Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ ТОПОН СУУНУН КЕСЕПЕТИНЕ КАРШЫ БИРГЕЛЕШИП КҮРӨШҮҮДӨ


Дүйнө коомчулугу жаңы жылдын ирегесинде топон суудан - улуу мухит ташкынынан жабыр тарткан аймактарга чукул арада жардам уюштуруу аракетин көрүүдө. Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннан Түштүк-Чыгыш Азиядагы табигый алааматтын бүлгүнчүлүгүнөн чыгуу үчүн аймак элдери жалпы дүйнөлүк коомчулуктун буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлдеги көмөгүнө муктаж. Жер титирөө жана андан келип чыккан мухит ташкыны бери дегенде 125 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бул сан мындан ары да өсүшү ыктымал деген чочулоо бар.

Бириккен Улуттардын Башкы катчысы Кофи Аннан (Kofi Annan) бейшембиде Дүйнөлүк банктын башчысы Жеймс Вулфенсон менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң, көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар топон суунун (мухит ташкынынын) кесепетин жоюу үчүн жасалган чакырыкка илгиртпей жооп бергенине ыраазычылыгын билдирди.

К.Аннандын сөзүнө караганда, дүйнөдө мурда болуп көрбөгөндөй улуу каргаша ага каршы биргелешкен залкар аракетти талап кылат:

- Бул мурда болуп көрбөгөндөй дүйнөлүк алаамат болду. Анын кесепетин жоюу да буга чейин болуп көрбөгөндөй дүйнөлүк мамилени талап кылат. Бул алаамат жалпы адамзаттын аң-сезимине жана абийирине терең из салып койду.

БУУнун жетекчисинин айтымында, бул эл аралык уюм мурда болуп көрбөгөндөй оор түйшүктү мойнуна алууда. Азыркы тапта эч бир өлкө, эч бир эл аралык уюм жалгыз-жарымдап мындай алааматтын кесепетин арылта албайт, деди Аннан.

Индонезиянын Суматра аралынын Ачех (Aceh) аймагында эле 80 миңден ашуун киши набыт болгону кабардалууда. Индонезия өкмөтү жалпы өлгөндөрдүн саны өлкө боюнча жүз миңден ашаарын санааркоо менен жоромол кылууда.

Ал эми жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири - Тайланддын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сучайи Чароенратанакук (Suchai Charoenratanakuk) бейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, бул алааматты өзөктүк жардыруунун кесепетине теңеди:

- Кырдаал согуштагыдай эле болду. Тим эле атом бомбасы жарылганга тете болду.

Айтмакчы, дал ушул өлкөгө эс алууга барган кыргыз студенти Акылбек аман-эсен экенин, аны алып келүү үчүн Малайзиядагы кыргыз элчилигинин кызматкери бул өлкөгө кеткенин бейшембиде (декабрдын 30унда) бул жигиттин атасы Мейраждин Зулпуев Бишкектеги кабарчыбыз Султан Каназаров менен маегинде айткан:

- Уулумдун документтеринин бардыгы ташкын маалында агып кетиптир да. Анан Малайзиядагы Кыргыз элчилиги Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен уруксат алып, жаңы паспорт жаздырып, сүрөтүн жабыштырып, Малайзиянын тышкы иштер министрлигинен окуу визасын койдуруптур, Элчиликтеги Бакыт деген бир кызматкер Акылбекти алып келүү үчүн Тайландга учуп кетиптир.

Зулпуев мырзанын уулу Акылбек үстүбүздөгү жылдын апрел айынан бери Малайзияда англис тилин өркүндөткөн окууда жүргөн.

Ушул тапта эл аралык коомчулук жабыр тарткан түштүк-чыгыш азиялыктарга чукул арада жардам көрсөтүү чараларын жүзөгө ашырууда.

Баарын түйшөлткөн дагы бир маселе: жугуштуу оорулардын жаңы эпкини жакынкы болочокто бүлгүнгө учураган аймактарга жана аларга коңшу өлкөлөргө тийиши ыктымал.

БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннандын айтымында, жабыр тарткан аймактарга эл аралык уюмдар жана мамлекеттер тарабынан 500 миллион доллардай каржылык жардам көрсөтүлмөй болду.

Ал эми бул алааматтын кесепетинен өзгөчө жабыр таркан өлкөдө - Индонезияда – топон суунун бүлгүнчүлүгүн жоюуга арналган эл аралык саммит 6-январда өз ишин баштайт.

XS
SM
MD
LG