүп берүүгө даярдыгын билдирди.

Суу астында сүзүүчүлөр жарым-жартылай чөккөн кемеде иштөө шарттары өтө оор дешет. Куткаруучулар аман калгандарды издеп, ушул тапка чейин лайнердин жарымын иликтеп чыгышты.

"Биздин адамдарга 30 метрлик тик дубалдарга чыгууга туура келүүдө. Себеби кеме бир капталына оодарылып, астын-үстү болуп калган. Каюталарды бөлгөн дубалдар иш жүзүндө пол болуп калган. Алар анча бышык эмес материалдан салынат", - деп айтып берди италиялык телеканалдардын бирине өрт өчүргүчтөр тобунун өкүлү Лука Кари.

Кырсык болоору менен борттогу адамдарды жакын жердеги Жильо аралына эвакуациялоо башталган. Дүйшөмбү күнгө карай жергиликтүү ооруканада 5 киши калган. Алардын абалы жакшы экенин бейтапкананын башкы доктуру Алессандра Барателли маалымдады:

- Ооруканага түшкөндөрдүн көбү жеңил жараат алгандар болчу. Аларга жардам көрсөтүлгөндөн кийин жарандык коргонуу мекемеси уюштурган атайын борборлорго жөнөтүлгөн.

Ал тапта “Коста Конкордиянын” капитаны алгачкы соттук угууларга чакырылды. Франческо Скеттино "адам өлүмүнө жана кеменин чөгүүсүнө алып келген шалаакылык", "жүргүнчүлөр эвакуациялана электе эле кемени калтырып кетүү" деген беренелер боюнча айыпталууда.

"Коста Конкордиянын" капитаны дароо камакка алынган.
"Коста Конкордиянын" капитаны дароо камакка алынган.
Италиялык Corriere della Sera гезити жазганына караганда, акыркы жүргүнчү Жильонун жээгине ишемби күнү таңкы саат 6да жеткирилген. Капитан болсо кеме таштарды сүзүп алгандан көп узабай, кечки саат 11ден 40 мүнөт өткөндө эле жээкте болчу.

Бул маалыматты окуяны териштирген прокурор да тастыктады. Капитан чет өлкөгө качып кетпесин деп, дароо камакка алынган. Ал айыптуу деп табылса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чехиялык мурдагы капитан Йиндрих Водичканын айтымында, бардык жерлерде "капитан чөгүп бараткан кемени калтырбайт" деген мыйзам бар:

- Биринчи болуп жүргүнчүлөр, кийин экипажды куткаруу каралган. Капитан, албетте, кемеден акыркы болуп кетиши керек.

Лайнерге ээлик кылган компания да кырсык үчүн бүт жоопкерчиликти Скеттиного жүктөөдө. Компаниянын жетекчилиги капитан кеменин багытын өзгөртүп, жээкке жакын жерге айдап барган деп ырастоодо.

Кээ бир маалыматтарга караганда, экипаж мүчөлөрүнүн бири ошол Жильо аралында жашаган ата-энесине кол булгап, учурашкысы келген.

Ал аралыкта Германия өкмөтү кырсык тууралуу толук маалыматтын берилишин талап кылды. Дайынсыз жоголуп аткан 29 кишинин 12си немис жарандары деп болжолдонууда.

Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Элчилик ушу тапта Италиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий жообун күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG