Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:41

Жапония: Фукусима "жаңы Чернобыл" болбойт


Жапониянын Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк кубат ишканасынын жалпы көрүнүшү. 2008-жылкы сүрөт. REUTERS/Kyodo/Files.

Жапониянын Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк кубат ишканасынын жалпы көрүнүшү. 2008-жылкы сүрөт. REUTERS/Kyodo/Files.

Дүйнө коомчулугунун көңүлү Жапониянын Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк ишканасына бурулду. 11-марттагы Тынч океандагы жер титирөөдөн кийин башталган топон суу бул ишканага да олуттуу зыян келтирди. Ишембиде Дайичи ишканасындагы биринчи реактордо жарылуу болду. Эми ишкананын үчүнчү реакторундагы абал өзгөчө кооптонууну пайда кылды. Бул ишканадагы кырдаал бүт дүйнө жүзүндөгү Чернобыл алааматына окшогон кырсыктардын алдын-алуу маселеси жаатында жаңы талкууларга шыкак болду. Ошол эле учурда жапон калкын бийликтер алааматтуу кырсык болбойт деп ишендиришүүдө.

Алааматтын кесепети оор болду

11-марттагы күчү 9 даражага жеткен жер титирөө жана андан кийинки цунами – топон суу – Жапониянын түндүк-чыгышындагы бир катар аймактарга алаамат алып келди.

Миңден ашуун киши набыт болуп, дагы бир нече миңдеген кишилердин дайыны табылбай жатат.

Жапониянын Фукусима жергесинде Йабуки шаарчасындагы бир унаалар паркынын топон суу каптаган маалдагы көрүнүшү. 2011-жылдын 11-марты. AFP.
Жапон бийлиги бир гана Мийаги префектурасында он миңдей киши дайынсыз кала берип жатканын билдирди.

Далай үйлөрү кыйраган Сендай шаарынын чет жакасындагы айрым кыштактар таптакыр бүлгүнгө учураган.

Киодо кабар агенттигинин маалыматына караганда, бери дегенде 5 жарым миллион киши электр жарыгысыз калды. 21 миңдей имарат бүлгүнгө учурады. Миллиондогон тургундар ар кыл тиричилик көйгөйүнө кириптер болуп жатат.

Өкмөт башчы Наото Кан мырза бул ири кырсык Жапония үчүн дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки алгачкы жолку өтө чөң өлчөмдөгү алаамат болгонун 13-мартта айтты.

Өзөктүк кубат ишканасы

Топон суу Фукусима шаарындагы мухит жээгине жакын курулган Дайичи өзөктүк ишканасына да олуттуу зыян келтирди.

Дайичи ишканасындагы алты өзөктүк реакторду муздатуу системасы топон суунун айынан керектен чыгып калганы маалым.

13-мартта Жапониянын өкмөтүнүн расмий өкүлү (өкмөттүн катчысы) Йукио Эдано (Yukio Edano) ишембидеги Фукусимо шаарындагы Дайичи өзөктүк кубат ишканасынын биринчи реакторундагы жарылуудан кийинки өзгөчө кырдаал тууралуу маалымат берип, эми үчүнчү реактордогу кырдаал олуттуу санааркоо туудуруп жатканын белгиледи.

- Мен Сиздерге үчүнчү реактор тууралуу айткым келет. Бул реактордо да (жарылуу) коркунучу бар деген жыйынтыкка келдик. Бул реактордогу суу жабдыгыч система токтоп калды. Эми биз аны бургулап, басым жаратуучу жабдуудагы абаны сыртка чыгарып, бул жабдууга сууну сордуруп киргизүү далаалатын жасап жатабыз.

Эдано мырзанын ырасташынча, тогуз киши радиациялык нурданууга кабылган. Бул сан 160ка жетиши ыктымалдыгын жоромол кылышууда.

Расмий Токионун маалымдашынча, 12-марттагы жарылуудан болоттон ширетилген кабырчыгы бар биринчи реактордун өзүнө зыян тийген жок.

Бирок тездетилген куткаруу иштерине карабастан, реактордун ичиндеги отун эрүүсүн уланта бериши мүмкүн.

Келтирилген зыянды так аныктоо үчүн бул реакторлорду ачуу керек, буга бир нече айлык убакыт талап кылынат.

Ушул тапта Дайичи ишканасынын тегерегиндеги калайык шашылыш башка жакка журт которууда. Радиусу 20 чакырымдай болгон аймактан 170 миңдей киши коопсуз жайга чукул убакытта көчүрүлдү.


Дүйнөнүн мамилеси жана жардамы

Фукусимадагы Дайичи ишканасынын айланасында эл аралык деңгээлде козголгон талкуу улантылууда.

Бул ишканадагы кырдаал бүт дүйнө жүзүндөгү Чернобыл алааматына окшогон кырсыктардын алдын-алуу маселеси жаатында жаңы талкууларга шыкак болду.

СССР доорунда курулуп, 1986-жылы техникалык кырсыкка кабылган Чернобыл өзөктүк кубат бекетинде муздатуу системасы эски технологияга негизделген, ал эми Дайичиде ал жабдуулар системасы сууну колдонууга негизделген.

Жапон бийлигинин ырастоосуна караганда, ушул тапта да анын өзгөчө алаамат пайда кыла тургандай коркунучу болбойт.

Алдыдагы күндөрдө күтүлгөн шамал багыты да чыгышка – Тынч океанга багытталаары маалым болду, ошондуктан шамал аркылуу таркалчу радиоактивдүү чаң да калк жашаган жайлардан обочо багытка кетмекчи.

Ушул сыяктуу жооткотууга карабастан, жалпы эле өзөктүк отунга негизделген ишканаларды куруу жана эл аралык көзөмөлгө алууну күчөтүү маселелери эл аралык маалымат каражаттарында, анын ичинде Си Эн Эн, Би-Би-Си, Раша Тудэй сыяктуу сыналгы каналдарында байма-бай талкууланып жатат.

Токиодогу докторант Сейтек-хан Качкынбаевдин түз ободогу маеги. 12.03.2011.

Үн тасма. Жапониянын Токио шаарында Васеда университетинде докторантурада окуган Сейтек-хан Качкынбаев "Азаттык" үналгысына жер титирөө менен топон суудан кийинки кырдаал тууралуу айтып берди. А.Жекше кызы. 2011-жылдын 12-марты, ишемби.

Эл аралык коомчулук Жапонияга шашылыш жардамын жөнөтө баштады.

Жапон өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн чукул жардам берүүдө тажрыйбасы бар топтору бул өлкөгө аттанышты.

Кыргызстандын Чукул кырдаал министрлиги да Күн чыгыштагы шерик өлкөгө куткаруучулар тобун жөнөтүүгө беленденип жатканын жума күнү (11-мартта) кечкурун Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова Фейсбук коомдук тармагы аркылуу калайыкка маалымдаган.

Жапониядагы магистрант Алмагүл Айсариеванын “Азаттыкка” маеги. 13.03.2011.

Үн тасма. Жапониянын Кюсю аралында Оита префектурасынын Беппу шаарында магистратурада таалим алып жаткан студент Алмагүл Айсариева "Азаттык" үналгысына бул өлкөдөгү мекендештерибиз жана жер титирөө менен топон суудан кийинки кырдаал тууралуу айтып берди. Т.Чоротегин. 2011-жылдын 13-марты, жекшемби.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG