Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Дүйнө назары Жапонияга бурулду


Жапонияда жер титиреп, жээкти суу ташкыны каптап атат. Анын айынан бир эле Мияги аймагында мерт болгондордун саны миңден ашты. Жер титирөөдө өтө жабыр тарткан Мияги Жапониянын чыгышында орун алган.

Расмий эсепке ылайык, бул аймакта набыт болгондордун саны 400гө жакын деп айтылган. Кийин бул сан 800гө чыкты.

Мияко менен Ямада шаарларын суу басып кеткен. Ал жээктеги темир жолдо төрт поезди суу алып кеткен. Кэсэннума шаарынын кыйырында кара май сакталчу темир курулуштардын бирин цунами кыйратып, өрт чыккан.

12-мартта жер титирөөдөн бузулган жапондук “Фукусима-1” атомдук электр станциясында жарылуу болуп, 4 киши жараат алган. Жапониянын Экономика министрлигинин маалымдашынча, адистер станциянын ички реакторуна дымып жыйылган бууну чыгарып, басымды ылдыйлаткан.

“Киодо” агенттиги тараткан маалыматта абага тарай баштаган бууда радиоактивдүү цезий кошулмасы бар. Адистердин баамында, реактор системасын муздатуу маалында ката кетирилген. Энергия кубатын өндүрүп туруучу өзөктүк чыбыктар ээрип бузула баштаганда анын кошулмасы буу менен абага кеткен. Орусиялык адистердин баамында, “Фукусима-1” станциясынын үч дизели керектен чыккан.

Адистер эми “Фукусима-2” реакторунда да жарылуу коркунучу бар экенин айтышат. Станцияны муздатчу суунун даражасы 100 градуска көтөрүлгөн. Жапон бийлиги ал станцияларга чукул жашаган 200 миңдей тургунду 20 чакырым алыс аралыкка көчүрүп кетти.

Табийгат кырсыгынан Жапонияда миңдеген кишинин дайыны белгисиз. Бир эле Минамисанрику шаарынын 10 миңдей тургунунун дайыны табылбай жатат.

Жапон өкмөтү жардам сурап Британияга кайрылды. Айрым өлкөлөр, мисалы Украина менен Бельгия жардам көрсөтүү демилгесин көтөрүштү. Орусия Жапонияга дарыгерлер жана куткаруучулар тобун жөнөттү. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “жер титирөөдөн жабыркаган кошунабызга жардам берүүгө даярбыз”,-деп билдирди.

Орусиянын Илимдер академиясынын мүчөсү Алексей Яблоков:

- Эгерде станцияларда аба ысып кетсе жарылат. Анда реактор бүт бойдон кыйрайт. Натыйжада ал жактан ысык туман каптап чыгат. Чернобылда ошондой тумандын 3 пайызы гана абага көтөрүлгөн. Бул жерде канча пайызы абага аралашарын азырынча эч ким боолгой албайт.

МАГАТЭнин баасы боюнча, кооптонууга негиз жок, себеби радиациялык кошулма анча деле көп эмес.

XS
SM
MD
LG