Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Жапон өкмөтүнүн түйшүгү жана Абэнин планы


Синдзо Абэ
Синдзо Абэ

Бейшемби күнү Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн орто мөөнөттүк планын жарыялады.

Планда ички дүң жыйымды беш жылда 20% өстүрүү, балдардын төрөлүшүн көбөйтүү жана улуу курактагыларды тейлөөнү жакшыртуу каралган.

24-сентябрда Синдзо Абэ башкаруучу Либералдык-демократтык партиянын төрагалыгына расмий түрдө бекитилген эле. Ал 8-сентябрда башка атаандаштар жок болгондуктан, үч жылга партия лидерлигине альтернативасыз негизде кайра шайланган. Абэ ошентип ЛДПны 10 жылдан ашык башкарган биринчи жапон саясатчысы болуп калды.

Премьер-министри Синдзо Абэ 24-сентябрда: “Абэномика бүгүнтөн баштап жаңы этапка кирет”, - деп жарыялады башкаруучу ЛДПнын парламенттин эки палатасындагы өкүлдөрүн өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн беш жылдык планы менен тааныштырып жатып.

Жаңы планга ылайык, ички дүң жыйым 2021-жылга 600 триллион иенге жеткирилүүгө тийиш. Бул бүгүнкү курс менен эсептегенде 5 триллион долларга жакын акча. Ал көлөмгө чыгуу үчүн экономика жылына кеминде 3,5% өсүп турушу абзел. Былтыр ички дүң жыйым 490 триллион иенди (4,1 триллион долларга жакын) түзгөн. Өткөн беш фискалдык жылда жапон экономикасы орточо 1,7% өскөн. (Жапонияда фискалдык жыл 1-апрелде башталат).

- Биз экономиканы кайра күчтүү жолго салуу үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүндө терең реформа жасайбыз, - деп улантты сөзүн премьер-министр Абэ. "Биздин экономиканы дүйнөдө кеңейтебиз, ошондой эле тышкы инвестицияны жана таланттарды тартуучу саясат жүргүзөбүз".

Жума күнү соңку эки жарым жылда биринчи мертебе дефляция катталды. Эл керектөөчү товарлардын арзандашына электр энергиясына баанын төмөндөшү негиз болгон. Бул кабар серепчилердин айтымында, жапон өкмөтүнүн экономиканы стимулдаштыруу саясатына урулган сокку болду.

Жапониянын экономикалык изилдөөлөр борборунун божомолунда, быйыл ички дүң жыйым 0,9%, келерки жылы 1,5% өсөт. Ошондуктан, серепчилердин баамында, Абэнин тилегин чындыкка айлантуу жеңил болбойт.

Абэ экономикага катар улуттун болочогу үчүн абдан маанилүү эки багытка: балдардын төрөлүүсүн көбөйтүүгө жана кары адамдарды тейлөөнү жакшыртууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.

- Социалдык коопсуздук улгайган адамдарды эле эмес, иштеп жаткан муунду да камсыздашы зарыл. Анүчүн социалдык камсыздоону да ойлонуштуруп жатабыз.

Жапон өкмөтүнүн берегидей тынчсыздануусу өлкө калкынын тез улгайып, жумушка жарамдуу курактагылардын азайып кеткенине байланыштуу. 2012-жылы 65 жаштан өйдө курактагылар калктын 24,1% түзгөн. 2050-жылга бул көрсөткүч 40% чыгат деп мерчемделүүдө. 2010-жылы өлкөдө 128 миллион эл болсо, былтыр 127 миллион экени анык болгон. Акыркы жылдары жаштар үй-бүлө курууга умтулбай, балдардын төрөлүшү да азайган.

Мындан улам, Синдзо Абэ парламентарийлерге өкмөт жана эл алдында улуттун санын туруктуу кармоо милдети турат деди.

- Биз 50 жыл ичинде элдин санын 100 миллиондон ылдый түшүрбөй кармайбыз жана улут катары өз эркибизди ушуга жумшайбыз.

Демографиялык өзгөрүү жумушка жарамдуу курактагыларды тартыш кылып, пенсия жашындагы адамдарды социалдык камсыздоого кеткен чыгымдардын өсүшүнө алып барган. Буга кошумча "ата-энемди карайм" деп, иштебей үйдө отурган 150 миң адам бар. Алардын 100 миңи, Japan Today гезитинин жазышынча, 40 менен 50 жаштын ортосундагылар. Антип кары ата-энесине “бала бакча” болуп отургандарды ишке такай чыгаруу үчүн премьер-министр Абэнин планы боюнча атайын карылар үйлөрү көп салынып, 2020-жылга бардык улгайган адамдар карылар үйүнө жайгашуусу абзел. Эки жыл мурда Жапонияда карылар үйүнө кезек күткөн 520 миң пенсионер болгон.

Жогоруда айтылган кыйынчылыктарга карабай, Жапония экономикалык жактан дүйнөдө кубатуу үчүнчү өлкө. Дүйнөлүк ички дүң жыйымдын 10% Жапонияда өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG