Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Жапониядагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү кайтып келди


Жапониядан кайтып келген кыргызстандыктарды жакындарды тосуп алууда. Бишкек, "Манас" аба майданы, 18-март.

Жапониядан кайтып келген кыргызстандыктарды жакындарды тосуп алууда. Бишкек, "Манас" аба майданы, 18-март.

18-мартта түнкү саат 12ге чукул Кыргызстандын учагы зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Жапониядан 90 адамды алып келди.

Жапониядагы зилзаланын очогунда калган Сендай шаарынан кайткан Аян менен Гүлзар аттуу кыргызстандык жаш жубайларды жакындары сүйүнгөндөрүнөн көздөрүнө жаш алып, өтө толкунданып тосуп алышты:

Аян Осмонов Жапонияда жүргөн кезинде “Азаттыкка” маек куруп, талкаланган Сендай шаарында кантип күн кечиргендерин баштан-аяк айтып берген эле. Эми соңку жагдайларды сурадык:

“Азаттык”: Кандай келдиңер, келатканда радиация боюнча текшерүүдөн өттүңөрбү?

Аян Осмонов: Жакшы келдик. Текшерди, бирок билбейм эми, радиация деле жок болуш керек. Анткени биз күнүмдүк өзгөрүүлөрдү текшерип отурдук. Бардык шаарлардагы мүнөт, ал түгүл секунд сайын радиациялык өзгөрүүлөрүн карап турдук. Эч бир жеринде көтөрүлгөнү деле байкалган эмес. Эми албетте Фукушимадан башка жеринде.

“Азаттык”: Учурда абал кандай?

Аян Осмонов: Азыр толугу менен токтоп калды. Бүгүн эртең менен кабарларга да чыкты, кечээтен бери да айтып жатышкан ошол Фукушимада муздатуучу реакторлору штаттык режимде күчтүү кабелдер менен муздатылып баштады. Менимче азыр кооптонууга негиз жок. Азыр абал мындай болуп жатат: жапондордон башкасынын баары дүрбөлөнгө түшүп атат.

“Азаттык”: Жер силкинбей калдыбы?

Аян Осмонов: Кечээ Токиодо кичине силкинди. 4,3 балл болуптур. Эпицентр кайрадан эле биздин сүйүктүү шаарабыз Сендай экен. Бирок бул эми анчалык деле коркунучтуу эмес. Негизинен чоң шаарды цунами талкалап кетти. Жер титирөөгө жапондор көп деле алдырышпайт экен. Үйлөрү болсо аябай мыкты курулуптур. Көп үйлөру талкаланган жок.

“Азаттык”: Жапондордун турмушунда жер титирөөдөн кийин кандай өзгөрүүлөр болуш мүмкүн?

Аян Осмонов: Мына бүгүн дүйнөлүк биржада долларга каршы иенди сата башташты. Менимче, экономикалык жактан бир топ кыйынчылыктар болот. Анткени буга чейин бюджетинде тартыштыктар болуп жаткан. Ошондой эле экономикасы токтоп турган өлкөлөрдүн катарына кирип калган. Кредиттик баасы да түшүрүлгөн. Бирок балким бул динамикага жол ачышы мүмкүн. Анткени көп өлкөлөрдө кризистен кийин ыргуу, секирүү жандануу аракети болот. Экинчиден, Жапония буга чейин эки чоң трагедияны көтөргөн өлкө. Токтоп кайра өсүү болот деп ойлоп жатабыз. Жапондор өздөрү деле ушуга ишенип атышат.

Жапониядан 90 адам кайтып келди. Алардын арасында Өзбекстандын эки, Казакстан менен Тажикстандын бирден жарандары бар.

Гүлбара аттуу айым Жапонияда окуган кызын күтүп жаткан экен. Сөзгө тартканыбызда Жапониядагы алааматты укканда кызы үчүн катуу сарсанаа болгонун, эми кайра кетирер-кетирбесин ойлонуп жатканын кеп салып берди:

- Мен өзүм кызымды кайта жөнөткүм келбей жатат. Окуусуна эми дагы бир жыл калган. Токиого техникалык университетке үч жылга кеткен. Өзү келбейм деп айтты эле. Эми көрөбүз да. Бирок кызым ал жакта баары эле жакшы деп айтып жатат. Берип аткан көрсөтүүлөрдө кичине туура эмес кетип атат деп айтып жатат. Токионун өзүндө жакшы, тамактар бар дейт.


Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев “Азаттыкка” Жапонияга учакты даярдап жөнөтүү иштери өтө чукул бир күндө жасалганын маалымдады. Кыргыз өкмөтү учакты куру жөнөтпөй гуманитардык жардам катары суу, чатыр, жууркан жана 2 миллион сом акча берди:

- Гуманитардык жардамды эртең саат 9.30да элчилигибиз Мияга деген префектурага алып барат. Дипломатиялык миссиябыз ишти улантып жатат. Ал жакта дагы 50гө жакын биздин жарандарыбыз калды. Учуп келгендер өз ыктыяры менен учуп келишти. Калып калгандар да өз ыктыяры менен калып калышкан.

Буга чейин, 15-мартта да Казакстандын учагы аркылуу Жапониядан 21 кыргыз жараны кайтып келген. Жалпысынан Жапонияда 150 чакты кыргыз жараны бар экени айтылган.

Жапониядан кайткан кыргызстандыктардын көбү кайра кете турганын айтып жатышат. 11-мартта Жапонияда катуу жер титиреп, андан соң бир катар аймактары опон суу алдында калган. Натыйжада миңдеген адам өлүп, дагы бир канчасы дайынсыз болууда. Атомдук электр станцияларындагы жардыруулардан улам радиация коркунучу туулуп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG