Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

НАГАСАКИ ШААРЫ БОМБАЛАНГАНДА ЖАЗЫЛГАН МАКАЛАЛАР ЭМИ ЖАРЫЯЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарлары атомдук бомбалоого дуушар болгонуна быйыл августта 60 жыл болот. Нагасакиге бомба таштаган америкалык учкуч былтыр каза болду, жапониялык гезитте болсо жакында - 1945-жылы Жапонияда иштеген америкалык журналисттин макалалары алгачкы жолу жарыяланды, кезегинде болсо америкалык цензура аны жарыкка чагыртпай койгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында, 1945-жылдын 6-жана 9-августунда Америка Кошмо Штаттары Жапониянын Хиросима менен Нагасаки шаарларына өзүнүн алгачкы өндүрүлгөн эки атом бомбасын таштаган. Хиросимада 240 миң, ал эми Нагасаки шаарында дагы 80 миң адам курман болгон. Нагасакиге бомба таштаган эки америкалык учкуч - Фред Оливи менен Чарлз Суини 76 жана 84 жашта былтыр каза болушту.

Суини кийин интервью берип, ал алып бараткан бомба Нагасакиге эмес, эли алда канча көп Кокура деген шаарга ташталмак деп билдирген. Бирок Кокуранын үстүндө 9-август күнү калың туман жаткандыктан, алардын планы өзгөрүп, бомба алып бараткан учак Нагасакиге жөнөгөн.

Америкалык жетекчиликтин айтымында, ал бомбалар - согушту ылдам бүтүрүү үчүн пайдаланылган жана Жапония чындап эле 1945-жылдын 2-сентябрында багынган. Дал ошол мезгилде америкалык аскерлер арасында "Чикаго дейли ньюс" гезитинин кабарчысы Жорж Веллер иштеген. Ага чейин Веллер 1942-жылы америкалык журналисттер үчүн эң жогорку сыйлык - Пулицер сыйлыгын алган. Бирок Жапонияда ал бир топ кыйынчылыкка дуушар болгон, анткени америкалык аскерий жетекчилик журналисттерди Нагасаки менен Хиросимага өткөрчү эмес, Веллер болсо окуя болгон жерден маалымат табууга аракеттенген.

Америкалык аскерлер Окинава аралында жайгашкан жана Веллер Жапонияга жакын бир аралга барганда, 6-сентябрда жетекчиликти алдап, Нагасакиге өтүп кеткен. Ал жерде журналист дароо эле жапониялык аскерлердин жетекчилигине барып, аларды дагы алдап, аны америкалык генерал маалымат таап келүүгө жиберди деп билдирген жана беш күн бою кыйраган шаарда маалымат чогулткан.

Ошентип Веллер - атомдук бомбалоодон талкаланган Нагасаки шаарына келген биринчи чет өлкөлүк журналист болгон жана ал тапкан маалымат бир топ жогору мааниге ээ, анткени ага чейин окумуштуулар - атом бомбасы адамды негизинен күйгүзүп жиберип өлтүрөт деп ойлогон. Веллер болсо денеси күйгөн адамдардын баары өлбөстөн, сыртынан соо көрүнгөн адамдар көп курман болуп жатканын байкаган жана кийин андай көрүнүш - нейтрондордун таасиринен улам ак кандуулук пайда болгон оору экени аныкталган.

Кийин Веллер швециялык журналист Бертил Уединге интервью берип, радиациядан пайда болгон ак кандуулук ошол бомбалоодон кийин ачылганын айткан:

- Бомбанын негизги таасири от менен жалын эмес экени ачылганы - мен тапкан эң негизги маалымат болгон. Албетте, жарылуудан чыккан нурлар түз тийсе, адам чындап эле күйүп кеткен. Бирок көптөгөн адам кан оорусунан өлгөн. Ал абдан жай өлүм болгон, - деп айткан Веллер 1960-жылы.

Анткен менен Веллер жазган макалалар анын гезитине жеткен эмес, анткени америкалык аскерлердин башчысы генерал Дуглас Макартурдун буйругу менен аларды Токио шаарында цензорлор кармап калган. Веллер өзү дагы макалаларынын копияларын жоготуп жибердим деп ойлогон, бирок ал кайтыш болгондон кийин, анын уулу Энтони Веллер ал макалаларды тапкан жана үстүбүздөгү жылдын июнунда алардын төртөө - Токиодо чыгуучу "Майничи симбун" гезитинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG