Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ТЕОДОР ГЕРЦЕН – МҮЛДӨ КЫРГЫЗГА ТААНЫМАЛ СҮРӨТКЕР


Амирбек Усманов, Прага “Euro-Asia”журналы КМШ өлкөлөрүнүн Германиядагы элчиликтери жана консулдуктарынын көмөгү менен чыгат. Немец жана орус тилдеринде үч айда бир ирет чыгуучу бул журналдын экинчи санында Кыргызстанга байланыштуу айрым макалалар басылган басылган. Журналдын шеф- редактору Марат Абишев «Азаттык» радиосунун кабарчысы Амирбек Азам уулуна берген интервьюда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, теги немец кыргыз сүрөткери Теодор Герцен, Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү сыяктуу темаларга кайрылат.

Cүрөттө: «Евро-Азия» журналынын баш редактору Марат Абишев кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудиновдун кабыл алуусунда болгон кези.

-Урматтуу башкы редактор! Сиз туура көрсөңүз, алгач Чыңгыз Айтматов жөнүндө кеп кылсак. Себеби, 2008-жыл Кыргызстанда Айтматовдун жылы деп жарыяланган. “Euro-Asia” журналынын үчүнчү саны Айтматовго арналган сиздин макалаңыз менен ачылат. Анда жазганыңызга караганда, тилекке каршы, улуу жазуучу менен жолугуу планыңыз ишке ашпай калыптыр. Сиз Чыңгыз Айтматовго кайсы суроолорду бермек элеңиз?

М. Абишев: -Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адам эле. Ага мен дүйнөлүк түзүлүш, кичине адамдын чоң дүйнөдөгү орду жөнүндө көптөгөн суроолорду бермекмин. Менин түшүнгөнүмө караганда, ал карапайым, мен айтар элем, кичинекей, бирок күчтүү инсандардын бейнесин өз чыгармаларында мыкты жазган. Дүйнөлөштүрүү же глобализация учурунда эмнегедир кичине адам унутулду, ал жөнүндө кам көрүлбөй калды. Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканда, карапайым калкка оңой болгон жок. Мен Айтматов менен ушул кубулуштар жөнүндө сүйлөшмөкмүн. Ырас, Айтматовду сындагандар да бар. Анткен менен, алар Айтматов өлгөндөн кийин ал улуу адам болгонун мойнуна алышты.



- Совет мезгилинде Айтматов Чыгыш Германияда же ГДРде өтө популярдуу болгон. Азыр анын чыгармалары Германиянын жогорку окуу жайларында жана мектептеринде окутулганы жөнүндө маалыматтар бар. Немис маалымат каражаттары Айтматовдун о дүйнөгө сапар салуусун кандай чагылдырды?

М. Абишев: - Ооба, Айтматовдун о дүйнө көчкөнүн Германиянын телеканалдарынан жана жаңылыктардан беришти. Мурдакы Германия демократтык республикасында Айтматовдун популярдуу болушу көбүн эсе өлкөдө орус тили окутулганга байланыштуу болгон. Чыгыш германиялыктар Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңоюшкан. Батыш Германияда Айтматов Чыгыш Германиядагыдай белгилүү болгон эмес. Мен таанып- билген бардык адамдар Айтматовдун каза болгонун угуп, абдан кайгырышты.

-Германияда Чыңгыз Айтматовдон башка да кайсы кыргызстандык өнөр адамдары белгилүү? Мисалы, Теодор Герцен жөнүндө сиздердин журналда басылган макала коомчулукта кандай кызыгуу жаратты?

М. Абишев: - Тедор Герцен өмүрүнүн негизги бөлүгүн Кыргызстанда өткөрүп, Германияга улгайган курагында көчүп келген. Ал ата жерине келгенде оорукчан болгон. Менин оюмча, анын улуту немис болгону, немис букаралыгын алганы менен бүтүндөй Кыргыз элине таандык.



Айкөл Манас. Теодор Герцен тарткан сүрөт.

-Жаңылбасам, Теодор Герцен Германияга көчүп кетип, ошол жакта көз жумган. «Манас» эпосун көркөмдөгөн сүрөткердин ысмын сактоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

М. Абишев: - Мен Герцен тууралуу негизинен немис-кыргыз достук коомунун мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Бул чөйрөдө аны жакшы билишет, өтө урматташат. Герценди деги эле Кыргызстанга кызыккан бардык немистер билишет. Германияда улут тааныган чоң сүрөтгер болуу үчүн өз чыграмаларын даңазалай да билүү керек.

Теодор Герцен өз сүрөттөрүндө Кыргызстандын кооз табиятын, элин тартып, улуу эпос «Манасты» көркөмдөгөн. Ошон үчүн, анын айкели Бишкекте турууга татыктуу. Биз Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Марат Бакиев мырза жана анын кеңешчиси Эрнес Назарбаев менен чогуу Кыргызстандын Маданият министрлигине кат жөнөткөнбүз. Катта Герценге эстелик тургузуу үчүн Бишкекте орун бөлүп берүүнү сураганбыз. Мен “Euro-Asia” журналынын шеф-редактору катары көптөгөн немис фирмаларынын башчылары менен кездешем. Кыргызстанда иштөөнү каалаган германиялык ишканалар өлкөдө белгилүү немис ишмерлерине эстелик тургузууга даяр. Эмне үчүн Кыргыз жерин ырдап, «Манасты» көркөмдөгөн адамдын эстелиги үчүн орун берүү кыйын экенин түшүнбөйм.

-Сиз Кыргызстанда жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндө болуп, айрым жетекчилер менен кездешкен экенсиз. Узак жылдары сыртта жашаган адам катары Кыргызстанда көзүңүзгө эмне чалдыкты?

М. Абишев: - Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экени байкалып турат. Бул балким парламенттик шайлоо жаңы гана болгонго же президент тарабынан кайсы бир кадамдар жасалганга байланыштуудур. Канткенде да, эркиндиктин деми сезилип турду. Терс көрүнүш катары жумушсуздукту, өндүрүштүн иштебей турганын, өлкөгө инвестиция аз тартылганын айтаар элем. Мунун баары убактылуу нерселер деп ойлойм.

- “Euro-Asia” журналынын экинчи санында Кыргызстандагы туризмдин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө -Мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашовдун макалаласы басылган экен. Буга байланыштуу Кыргызстанда Германиянын туризм жана эс алуу тармагындагы кандай тажрыйбаларды пайдаласа болот деген суроо туулат.

М. Абишев: - Мен Кыргызстанда болгон кезде Мамашов мырзадан башка да жакшы иштеп жаткан туристик фирмалардын жетекчилери менен жолугуштум. Өзүм да көп жерлерде болдум. Албетте, чет элдик, анын ичинде немис туристтери үчүн Кыргызстанга жетүү кыйын. Азыр Германиядан Кыргызстанга түз учкан учак жок. Стамбул же Москва менен учуш керек. Анда да учак которуу керек. Бул, албетте, Ысык-Көлгө жетүүнү кыйындатат. Немистер кыдырганды абдан жакшы көргөн жана дүйнөдө өтө көп саякаттаган саяккатаган эл. Алар комфортко көнгөн. Алар үчүн тейлөө баарынан маанилүү. Мыкты жабдылган мейманкалар болгону менен алардын тейлөө маданияты өтө төмөн экен. Тейлөөнү жакшыртуу үчүн немец менеджментин үйрөнүү зарыл. Алтүгүл мейманкананын кызматкерлерин үйрөтүү үчүн немис менеджерлерин ишке чакырганга чейин баруу керек.

- Соңку суроом: Былтыр Кыргызстанда Санта- Клаустун же кыргызча айтканда Аяз Атанын мекени деген чоң жөрөлгө башталды. Бул демилгенин каршылары да болууда. Буга карата сиздин пикириңиз кандай?

М. Абишев: - Бул оргиналдуу, күтүүсүз идея. Мында күлө турган эч нерсе жок. Азыр бул теманы дагы өнүктүрүү керек. Санта Клаус эң алды балдардын көңүлүн бурат. Алардын жүрөгүндө калат. Кыргызстан жөнүндө сүйлөшкөнгө, өлкөгө кызыкканга өбөлгө берет. Дайыма ар кандай жаңы идеянын каршылары болот. Аны андан ары өнктүрө берсе, идея адамдардын эсинде сакталып калат. Ушундай болуш керек эмеспи.

-Ырахмат.
XS
SM
MD
LG