Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Жамиля Стехликова: Майда улуттар менен диалог түзө билиш керек


Жамиля Стехликова (Алмаскызы) "Азаттыктын" студиясында, Прага, февраль, 2009

Жамиля Стехликова (Алмаскызы) "Азаттыктын" студиясында, Прага, февраль, 2009

Жамиля Стехликова Чехияда 2007-2009-жылдары Адам укуктары жана улуттук азчылыктар боюнча министр болуп турду. Теги казакстандык саясатчы Стехликова “Азаттыкка” улуттук азчылыктар менен иштөөдөгү Чехиянын тажрыйбасын айтып берди.

Жамиля Стехликова: Чехияда 11 улуттук азчылык бар. Бир караганда, аздай эле көрүнөт. Бирок булардын баары - Чехиянын же Чехословакиянын тарыхы менен байланышы бар улуттардын топтору. Кызыгы - өлкөдөгү эки чоң жана таасирдүү улуттардын топтору улуттук “азчылык катары” каралбайт. Булар - жөөттөр менен вьетнамдар. Анткени, маселен, жөөттөр үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кайсыл бир жерде улуттук топ же азчылык катары каттоодо туруунун өзү “тарыхый травма” катары кабыл алынгандыктан, алар башкача принципте каралышат.

Вьетнамдар болсо саны жагынан көп болгону менен, басымдуу бөлүгүндө чех жарандыгы жок. Ошол себептен улуттук азчылык деп эсептелинбейт. Менимче, алардын да учуру келет.

Калган улуттардан эң эле ири азчылык деп словактардын, андан ары украиндер менен орустардын топторун айтып жүрөбүз. Дагы бир маанилүү азчылык – цыгандар – тууралуу азырга чейин бизде дебаттар уланууда. Аларды өлкөнүн саясий, коомдук турмушуна аралаштыруу тууралуу талаш көп чыгат. Улуттук азчылык деп таанылган топтордун баалуулуктарын мамлекет коргойт. Алар өздөрүнүн эне-тилинде сүйлөп, маалымат каражаттарын ачканга укугу бар. Бул жагынан алганда, Чехия ар бир улуттун нарк-насили менен байланышкан маданий байлыкты сактап калганга аракет кылган европалык типтеги мамлекеттердин катарына кирет.

Төрөкул Дооров: Борбор Азиядан чыккан улуттардын өкүлдөрү да Чехиянын ар кайсыл шаарларында жашап жүрүшөт. Алардын статусу кандай?

Жамиля Стехликова: Борбор Азиядагы улуттардын бул жактагы өкүлдөрү азырынча улуттук азчылык катары тааныла элек. Себеп – алар өздөрүнүн укугун коргой ала турган бир уюмга биригишкен эмес. Казакстандык студенттердин уюмун, маселен, бир улуттун укугун коргой ала турган уюм катары карай албайбыз. Ал болгону студенттердин гана башын бириктирип жатпайбы. Чынында, борбор азиялыктар бул жакта жашап жатышканына көп деле болгон жок да. Ошондуктан, балким, бул келечекте боло турган окуядыр.

Төрөкул Дооров: Негизи, бир улуттун өкүлдөрү Чехияда улуттук азчылык деп мыйзамый макам алыш үчүн эмнелерди жасашы керек?

Жамиля Стехликова: Эң оболу мыйзамда жазылбаган талап – улут өлкөнүн тарыхы менен байланышы болушу керек. Бул сөзсүз эле Чехияда алар ири окуяларга катышышы зарыл дегенди билдирбейт. Алар бул жумуриятта узагыраак мезгил жашаганы деле жетиштүү. Мындай талап Польшада мыйзамда да көрсөтүлгөн. Ага ылайык, улуттук азчылык катары катталыш үчүн ал элдин өкүлдөрү Польшада кеминде 100 жыл жашаган болушу абзел. Чехияда, маселен, муну сөзсүз аткарыш талап кылынбайт, бирок башка кошумча талаптары бар.

Төрөкул Дооров: Жамиля айым, өзүңүз билесиз, Кыргызстанда былтыр улуттук азчылык менен байланышкан кайгылуу окуялар болуп кетти. Кыргыз-өзбек кагылыштары акыркы 20 жылда экинчи ирет кайталанды. Мындай окуялардын алдын алыш үчүн өкмөт кандай алдын ала чараларды көрүшү керек эле? Чехиянын улуттук азчылыктар менен иштөө жаатындагы тажрыйбасын эске алганда, кыргыз бийлигине кандай кеңеш берет элеңиз?

Жамиля Стехликова: Мен өзүм Казакстанда төрөлүп өскөм. Ал жакка тез-тез каттап турам. Борбор Азияда улуттук азчылык саясаты боюнча дал ушул Казакстандагы мисалды мен “эң эле ийгиликтүү” деп атамакмын. Бул дегени - өлкө кайсыл бир улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн үнү угулушуна мүмкүнчүлүк бере турган структураларды, уюмдарды түзүшү керек.

Өкмөт менен азчылыктын ортосунда диалог боло тургандай институционалдык мамиле талап кылынат. Ошондуктан кыргыз бийлиги азыркы өзбек диаспорасынын кызыкчылыгын коргой турган өкүлдөрдү таап, алар менен эки жакка тең жага тургандай чечим чыгарылгыдай алака түзүшү керек.

Төрөкул Дооров: Кыргызстандагы айрым саясатчылар жана улутчулдар өзбек диаспорасы автономия каалашкан же жогорку бийликте өздөрүнүн өкүлдөрү болушун самашкан деп айыптап калышат.

Жамиля Стехликова: Дал ошондой учур жаралбашы үчүн эки тарап тең ыраазы болгудай чечим чыгарылышы шарт. Өкмөт, маселен, “Губернаторду, балким, келечекте силерден тандайбыз. Азырынча жоопкердүү адамдарды таап, убактылуу структураларды түзүп, ишти алдыга жылдыруунун жолдорун карап туралы” деген таризде өзбектерди эпке келтирип, өзүнө имерип турса болмок. Анткени андай талаптар айтылган болсо, ага кесе жооп кайтаруу, четке кагуу диалогго дайыма тоскоол болот. Андай шартта былтыркыдай конфликт чыгып кетиши үчүн кичинекей эле шылтоо жетиштүү.

Мен кантип көптөгөн жылдар бою ийиндеш жашап келген эки элдин ортосунда ушунчалык катуу кагылыш чыгып кеткенин түшүнбөй калдым. Мунун баарын ишти дипломатиялык жол менен чечүү саясатчылардын колунан келбеди деп гана түшүнөм.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG