Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Путин: "Чоң жетилик" менен мамилебиз жок


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци

Орусиянын президенти Владимир Путин Италияда сапарда жүрөт. Путин февралда Минскте Украина боюнча жетишилген келишимдерди аткаруу ал өлкөнүн чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу үчүн өтө маанилүү болгонун айтты.

10-июнда орус мамлекет башчысы Владимир Путин Миланда өтүп жаткан “Экспо-2015” көргөзмөсүндө Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен жолугушту. Ренци эки өлкөнүн салттуу достугун даңазалап, ошол эле маалда кээ бир маселелер боюнча бири-биринен кескин айырмаланган позиция ээлешерин белгиледи.

Кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда премьер пикир келишпестиктерге гана эмес, тараптарды бириктирген маселелерге да көңүл буруу зарылдыгын айтты.

- Албетте биз Украинадагы абалды талкууладык. Бардыгыбызды тынчсыздандырган бул маселе боюнча көз караштарыбыз айырмаланып турат. Бирок негизги принцип, атап айтканда Минск келишимдеринин аткарылышын пир тутушубуз керек, бардык аракеттер ошого жумшалууга тийиш.

Путин февралда Минскте Украина боюнча жетишилген келишимдерди аткаруу ал өлкөнүн чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу үчүн өтө маанилүү деп, жаңжалды тынчтык жолу менен гана жөнгө салууга болоорун кошумчалады.

Киев жана Батыш Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп, курал-жарак, аскерлерди жөнөтүп жатат деп айыпташууда. Москва болсо өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда. Орусия ошондой эле Киев өкмөтү ок атышууну токтотуу боюнча келишимде өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат деп ырастоодо.

Ошол эле күнү кечинде Владимир Путин Италиянын президенти Сержио Маттарелла жана мурдагы өкмөт башчы Силвио Берлускони менен жолугушуу үчүн Римге барды. Орус мамлекет башчысын ошондой эле Ватиканда Рим Папасы Франциск кабыл алмакчы.

Европа биримдигине кирген өлкөлөр арасынан Москванын Рим менен мамилелери жакшыраак. Бирок Италия бийлиги "Чоң жетиликтин" тобундагы орток пикирди, албетте, бузбайт. Лидерлер апта башындагы саммитте Украинадагы уруш күчөй берсе, Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилерин эскертишкен.

- "Чоң жетилик" менен эч кандай мамилелерибиз жок. Кандай мамиле болушу мүмкүн? Биз ошол форматта иштеп жүргөндө кайсы бир жыйынтыктоочу документтерди даярдоого катышып жаттык. Алар аткарылууга милдеттүү эмес документтер болгонун белгилей кетет элем. Менимче, бул туура болгон. Биз альтернативалуу бир көз карашты чагылдырып келдик. Эми болсо өнөктөштөрүбүз андай альтернатива кереги жок деп чечишти. Анын үстүнө бул уюм эмес, бул кызыкчылыктары дал келген өлкөлөрдүн башын бириктирген клуб. Биз аларга ийгилик каалайбыз, - деди Путин.

Ал эми понтифик менен кездешүүдө Украинадагы кризистен тышкары Жакынкы Чыгыштагы христиандардын абалы, православ жана Рим католик чиркөөлөрүнүн ортосундагы алакалар тууралуу сөз болмокчу.

Украинадагы Грек католик чиркөөсүнүн башчысы архиепископ Святослав Шевчук Путин менен Францисктин кездешүүсү Украинадагы согушту токтотууга салым кошот деген үмүтүн ортого салды.

“Христиандар тынчтыкка жана жарашууга умтулуш керек”, - деген Святослав анын чиркөөсүнө келген динзарлар Украинанын чыгышындагы бейпилдиктин өкүм сүрүшү үчүн ибадат кылып жатышканын айтты.

Аймакта бир жылдан бир аз ашуун убакыттан бери өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилдердин куралдуу жаңжалынан дээрлик 6 жарым миң кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG